Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Магнедин

Эл аралык патенттелбеген аталыш же жалпы (топтун) аталышы
Магний + Пиридоксин (Magnesium + Pyridoxine)

Дарынын түрү
Ичип кабыл алуу үчүн эритмени даярдоого арналган порошок.

Сүрөттөмөсү
Ак же дээрлик ак түстөгү, саргыч же боз өңү бар жытсыз порошок. Жумшак бүртүкчөлөрдүн болушуна жол берилет.

Курамы
Ар бир баштыкча төмөнкүлөрдү камтыйт:
таасир этүүчү заттар: магний – 100,0 мг (суусуз магний цитраты түрүндө – 618,4 мг); пиридоксин гидрохлориди - 10,0 мг;
көмөкчү заттар: суусуз лимон кислотасы, кант.

Фармадарылык тобу:
Витаминдер менен минералдардын айкалышы.

ATX коду: A11JB.
Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы
Физиологиялык аспектилери
Магний негизинен клетка ичиндеги катион болуп саналат. Ал нейрондордун дүүлүгүүсүн жана дүүлүктүрүүнүн нейробулчуңдук берүүсүн төмөндөтөт, көптөгөн ферменттик процесстерге катышат.
Магний органдардын жана ткандардын маанилүү элементи болуп саналат: сөөк тканында адамдын организиминдеги магнийдин жалпы көлөмүнүн жарымы бар.
Клиникалык аспектилери
Сары суудагы магнийдин деңгээли:
-12 жана 17 мг/л ортосунда (1-1,4 мЭк/л же 0,5-0,7 ммоль/л): магнийдин орточо жетишсиздигин көрсөтөт;
-12 мг/л төмөн (1 мЭк/л же 0,5 ммоль/л): магнийдин оор жетишсиздигин көрсөтөт.
Жетишсиздиги болушу мүмкүн:
- магнийдин зат алмашуусунун себеби баштапкы тубаса аномалиясына байланыштуу (өнөкөт тубаса гипомагниемия);
- экинчи даражадагы, себеби:
- адекватсыз тапшыруу (катуу тамактануунун жетишсиздиги, алкоголизм, өзгөчө парентералдык тамактануу);
- ашказан-ичеги сиңирүүсүнүн бузулушу (өнөкөт диарея, ашказан-ичеги тешиги, гипопаратиреоз);
- бөйрөк аркылуу магнийди ашыкча бөлүп чыгаруу (тубулопатия, оор полиурия, диуретиктерди кыянаттык менен пайдалануу, өнөкөт пиелонефрит, баштапкы гиперальдостеронизм, цисплатин менен дарылоо).
Пиридоксин (В6 витамини) көптөгөн метобалдык процесстерине жана нерв системасындагы зат алмашууну жөнгө салууга катышат.
Пиридоксиндин биологиялык касиеттерин организмде пиридоксалькиназа ферментинин катышуусу менен пайда болгон пиридоксаль-5-фосфаттын камсыз кылат.
Витамин B6 ашказан-ичеги жолундагы магний сиңирүүсүн жана анын клеткаларга киришин жакшыртат, бул заттардын айкалышынын натыйжалуулугун аныктайт.

Фармакокинетикасы
Магний туздарынын ашказан-ичеги аркылуу сиңүүсү көпчүлүк учурда пассивдүү механизм аркылуу ишке ашат, мында туздун эригичтиги аныктоочу ролду ойнойт. Бул сиңирүү деңгээли 50% ашпайт. Бөлүп чыгаруу негизинен заара менен бөлүнүп чыгарылат.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
Организмде тастыкталган магний жетишсиздигин дарылоо - изолдонгон катары, обочолонгон жана башка жетишсиздик шарттары менен байланышкан.
Төмөнкү белгилердин бир катар айкалышы магний жетишсиздигин көрсөтүп турат:
- толкундануу, кыжырдануу, жеңил тынчсыздануу, убактылуу чарчоо, уйкунун кичине бузулушу;
- ашказан-ичеги карышуу же жүрөктүн тез кагышы сыяктуу тынчсыздануу белгилери (эгерде жүрөгүңүз соо болсо);
- булчуңдардын тырышуусу, сайгылашууну сезүү.

Каршы көрсөтмөлөр
- таасир этүүчү заттарга же кандайдыр бир көмөкчү заттарга жогорку сезгичтүүлүк.
- креатинин клиренси 30 мл/мин кем болгон оор бөйрөк алсыздыгы.
- Леводоптор менен бир убакта кабыл алуу.

Колдонуу жолу жана дозалары
Дозалоо режими
Чоңдор
Чоңдор үчүн сунушталган дозасы суткасына 3-4 баштык, 2-3 дозага бөлүп кабыл алуу.
1 жаштан жогору балдар (дене салмагы 10 кг ашык)
Сунушталган доза 10-30 мг/кг/сут түзөт, башкача айтканда, суткасына1-4 баштык, 2-3 дозага бөлүп кабыл алуу.
Кандагы магний деңгээлин нормалдаштыргандан кийин дарылоону токтотуу керек.

Колдонууга көрсөтмөлөр
Ичип кабыл алуу үчүн.
Дары препараттын тамак менен чогу ичүү керек. Баштыктын мазмуну бөлмө аба табында бир стакан сууда толугу менен эрип, даярдалгандан кийин дароо ичүү керек.
Даярдалган эритме түссүздөн саргыч, жытсызга чейин тунук же опалесценттүү эритме болуп саналат. Бир аз чөктүрүүгө жол берилет.

Жагымсыз реакциялар
Жагымсыз реакциялар жөнүндө маалымат система-органдардын классификациясына жана пайда болуу жыштыгына ылайык төмөндө келтирилген.
Жыштык категориялары: абдан тез-тез (≥1/10), тез-тез (≥1/100, бирок <1/10), көп эмес (≥1/1000, бирок <1/100), сейрек (≥1/10000, бирок <1 /1000), абдан сейрек (<1/10000), жыштыгы белгисиз (колдо болгон маалыматтардын негизинде пайда болуу жыштыгын аныктоо мүмкүн эмес).
Иммундук системанын бузулушу тарабынан: жыштыгы белгисиз – жогорку сезгичтүүлүк реакциялары.
Ашказан-ичеги оорулары: жыштыгы белгисиз – диарея*, ичтин оорушу*.
Теринин жана тери астындагы ткандардын бузулушу тарабынан: жыштыгы белгисиз - тери реакциялары, анын ичинде бөрү жатыш, кычышуу, экзема, эритема.

* Магнийди колдонуудан келип чыккан жагымсыз реакциялар.

Жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлоо
Эгерде сиз кандайдыр бир жагымсыз реакцияларды байкасаңыз, дарыгериңизге же фармацевтке кайрылыңыз. Бул сунуш бардык мүмкүн болуучу жагымсыз реакцияларга, анын ичинде бул баракчада көрсөтүлбөгөндөргө тиешелүү.
Сиз ошондой эле жагымсыз реакциялар жөнүндө маалымат базасына, дары препаратына жагымсыз реакцияларды(таасирлер), анын ичинде дары препаратынын натыйжалуулугунун жетишсиздиги жөнүндө кабарлай аласыз. Жагымсыз реакцияларды билдирүү менен, сиз препараттын коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө жардам бере аласыз.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу дары каражаттары жана медициналык өндүрүү департаменти.
Дареги Кыргызстан Республикасы, 720044, Бишкек ш, 3-линия көч, 25
Телефон: +996 312 21 05 09, (996) 312 21 92 86
Факс: +996 312 21 05 08
Электрондук почта: dlomt@pharm.kg ; dd-me@elkat.kg
Интернет дареги: http://pharm.kg
Өзгөчө көрсөтмөлөр
Оор магний жетишсиздиги менен ооруган бейтаптарды дарылоо тиешелүү дарынын түрүндө магний кошулмаларын кан тамырга киргизүү менен башталышы керек. Бул мальабсорбция менен ооруган бейтаптарга да тиешелүү.
Кальций жетишсиздиги менен бирге организмдеги магний жетишсиздигин кальций жетишсиздиги жоюлганга чейин, башкача айтканда, кальций кошулмаларын кабыл алуудан мурун жоюу керек.
Препаратты орточо бөйрөк алсыздыгында этияттуулук менен колдонуу керек, анткени гипермагнеземия пайда болуу кооптуулугу бар.
Пиридоксиндин жогорку дозаларын узак мөөнөттүү жана/же өнөкөт колдонуу (айлар же жылдар бою) сенсордук нейропатияга алып келиши мүмкүн. Бул натыйжа кайра кайтарылат жана бара-бара препаратты колдонууну токтоткондон кийин жок болот («Ашыкча дозалануу» бөлүмүн караңыз).
Балдар
Препарат 1 жашка чейинки жана салмагы 10 кг кем балдарга колдонуу үчүн арналган эмес.
Көмөкчү заттар
Дары препараттын курамында кант бар. Сейрек тукум куума фруктозаны көтөрө албастыгы, глюкоза-галактоза мальабсорбциясы же сахараза-изомальтаза жетишсиздиги бар бейтаптар бул препаратты колдонбошу керек. Узак мөөнөттүү колдонууда (2 жума же андан көп) кант тишке зыян келтирет.
Фертилдүүлүк, кош бойлуулук жана эмчек эмизүү
Кош бойлуулук учурунда магний кошумчалары, зарыл болсо, кош бойлуулуктун ар кандай этабында каралышы мүмкүн.
Эксперименталдык жаныбарларды изилдөөнүн маалыматтары чектелүү болсо да, чектелген клиникалык маалыматтар кубаттайт.
Препарат камтылган магний жана витамин B6 колдонуу эмчек эмизүү менен шайкеш деп эсептелет.
В6 витамининин сунушталган максималдуу кунумдүк керектөөсү боюнча маалыматтар чектелген.
Эмчек эмизүү учурунда В6 витамининин сунушталган дозасы суткасына 20 мг дан ашпайт.
Транспорт каражаттарын айдоо жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Препарат транспорт каражаттарын айдоо жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт же анча деле таасир этпейт.

Ашыкча доза
Магнийдин ашыкча дозасы
Симптомдору
Эгерде бөйрөктөр нормалдуу иштесе, магнийдин пероралдык ашыкча дозасы, адатта, токсикалык реакцияларды жаратпайт. Бирок, бөйрөк алсыздыгынан магний менен уулануу пайда болушу мүмкүн.
Токсикалык таасирлери кандагы магнийдин деңгээлине жараша болот жана төмөнкү белгилер менен көрүнөт:
- кан басымынын төмөндөшү;
- жүрөк айлануу, кусуу;
- борбордук нерв системасынын депрессиясы, рефлекстердин төмөндөшү;
- ЭКГ нормадан четтөө;
- дем алуунун алсыздыгы, кома, жүрөктүн токтоп калышы жана дем алуу шал оорусу;
- анурикалык синдром.
Дарылоо: регидратация, мажбурлап диурез. Бөйрөк алсыздыгында гемодиализ же перитонеалдык диализ керек.

Пиридоксиндин ашыкча дозасы
Симптомдору
Сенсордук аксоналдык нейропатия пиридоксиндин жогорку дозаларын узак мөөнөттүү жана/же өнөкөт колдонуу менен пайда болуучу негизги натыйжа болуп саналат (айлар же жылдар бою).
Көбүнчө, төмөнкү белгилер билдирилген: парестезия, дизестезия, гипестезия, сезүү жетишсиздиги, буту-колдун оорушу, булчуңдардын эрксиз жыйрылуусу, күйүү сезүү, тең салмактуулуктун бузулушу, басуунун туруксуздугу, кол жана буттардын титирөөлөрү, прогрессивдүү сезүү атаксиясы (кыймылдар координациясынын кыйынчылыгы).
Дарылоо
Нейрологиялык симптомдор кайра калыбына келет жана препарат менен дарылоо токтотулгандан кийин акырындык менен жок болот.

Башка дары препараттар менен өз ара аракеттенүүсү жана өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрү
Леводопа
Магнедин перифериялык допа-декарбоксилаза бөгөтөөчүлөрү жок леводопа кабыл алган бейтаптарга каршы көрсөтүлөт, анткени пиридоксин леводопанын активдүүлүгүн төмөндөтөт же бөгөттөйт («Каршы көрсөтмөлөр» бөлүмүн караңыз). Ошондуктан, Магнедин леводопаны кабыл алган бейтаптарга перифериялык допа-декарбоксилаза богөтөөчүлөрү менен бирге колдонулушу керек.
Фосфор жана кальций туздары
Фосфор же кальций туздарын камтыган препараттар менен айкалыштырып колдонуу ичегидеги магнийдин сиңүүсүн азайткандыктан, сунушталбайт.
Тетрациклиндер
Магнединди ичүү тетрациклиндерди кабыл алгандан кийин, жок эле дегенде, 3 саатка кечиктирилиши керек.
Хинолондор
Хинолондор магний камтыган препараттарды кабыл алуудан 2 саат мурун же 6 сааттан кийин сиңирүүгө өз ара кийлигишүүнү болтурбоо үчүн кабыл алынышы керек.
Шарттары
Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл.
Баштыкта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонбоңуз.

Сактоо шарттары
Нымдан жана жарыктан корголгон жерде, 25°С ден ашпаган аба табында сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Чыгаруу формасы
Айкалыштырылган материалдын баштыгына 3,0 г порошок.
Он, он беш же отуз таңгак картон таңгакта колдонуу медицинада колдонуу боюнча нускама менен бирге.

Берүү шарттары
Дарыгердин рецепти жок.

Өндүрүүчү маалымат
ЖЧК "Лекфарм", Беларусь Республикасы, 223141, Логоиск, ул. Минская, 2А, 301-кабинет.
Тел/факс: (01774)-53801.
Электрондук почта: office@lekpharm.by.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси
ЖЧК "Лекфарм", Беларусь Республикасы, 223141, Логоиск, ул. Минская, 2А, 301-кабинет.
Тел/факс: (01774)-53801.
Электрондук почта: office@lekpharm.by.

Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөрдүн арыз доолорун кабыл алуучу уюмдундун дареги:
"ДасМед" жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК "ДасМед")
Дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Токтогула көч 108,
Телефон: +996 312 97 55 36.
Электрондук почта: pv@dasmed.kg .
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda