Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Септефрил-Дарница

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Декаметоксин

Дарынын түрү
Таблеткалар

Курамы
1 таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:
Таасир берүүчү зат: декаметоксин 0,2 мг;
Көмөкчү заттар: кристаллдык кант, кальций стеараты.

Сүрөттөмөсү
Ак же дээрлик агыш түстөгү, жалпак цилиндр түзүлүшүндөгү, сызыгы жана жылмалоосу бар таблеткалар.

Фармадарылык тобу
Антисептиктер жана дезинфекциялоочу препараттар. Аммонийдин төрттүк байланыштары. Декаметоксин.
АТХ коду D08AJ10.
Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы
Дары каражаттын таасир берүүчү заты — декаметоксин — аммонийдин төрттүк байланышы болуп саналат жана катиондук үстүртөн-активдүү заттардын тобуна кирет. Декаметоксин микробдук клетканын цитоплазмалык мембранасынын липиддеринин фосфаттык топтору менен байланышат, бул болсо анын өткөрүмдүүлүгүнүн бузулуусуна жана бүлүнүүсүнө алып келет.
Дары каражаты антимикробдук таасирдин кеңири спектрине ээ. Staphylococcus spp. (ошондой эле пенициллинге туруктуу S. aureus штаммдары), Streptococcus spp., Stomatococcus spp., Corynebacterium spp. (ошондой эле C. diphtheriae), энтеробактерияларга, псевдомонаддарга, споралык микроорганизмдерге, жөнөкөй, ачыткы сымал мите козу карындарга, өзгөчө Candida albicans, дерматомицеттерге, вирустарга карата активдүү.
Бактерициддик, фунгициддик жана спороциддик таасир берет, ошондой эле дифтериялык экзотоксинди инактивдештирет.
Дары каражаты бактериялардын антибиотиктерге сезгичтигин жогорулатат.
Дары каражаты адамдын организминин спецификалык жана спецификалык эмес иммунологиялык реактивдүүлүгүн басаңдатпайт.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
Комплекстүү дарылоонун курамында коко, кулкун, ооз көңдөйүнүн ооруларын жергиликтүү дарылоо (кулкун сезгенүүсү, тамактын сезгенүүсү, алкым бездин сезгенүүсү, бүйлөнүн сезгенүүсү, пародонтит, оозул, ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгынын кандидозу, ангинанын баштапкы баскычы).
Патогендик стафилококкту, дифтерия таякчасын, кандиданы ташыгычтарда ооз, кулкун, мурун-кулкун көңдөйүн тазалоо.
Ооз, кулкун, коко көңдөйүнө хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин инфекциялык оорлошууларга алдын ала чара көрүү.

Каршы көрсөтмөлөр
Декаметоксинге же дары каражаттын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик.

Колдонуу жолу жана дозасы
Оозду алдын ала чайкагандан кийин таблетканы жаактын арт жагына алып, толук эригенге чейин ооз көңдөйүндө кармоо керек.
Чоңдорго дары каражаты суткасына 4–6 жолу 1 таблеткадан дайындалат.
Дарылоонун созулуу убактысы 7 күндөн ашпашы керек.
Дары каражатын тамактануудан кийин кабыл алуу керек, андан кийин 1 сааттын ичинде тамак-ашты жана ичимдиктерди кабыл алуудан кармануу керек.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана өз ара таасирлердин башка түрлөрү
Дары каражатты антибиотиктер жана микробго каршы каражаттар менен коштоп колдонууда дары препаратынын антибактериялык натыйжалуу таасири күчөйт.

Колдонуунун өзгөчөлүктөрү
Препараттын шилекейдеги концентрациясын жогорулатуу үчүн дары каражат ооздо эрип жатканда шилекейди улам-улам жутуудан кармануу керек.
Дары каражатты ооз көңдөйүн жана көмөкөй тешигин ар кандай түрдөгү чайкоо менен кошо колдонууга болбойт.
Дары каражатты 7 күндөн ашык колдонууда кулкундун микро чөйрөсүнүн тең салмактуулугунун бузулуусу пайда болушу мүмкүн.
Дары каражаттын курамында кристаллдык кант камтылган, ошондуктан кант диабети бар бейтаптарга дарыны этияттык менен колдонуу керек.
Кош бойлуулук же бала эмизүү мезгилинде колдонуу
Дары каражатты кош бойлуулук же бала эмизүү мезгилинде колдонуунун коопсуздугу боюнча клиникалык маалыматтар жок.
Дары каражатты кош бойлуулук мезгилинде колдонууга болбойт.
Дарыны колдонуу зарыл болгон учурда эмизүүнү токтотуу керек.
Авто унааны же башка механизмдерди башкарууда реакциялардын ылдамдыгына таасир берүү жөндөмдүүлүгү
Таасир бербейт.
Балдар
Дарыны балдарга колдонуунун коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча клиникалык тажрыйба жок.
Ашыкча доза
Дары каражаты менен ашыкча дозаланган учурлар тууралуу маалыматтар келип түшкөн эмес.
Жагымсыз реакциялар
Иммундук система тарабынан: аллергиялык реакциялар, ошондой эле теринин чыбырчыктоолору, теринин кычышуусу.
Гиперсаливация пайда болушу мүмкүн, таблетка эригенден кийин өтүп кетет.
Таңгагы
10 таблеткадан контурлуу уячалуу таңгакта; 1 же 2 контурлуу уячалуу таңгак кутучада; 10 таблеткадан контурлуу уячалуу таңгактарда.
Шарттары
Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл.
Дары каражатты таңгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарты
Өзүнүн таңгагында 25°Сдан жогору эмес аба табында сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Берүү шарты
Рецепти жок.

Өндүрүүчү
«Дарница» Фармацевттик фирма» жеке акционердик коому.
Өндүрүүчүнүн жайгашкан жери жана иш жүргүзгөн жеринин дареги
Украина, 02093, Киев ш., Бориспольская көч., 13.
Текст PDFдин 3 бетинен көчүрүлүп, таануудагы техникалык каталар оңдолду. Расмий сайтка жарыялоодон мурун түп нуска менен акыркы текшерүү сунушталат.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda