Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Арпефлю.

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Умифеновир (Umifenovir).

Дарынын түрү
Жука чел кабык капталган таблеткалар

Курамы
Ар бир таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт: умифеновир гидрохлориди – 100 мг;
көмөкчү заттар: повидон (К 17), микрокристаллдуу целлюлоза, модифицирленген жүгөрү крахмалы (Starch 1500), магний стеараты, коллоиддүү суусуз кремний диоксиди, лактоза моногидраты, опадрай II ак (поливинил спирти, титан диоксиди, полиэтиленгликоль, тальк).

Сүрөттөмөсү
Жука чел кабык капталган, ак түстөгү, эки жагынын үстү томпок таблеткалар.

Фармадарылык тобу
Башка вируска каршы каражаттар.

ATX коду
J05AX13.

Фармакологиялык касиети
Фармакодинамикасы
Вируска каршы каражат, иммунитетти жөнгө салуучу жана сасык тумоого каршы таасир берет, А жана В тибиндеги вирустарды, оор курч респиратордук синдромго (ОКРС) ассоциацияланган коронавирусту мүнөздүү басат. Вирустун липиддик чел кабыгынын клеткалык мембраналар менен биригишин басып, клеткаларга вирустардын киришине жана контакт болушуна тоскоолдук кылат. Интерферонду индуцирлөөчү таасирге ээ, иммунитеттин гуморалдык жана клеткалык реакцияларына, макрофагдардын фагоцитардык функциясына түрткү берет, организмдин вирустук инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат. Вирустук инфекциялар, ошондой эле өнөкөт бактериялык оорулардын күчөшү менен байланышкан оорлошуулардын өрчүү жыштыгын төмөндөтөт.
Вирустук инфекцияларга дарылык таасирдүүлүгү жалпы интоксикация жана клиникалык көрүнүштөрдүн айкындыгынын төмөндөшүндө, оорунун узактыгы кыскарышында көрүнөт.

Аз токсиндүү каражаттарга кирет. Сунушталган дозаларда пероралдуу колдонууда адамдын организмине кандайдыр-бир терс таасир бербейт.
Фармакокинетикасы
Тез сиңет жана органдарга жана ткандарга тарайт. 50 мг дозада ичүүдө кан плазмасында эң жогорку концентрацияга 1,2 сааттан кийин, 100 мг дозада - 1,5 сааттан кийин жетет. Боордо зат алмашат. Жарым жартылай бөлүп чыгаруу мезгили 17-21 саатка барабар. 40 %дын тегерегинде өзгөрүлбөгөн түрдө, негизинен өт аркылуу (38,9 %) жана бир аз өлчөмдө бөйрөк аркылуу (0,12 %) бөлүнүп чыгат. Биринчи сутка ичинде кабыл алынган дозанын 90 % бөлүнүп чыгат.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмө
Чоң адамдардагы жана балдардагы: А жана В сасык тумоону, башка КРВИ алдын алуу жана дарылоо;
3 жаштан жогору балдардагы ротавирустук этиологиядагы курч ичеги инфекцияларын комплекстүү дарылоо.
Өнөкөт бронхит, пневмония жана кайталанма учук инфекцияларын комплекстүү дарылоо.
Операциядан кийинки инфекциялык оорлошуулардын алдын алуу.

Каршы көрсөтмө
Дарынын курамындагыларга жогорку сезгичтик, 3 жашка чейинки курак.

Колдонуу жолу жана дозасы
Дары каражатын колдонордун алдында өзүңүздүн дарылаган дарыгериңиз менен кеңешиңиз.
Тамактанууга чейин ичип кабыл алынат. Бир жолку доза: 3 төн 6 жашка чейинки балдарга - 50 мг, 6 дан 12 жашка чейинкилерге - 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга - 200 мг (100 мг 2 таблеткадан же 50 мг 4 таблеткадан).

Мүнөздүү эмес алдын алуу үчүн
· Сасык тумоо жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандар менен түзмө-түз контакт болсо:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейинкилерге – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга – 200 мг күнүгө бир жолу 10-14 күн ичинде.
· Өнөкөт бронхит, сасык тумоо жана башка курч респиратордук вирустук инфекциялардын эпидемиясы мезгилинде кайталанма учук инфекцияларын алдын алуу үчүн:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейинкилерге – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга – жумасына эки жолу 200 мг 3 жума бою.
Оор курч респиратордук синдромдун алдын алуу үчүн (оорулуулар менен контакт болсо):
- 6 дан 12 жашка чейинки балдарга 100 мг, чоң адамдарга жана 12 жаштан жогору балдарга 200 мг суткасына бир жолу (тамакка чейин), 12-14 күн ичинде.
Операциядан кийинки оорлошууларды алдын алуу:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейин – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга – операцияга чейин 2 күн мурда 200 мг, андан кийин операциядан кийин 2- жана 5-күндөрү.

Дарылоо үчүн
Сасык тумоо, оорлошуулары жок башка курч респиратордук вирустук инфекциялар:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейин – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга – 200 мг суткасына 4 жолу (ар бир 6 саатта) 5 сутка бою.
· Сасык тумоо, оорлошуулар өрчүшү менен башка курч респиратордук вирустук инфекциялар (бронхит, пневмония ж.б.):
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейин – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдар – 200 мг суткасына 4 жолу (ар бир 6 саатта) 5 сутка бою, андан кийин бир жолку дозасы жумасына 1 жолу 4 жума бою.
Оор курч респиратордук синдром:
- 12 жаштан жогору балдарга жана чоң адамдарга – 200 мг күнүгө 2 жолу 8-10 сутка ичинде.
· Өнөкөт бронхит, учук инфекцияларын комплекстүү дарылоодо:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга - 50 мг, 6 дан 12 жашка чейин – 100 мг, 12 жаштан жогору жана чоң адамдарга – суткасына 4 жолу 200 мг (ар бир 6 саатта) 5-7 сутка ичинде, андан кийин бир жолку дозасы жумасына 2 жолу 4 жума бою.
· 3 жаштан жогору балдарга ротавирустук этиологиядагы курч ичеги инфекцияларын комплекстүү дарылоо:
- 3 төн 6 жашка чейинки балдарга – 50 мг, 6 дан 12 жашка чейин – 100 мг, 12 жаштан жогору – суткасына 4 жолу 200 мг (ар бир 6 саатта) 5 сутка бою.
Эгерде Сизде күмөн саноо же суроолор болсо, өзүңүздүн дарылаган дарыгериңизге кайрылыңыз.

Кыйыр таасири
Аллергиялык реакциялар: сейрек – бөртмө, кычышуу; абдан сейрек – ангионевротикалык шишимик.
Ашказан-ичеги жолу тарабынан: абдан сейрек – зарна, окшуу, кусуу, ич өтүү.
Кыйыр реакциялары пайда болгон учурларда, анын ичинде бул нускамада көрсөтүлбөгөн, дары каражатын ичүүнү токтотуу жана дарыгерге кайрылуу зарыл.

Ашыкча доза
Белгиленген эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири
Башка дары каражаттары менен дайындоодо терс таасирлери белгиленген эмес.

Кош бойлуу мезгилде жана бала эмизүүдө колдонуу
Жаныбарларга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө кош бойлуулуктун өтүшүнө, эмбрион же түйүлдүктүн өрчүшүнө, төрөт ишмердүүлүгүнө жана төрөттөн кийинки өрчүшүнө түз же шартталган терс таасирлери аныкталган эмес.
Арпефлю дары каражатынын кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу тууралуу маалыматтар жоктугуна байланыштуу дары каражатын кош бойлуу жана бала эмизүү мезгилинде ичүү сунушталбайт.

Этияттык чаралары
Балдарга колдонуу
Арпефлю дарысын 6 жаштан төмөн балдарга бул куракта таблеткаларды жутуу көндүмү жок болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу колдонуу чектелүү болушу мүмкүн. Эгерде балада таблеткаларды жутуу көндүмү жок болсо, Арпефлю дарысын таблеткаларга какап калуу коркунучу болгондугуна байланыштуу дарыгердин көзөмөлү алдында колдонуу сунушталат. Көрсөтүлгөн коркунучу 6 жаштан төмөн балдарда белгилениши мүмкүн болгон жутуу рефлекси жетилбегендиги менен байланышкан.
Улгайган бейтаптарга колдонуу өзгөчөлүктөрү
Улгайган бейтаптарга дарыны колдонууда дозасын түзөтүү талап кылынбайт.
Боор жана бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга колдонуу өзгөчөлүктөрү
Боор жана бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга Арпефлю дарысынын фармакокинетикасы жана коопсуздугу изилденген эмес.
Дары лактозаны камтыйт, ошондуктан аны сейрек тукум куучулук галактозага көтөрүмсүздүк формалары, Лаппа лактоза жетишсиздиги же глюкоза-галактозалык мальабсорбция синдрому бар бейтаптар кабыл албашы керек.

Унаа каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасири
Борбордук нейротроптук активдүүлүк көрсөтпөйт жана түрдүү кесиптеги, анын ичинде жогорку көңүл буруу жана кыймыл координациясын талап кылган адамдарга (унаа айдоочулары, операторлор ж.б.) медициналык практикада колдонулушу мүмкүн.
Шарттары
Таӊгакча
Контурлуу уячалуу таӊгакча 10 таблеткадан.
10 таблеткадан бир, эки, үч контурлуу уячалуу таӊгакча медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган.

Сактоо шарты
25 °С дан жогору эмес аба табында сакталат.
Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл. Таӊгакчасында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга болбойт.
Берүү шарты Рецепти жок

Өндүрүүчү тууралуу маалымат
"Лекфарм" БЖЧК, Беларусь Республикасы, 223141, Логойск ш., Минск көч., үй № 2а
Тел./факс: (01774)-53801 e-mail: office@lekpharm.by

Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюмдун дареги:
Казахстан Республикасындагы "Лекфарм" БЖЧК өкүлчүлүгү,
050000, Алматы ш., Бостандык району, Аль-Фараби проспектиси 7,
"Нұрлы Тау" ББ, 4а корпусу,55-офис, тел. 8(727)-3110454,
факс 8(727)-3110455,
электрондук дарек: amangul-62@mail.ru
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda