Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
ДЖОЙКЛАВ-625

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Амоксициллин+клавулан кислотасы

Дарынын түрү
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар.

Курамы
ДЖОЙКЛАВ-625
Ар бир жука чел кабык менен капталган таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:
Активдүү заттар:
Амоксициллин трихидрат, 500 мг - амоксициллинге туура келет.
Суюлтулган калий клавуланаты, 125 мг - клавулан кислотасына туура келет
Кѳмѳкчү заттар
Микрокристаллдык целлюлоза, коллоиддик суусуз кремний, кросповидон, тазаланган тальк, магний стеараты.
Чел кабыкчасынын курамы:
Гипромеллоза, полиэтиленгликоль, титандын диоксиди, изопропил спирти, дихлорметан.

Сүрѳттѳмѳсү
Актан дээрлик ак түскө чейин, узунунан келген, эки бети томпок, жука чел кабык менен капталган, эки тарабы тегиз жылмакай таблеткалар.

Фармадарылык тобу
Системалык колдонуу үчүн бактерияга каршы каражаттар; бета-лактамдык бактерияга каршы каражаттар; пенициллиндер. Пенициллиндердин айкалышы, анын ичинде бета-лактамаза ингибиторлору.
ATX коду J01CR02

Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы
Джойклав – 625/1000 – жарым синтетикалык кенен чѳйрѳдѳ таасир берүүчү антибиотик, корголгон пенициллиндердин тобундагы ингибиторлор, көптөгөн патогендик микроорганизмдер тарабынан β-лактамдык антибиотиктер (пенициллиндер, цефалоспориндер, карбапенемдер) таасиринен коргоо (туруктуулукка) үчүн өндүрүлгөн β -лактамаза ферменттеринин таасирине туруктуу. Бактериялык β-лактамазалар антибиотикти активдүү эмес фрагменттерге (заттарга) жок кылат (гидролиздейт). β-лактамазаларды пайда кылуучу бактериялар пенициллиндерге жана цефалоспориндерге туруктуу (резистенттүү). Амоксициллин - жарым синтетикалык кенен чөйрөдө таасир берүүчү антибиотик, көптөгөн грамм-оң жана грамм-терс микроорганизмдерге карата активдүү. Амоксициллин β-лактамазалар тарабынан жок кылынат, ошондуктан анын бактерияга каршы активдүүлүгүнүн спектрине β-лактамазаларды өндүрүүчү микроорганизмдер кирбейт.
Клавулан кислотасы β-лактамдык кошулма болуп саналат, ал амоксициллиндин ферментативдик бузулушуна жол бербөөчү β-лактамазалардын кеңири спектрин активдештирүү жөндөмүнө ээ, алар менен туруктуу инактивдештирилген комплексти түзөт.
Клавулан кислотасы түзүлүшү боюнча β-лактамдык антибиотиктерге окшош, бирок өзүнүн бактерияга каршы активдүүлүгү дээрлик жок. Клавулан кислотасы β-лактамазалардын II, III, IV жана V типтерин (Ричмонд-Сайкс классификациясы боюнча) ингибирлейт, бирок Enterobacter spp., Pseudomonas spp., Serratia spp., Acinetobacter spp. тарабынан өндүрүлгөн I типтеги β-лактамазаларга каршы активдүү эмес. Препараттын курамында клавулан кислотасынын болушу амоксициллинди β-лактамазалардын бузулушунан коргойт жана анын бактерияга каршы активдүүлүгүнүн спектрин ага, адатта, ага жана башка пенициллиндерге жана цефалоспориндерге туруктуу (резистенттүү) микроорганизмдерди кошуу менен кеңейтет. Препарат бактерициддик бактерияга каршы таасир берүүнүн кеңири спектрине ээ.
Төмөнкү микроорганизмдерге карата активдүү:
- грам-оңаэробдор: Streptococcus pneumoniae, Streptococcus pyogenes, Streptococcus viridans, Streptococcus agalactiae, Streptococcus bovis; Staphylococcus spp. (метициллинорезистенттүү штаммдардар тышкары), Staphylococcus epidermidis (кроме метициллинорезистенттик штаммдардан тышкары), Staphylococcus saprophyticus жана башка коагулазо-негативдүү стафилококтор, Enterococcus spp. (ошондой эле Enterococcus faecalis), Bacillis anthracis, Corynobacterium spp., Listeria monocytogenes, Nocardia asteroides;
- грам-терсаэробдор: Escherichia coli, Haemophilus influenzae, Klebsiella spp., Moraxella catarrhalis, Bordetella pertussis, Brucella spp., Campilobacter jejuni, Eikenella corrodens, Enterobacter spp., Gardnerella vaginalis, Haemophilus ducreyi, Neisseria gonorrhoeae, Neisseria meningitidis, Pasterulla multodica, Proteus spp., Salmonella spp., Shigella spp., Vibrio cholerae, Yersinia enterocolitica;
- грам-оңжана грам – терс анаэробдор: Actinomyces israelii, Bacteroides spp. (ошондой эле Bacteroides fragilis), Clostridium spp. (кроме Clostridium difficile), Fusobacterium spp., Peptococcus spp., Peptostreptococcus spp., Prevotella spp.;
- башка микроорганизмдер: Borrelia burgdgoferi, Chlamydia spp., Helicobacter pylori, Leptospira icetrogeamorragiae, Treponema pallidum.

Фармакокинетикасы
Сиңирүү
Амоксициллин мененклавулан кислотасынын негизги фармакокинетикалык параметрлери окшош. Айкалышканда амоксициллин менен клавулан кислотасы бири-биринин фармакокинетикасына таасир этпейт. Эки курамдык бѳлүк тең ичип кабыл алынгандан кийин тез жана толугу менен сиңирилет, тамак-ашты кабыл алуу сиңирүү даражасына дээрлик эч кандай таасир этпейт, бирок тамактануунун башында таблетканы кабыл алууда клавулан кислотасы жакшы сиңет. Кан плазмасындагы максималдуу концентрацияга кабыл алынгандан кийин болжол менен 1 сааттан кийин жетет. Амоксициллиндин максималдуу концентрациясынын мааниси (дозасына жараша) 3-12 мкг/мл, клавулан кислотасы үчүн - болжол менен 2 мкг/мл.
Бөлүштүрүү
Эки курамдык бѳлүк тең бөлүштүрүүнүн чоң көлөмү менен мүнөздөлөт. Жалпы плазмадагы клавулан кислотасынын болжол менен 25% жана плазмадагы амоксициллиндин 18% протеиндер менен байланышат. Эки активдүү заттын тең дарылык концентрациясы организмдин ар кандай органдарында, ткандарында жана суюктуктарында аныкталат: өпкөдө, какырыкта, ичтин органдарында, жамбаш органдарында (жатын, энелик бездер, простата), ортоңку кулакта, териде, боордо, алкым бездеринде, мурундун кошумча кобуулдарында, өт баштыкчасында; майлуу, сөөк жана булчуң ткандарында; плевралык, синовиалдык жана перитонеалдык суюктуктарда; өттө, заарада, шилекейде, бронхиалдык секрецияда, ириңдүү агыштарда, интерстициалдык суюктукта.
Амоксициллин жана клавулан кислотасы мээнин кабыгы сезгенбеген учурда кан-мээ тосмосуна өтө албайт. Амоксициллин жана клавулан кислотасы бала тон тосмосу аркылуу өтөт (түйүлдүккө эч кандай терс таасири аныкталган эмес) жана эмчек сүтүнө ийиздүү концентрацияларда бөлүнүп чыгат.
Зат алмашуу жана бөлүп чыгаруу
Амоксициллин боордо активдүү эмес метаболиттерге чейин жарым-жартылай метаболизмге учурайт (берилген дозанын 10%), клавулан кислотасы боордо интенсивдүү метаболизмге дуушар болот (берилген дозанын 50-70%).
Амоксициллин организмден биринчи кезекте бөйрөк аркылуу каналчалуу секреция жана түйдѳкчѳлүү чыпкалоо аркылуу (7 сааттын ичинде өзгөрүлбөгөн дозанын 52±15%) жана азыраак бөлүгү өт менен бѳлүнүп чыгарылат. Амоксициллиндин баштапкы дозасынын болжол менен 10-25% бөйрөктөр аркылуу активдүү эмес пенициллин кислотасы түрүндө чыгарылат.
Клавулан кислотасы бөйрөк аркылуу түйдѳкчѳлүү чыпкалоо аркылуу (40-65%), жарым-жартылай метаболиттер түрүндө, ошондой эле ичеги аркылуу бѳлүнүп чыгарылат.
Амоксициллин менен клавулан кислотасынын жарым жартылай бѳлүнүп чыгуу мезгили (Т1/2) 1-1,5 саатты түзөт. Бөйрөк функциясынын оор бузулушу бар бейтаптарда (креатинин клиренси 10-30 мл/мин) жарым жартылай бѳлүнүп чыгуу мезгили амоксициллин үчүн 7,5 саатка, клавулан кислотасы үчүн 4,5 саатка чейин көбөйөт. Анурияда, эки активдүү заттардын тең T1/2 10 жана 15 саатка чейин өзгөрөт.
Эки курамдык бѳлүк тең гемодиализ аркылуу, ал эми аз өлчөмү перитонеалдык диализ менен бѳлүнүп чыгарылат.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
Джойклав, ошондой эле чоңдордо жана балдарда төмөнкү инфекцияларды дарылоо үчүн көрсөтүлгөн:
• Курч бактериялык синусит (талаптагыдай түрдѳ диагноз коюлган)
• Курч ортоңку отит
• Өнөкөт бронхиттин күчөшү (талаптагыдай түрдѳ диагноз коюлган)
• Ооруканадан сырткары пневмония
• Цистит
• Пиелонефрит
• Теринин жана жумшак ткандардын инфекциялары, тактап айтканда тери астындагы ткандардын сезгениши (флегмона), жаныбарлардын чагуусунан пайда болгон жарааттар, жайылган флегмона менен тиштин оор абсцесси.
• Сөөк жана муун инфекциялары, тактап айтканда остеомиелит

Каршы көрсөтмөлөр
- активдүү ингредиенттерге, пенициллиндердин бирине жогорку сезгичтик;
- башка бета-лактамдык препараттарга (мисалы, цефалоспоринге, карбапенемге же монобактамга) дароо жогорку сезгичтиктин олуттуу реакцияларынын мурунку учурлары (мисалы, анафилаксия);
- амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуудан улам сарык/боордун функциясынын бузулушу.

Колдонуу жолу жана дозалары
Дозалар амоксициллин жана клавулан кислотасынын камтылуусун чагылдырат. Конкреттүү инфекцияларды дарылоо үчүн дозаны тандоодо төмөнкү факторлор эске алынат:
• Божомолдонгон козгогучтар жана алардын антибактериалдык препараттарга мүмкүн болуучу сезгичтиги
• Инфекциянын оордугу жана жайгашкан жери
• Бейтаптын жашы, дене салмагы жана бөйрөк функциясы төмөндө кѳрсѳтүлгѳн.
Бул препаратты кабыл алганда төмөндө сунушталган дозаларда, салмагы 40 кг же андан көп болгон чоңдор жана балдар 1500 мг амоксициллин жана 375 мг клавулан кислотасынын жалпы суткалык дозасын, ал эми салмагы 40 кг аз болгон балдар максималдуу суткалык дозасын алышат. 2400 мг амоксициллин жана 600 мг клавулан кислотасына барабар.
Эгерде амоксициллиндин суткалык жогорку дозасы талап кылынса, клавулан кислотасынын ашыкча суткалык дозасын кабыл алуудан алыс болуу үчүн башка дары формасын тандоо сунушталат.
Дарылоонун созулуу узактыгы дарылоого жооп менен аныкталат. Кээ бир инфекциялар (мисалы, остеомиелит) узагыраак дарылоону талап кылат. Ал кайрадан кароосуз 14 күндөн ашык болбошу керек.
Дене салмагы 40 кг жана андан ашык чоңдор жана балдар
Бир таблеткадан суткасына 3 жолу/
Дене салмагы 40 кг кем балдар
Дене салмагы 40 кг тѳмѳн балдар Джойклав таблеткаларын дарыгердин сунушу боюнча гана кабыл ала алышат.
Сунушталган дозасы: үч жолу кабыл алууга бөлүнгөн 20 мг/5 мг/кг/суткасынан 60 мг/15 мг/мг/суткасына чейин.
6 жаштан кичүү же дене салмагы 25 кг тѳмѳн балдарды дарылоо үчүн амоксициллин/клавулан кислотасынын суспензиясын колдонуу артыкчылыктуу.
Улгайган курактагы бейтаптар
Дозаны тууралоо талап кылынбайт
Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар
Доза амоксициллиндин сунуш кылынган максималдуу дозасынын негизинде жөнгө салынат. Креатинин клиренси 30 мл/мин жогору болгон бейтаптарга дозаны тууралоону талап кылбайт.
40 кг же андан ашык дене салмагы менен чоңдор жана балдар
Креатинин клиренси 10-30 мл/мин
Суткасына 2 жолу 1 таблетка
Креатинин клиренси <10 мл/мин
Суткасына 1 жолу 1 таблетка
Гемодиализ
Ар бир 24 саат сайын 1 таблеткадан диализ учурунда 500/125 жана диализдин аягында дагы бир ушундай доза кошуу керек (анткени диализ учурунда амоксициллин менен клавулан кислотасынын сарысуудагы концентрациясы тѳмѳндѳйт)
Дене салмагы 40 кг кем балдар
Креатинин клиренси 10-30 мл/мин
Суткасына 2 жолу 15 мг/3,75 мг/кг (максималдуу 500 мг/125 мг суткасына 2 жолу)
Креатинин клиренси <10 мл/мин
Суткасына 1 жолу 15 мг/3,75 мг/кг (максималдуу 500 мг/125 мг суткасына 2 жолу)
Гемодиализ
Суткасына 1 жолу 15 мг/3,75 мг/кг
Гемодиализ алдында 15 мг/3,75 мг/кг.
Гемодиализден кийин кандагы препараттын тиешелүү концентрациясын калыбына келтирүү үчүн дагы бир 15 мг/3,75 мг/кг дозасын кабыл алуу керек.

Боор функциясынын бузулуусу менен бейтаптар
Этияттык менен кабыл алуу керек. Үзгүлтүксүз боор функциясын кѳзѳмѳлдѳп туруу зарыл.
Колдонуу жолу
Ичип кабыл алуу үчүн. Тамактануунун башында бир стакан суу ичип кабыл алуу.
Дарылоону кан тамыр ичине куюу үчүн препаратты дозалоо боюнча сунуштарга ылайык парентералдык жол менен баштоого болот жана ичип кабыл алуу үчүн препарат менен улантуу мүмкүн.
Эгер сиз кезектеги дозаны кабыл алууну өткөрүп жиберсеңиз, эсиңизге келери менен аны кабыл алыңыз. Кийинки дозасын кабыл алуудан мурун, жок эле дегенде, 4 саат өтүшү керек. Өткөрүлгөн дозанын ордун толтуруу үчүн дозаны эки эсеге көбөйтүүгө болбойт.

Ѳзгѳчѳ көрсөтмөлөр
Антибактериалдык каражаттарды туура колдонуу боюнча расмий көрсөтмөлөрдү эске алуу керек.
Дарылоону баштоодон мурун пенициллиндерге, цефалоспориндерге же башка беталактамдык препараттарга жогорку сезгичтик реакцияларынын бар болуусун текшерүү үчүн оору таржымалы кылдат алынат.
Пенициллин менен дарылоо учурунда олуттуу жана кээде өлүмгө алып келген жогорку сезгичтик реакциялар (анын ичинде анафилактоиддик жана оор тери жагымсыз реакциялары) байкалган. Алар оору таржымалында пенициллиндерге жогорку сезгичтиги бар бейтаптарда жана атопия менен ооруган бейтаптарда пайда болушу ыктымал. Эгерде аллергиялык реакция пайда болсо, Джойклав препараты менен дарылоо токтотулуп, анын ордуна башка ылайыктуу бактерияга каршы препараттар дайындалат.
Инфекциянын амоксициллинге ушул сезгичтигин эске алуу менен, расмий көрсөтмөлөргө ылайык Джойклавдан амоксициллинге өтүү каралат.
Клавулан кислотасынын ингибирлѳѳчү таасирине сезгич бета-лактамазалар менен шартталбаган бета-лактамдык препараттарга болжолдолгон козгогучтардын сезгичтүүлүгү жана резистенттүүлүгү тѳмѳн болуусу менен кооптуулук бар учурда бул препаратты колдонууга болбойт. Бул препаратты пенициллинге туруктуу S. pneumoniae менен шартталган инфекцияларды дарылоо үчүн колдонууга болбойт.
Бөйрөк функциясынын бузулушу менен ооруган бейтаптарда жана препараттын жогорку дозаларын кабыл алган бейтаптарда карышуу пайда болушу мүмкүн («Кыйыр таасирлери» бѳлүмүн караңыз).
Эгерде жугуштуу мононуклеозго шек болсо, Джойклав препаратын колдонуудан оолак болуу керек, анткени кызылчага окшогон исиркектер пайда болушу мүмкүн.
Амоксициллин менен дарылоо учурунда аллопуринолду бир убакта колдонуу териде аллергиялык реакциялардын пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатат.
Джойклавды узак мөөнөттүү колдонуу сезгич микроорганизмдердин ашыкча көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
Дарылоонун башталышында калтырак басуу жана пустула пайда болгон жалпыланган эритеманын өнүгүшү курч жалпыланган экзантематоздук пустулоздун потенциалдуу симптому болуп саналат. Мындай реакция Джойклавды колдонууну токтотууну талап кылат жана амоксициллинди кийинки колдонууга каршы көрсөтмө болуп саналат.
Боордун функциясы бузулган бейтаптарды дарылоо этияттык менен жүргүзүлөт.
Боор тарабынан жагымсыз реакциялардын пайда болуусу негизинен эркектерде жана улгайган курактагы бейтаптарда байкалган жана узак мөөнөттүн аралыгында дарылоо менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Өтө сейрек учурларда, бул жагымсыз окуялар балдарда да байкалган. Бардык бейтаптардын топторунда белгилери жана симптомдору, адатта, дарылоо учурунда же бир аздан кийин пайда болот, бирок кээ бир учурларда алар дарылоо токтогондон кийин бир нече жумага чейин пайда болушу мүмкүн
Алар, адатта, кайтарымдуу мүнѳзгѳ ээ. Боор тарабынан жагымсызтаасирлери оор болушу мүмкүн жана өтө сейрек учурларда ѳлүм жыйынтыгы тууралуу кабарланган. Алар дээрлик ар дайым олуттуу негизги оорулары бар бейтаптарда же боорго зыян келтире турган препараттарды кабыл алган бейтаптарда өнүккөн. Антибиотик менен байланышкан колиттин учурлары дээрлик антибактериалдык препараттарды кабыл алып жаткан бардыгындын бардыгында катталган; анын оордугу жеңилден өмүргө коркунуч туудурганга чейин өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан бул диагнозду антибиотик менен дарылоонун ар кандай курсу учурунда же аяктагандан кийин диарея менен ооруган бейтаптарга эске алуу маанилүү. Эгерде антибиотиктер менен байланышкан колит пайда болсо, дароо Джойклав препаратын колдонууну токтотуп, дарыгерге кайрылып, тиешелүү дарылоону баштоо керек. Бул учурда, ичегинин толкун сымал кыймылын токтотуучу препараттарды кабыл алуу каршы кѳрсѳтүлѳт. Узак мөөнөттүү дарылоо учурунда ар кандай орган системаларынын, анын ичинде бөйрөктүн, боордун жана гемопоэздин функциясына мезгил-мезгили менен баа берүү сунушталат.
Антикоагулянттарды бир убакта кабыл алууда кандын уюу ылдамдыгына талаптагыдай мониторинг жүргүзүү зарыл (протромбиндик убакыттын узартылышы мүмкүн). Күтүлгѳн антикоагуляция деңгээлине жетүү үчүн пероралдык коагулянттардын дозасын тууралоо талап кылынышы мүмкүн.
Бөйрөк функциясынын бузулушу менен ооруган бейтаптарга бузулуу даражасына ылайык дозасын тууралоо талап кылынат ("Колдонуу жолу жана дозасы" бѳлүмүн караңыз).
Диурези азайган бейтаптарда кристаллурия (заарадагы туздардын кристаллдашы) өтө сейрек учурларда, негизинен парентералдык дарылоонун фонунда байкалган. Амоксициллиндин жогорку дозаларын кабыл алууда кристаллурия ыктымалдыгын азайтуу үчүн жетиштүү кѳлѳмдѳгү суюктукту кабыл алып, зааранын адекваттуу бѳлүнүп чыгышын карап туруу керек. Табарсыкка катетери орнотулган бейтаптарда анын ѳткѳрүмдүүлүгүн дайыма көзөмөлдөп туруу зарыл. Заарадагы глюкозанын деңгээлин баалоо зарыл болсо, глюкоза оксидазасы менен ферменттик ыкмаларды колдонуу керек, анткени ферменттик эмес ыкмалар кээде туура эмес оң натыйжаларды берет.
Джойклавда клавулан кислотасынын болушу IgG менен альбуминдин эритроцит мембраналары менен спецификалык эмес байланышына алып келиши мүмкүн, бул Кумбс сынамынын жалган оң натыйжаларын алып келиши мүмкүн.
Препаратты кабыл алып жаткан бейтаптарда Aspergillus ферментине байланышкан иммуносорбенттик анализдин (ИФА) жалган-оң натыйжалары байкалган. Аспергиллездик эмес полисахариддер менен жана полифуранозамдар менен кайчылаш реакция Aspergillus га ИФА тестинин чегинде белгиленген. Джойклавды кабыл алган бейтаптардагы тесттердин оң натыйжалары этияттык менен чечмеленүүгө жана башка диагностикалык ыкмалар менен ырасталууга тийиш.

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү
Кош бойлуулук: Жаныбарларга жасалган изилдөөлөр кош бойлуулукка, эмбриондук/ түйүлдүктүн өнүгүүсүнө же төрөттөн кийинки өнүгүүгө түз же кыйыр терс таасирин көрсөтпөйт. Адамдарда кош бойлуу кезде амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуу боюнча чектелген маалыматтар тубаса кемтиктердин пайда болуу коркунучун билдирбейт. Түйүлдүк чел кабыгынын мөөнөтүнөн мурда жарылган аялдарга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн биринде амоксициллин/клавулан кислотасы менен алдын алуучу дарылоо жаңы төрөлгөн ымыркайларда некротиздик энтероколиттик коркунучунун пайда болуусуну жогорулоосу менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Бала эмизүү: Эки зат тең эмчек сүтү менен бөлүнүп чыгат (клавулан кислотасынын ымыркайга тийгизген таасири жөнүндө маалымат жок). Андан ары эмчек эмип жаткан ымыркайларда диарея жана былжыр челдин мите козу карындык инфекциясы болушу мүмкүн, бул эмизүүнү токтотууну талап кылышы мүмкүн. Сенсибилизациялоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Дарыгер тарабынан тобокелдик жана пайда ара катышына баалоо жүргүзүлгѳндѳн кийин амоксициллин/клавулан кислотасы бала эмизүү учурунда колдонулушу мүмкүн.

Транспорт каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Препарат психомотордук реакциянын ылдамдыгына жана кѳңүл бѳлүү концентрациясына таасир тийгизбейт.

Кыйыр таасирлери
Кыйыр реакциялардын жыштыгын классификациялоо үчүн төмөнкү категориялар колдонулган: өтө тез-тез (≥1/10), тез-тез (≥1/100дөн <1/10го чейин), кѳп эмес (≥1/1000ден <1/100гө чейин), сейрек (≥1/10,000ден <1/1000ге чейин), өтө сейрек (<1/10,000), белгисиз жыштык (бар болгон маалыматтардын негизинде, баалоо мүмкүн эмес).
Препаратты кабыл алууда тез-тез кездешкен жагымсыз реакциялар: диарея, жүрөк айлануу, кусуу.
Жугуштуу жана мите курт оорулары:
Тез-тез: теринин жана былжыр челдин кандидозу.
Белгисиз жыштыгы: сезгич эмес микроорганизмдердин ашыкча көбөйүшү
Кан жана лимфа системасы тарабынан бузулуулар
Сейрек: кайтарымдуу лейкопения (анын ичинде нейтропения), тромбоцитопения.
Жыштыгы белгисиз: кайтарымдуу агранулоцитоз, гемолитикалык аз кандуулук,
кан кетүү убактысы жана протромбиндик убакыттын узаруусу.
Иммундук система тарабынан бузулуулар
Жыштыгы белгисиз: ангионевротикалык шишимик, анафилаксия, сарысууга окшош
синдрому, аллергиялык васкулит.
Нерв системасы тарабынан бузулуулар
Кѳп эмес: баш айлануу, баш оору.
Жыштыгы белгисиз: кайтарымдуу гиперактивдүүлүк, карышуу.
Ашказан-ичеги жолу тарабынан бузулуулар
Абдан тез-тез: ич ѳтүү.
Тез-тез: жүрөк айлануу (ал адатта жогорку дозаларды ичип кабыл алуу менен байланышкан; эгерде препаратты тамактануунун башында кабыл алынса, ашказан-ичеги тарабынан реакцияларын азайтууга болот), кусуу.
Кѳп эмес: тамак сиңирүүнүн бузулуусу.
Жыштыгы белгисиз: антибиотиктер менен байланышкан колит (анын ичинде псевдомембраноздук колит жана геморрагиялык колит, "Ѳзгѳчѳ көрсөтмөлөр" бөлүмүн караңыз), "кара түктүү" тил.
Боордун жана өт жолдору тарабынан бузулуулар
Кѳп эмес: AСT жана/же AЛT деңгээли жогорулоосу (бета-лактамдык классындагы антибиотиктер менен дарылоо алып жаткан бейтаптарда орточо жогорулоо байкалган, бирок бул байкоолордун маанилүүлүгү белгисиз).
Жыштыгы белгисиз: гепатит, холестатикалык сарык (бул жагымсыз таасирлер
башка пенициллиндерди жана цефалоспориндерди колдонууда байкалган, “Ѳзгѳчѳ көрсөтмөлөр” бөлүмүн караңыз).
Тери жана тери астындагы ткандар тарабынан бузулуулар
Эгерде кандайдыр бир аллергиялык тери реакциясы пайда болсо, дарылоо токтотулат.
Кѳп эмес: тери исиркектери, кычышуу, бѳрү жатыш.
Сейрек: көп формалуу эритема.
Жыштыгы белгисиз: Стивенс-Джонсон синдрому, уулуу эпидермалдык некролиз, буллездуу эксфолиативдик дерматит, курч генерализацияланган экзантематоздук пустулоз, эозинофилия жана системалык симптомдор менен коштолгон дары реакциясы (DRESS синдрому).
Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдору тарабынан бузулуулар
Жыштыгы белгисиз: интерстициалдык нефрит, кристаллурия.

Дарылардын өз ара таасирденүүсү
Пероралдык антикоагулянттар: пероралдык антикоагулянттар жана пенициллиндердин антибиотиктери тажрыйбада кеңири колдонулат жана дарылардын өз ара таасирденүүсү жөнүндө билдирүүлөр болгон эмес. Бирок, адабияттарда аценокумарол же варфарин кабыл алган жана амоксициллин курсу белгиленген бейтаптарда эл аралык нормалдаштырылган катышы жогорулаган учурлар белгиленген. Эгерде паралелдүү колдонуу зарыл болсо, амоксициллин кошулганда же аны колдонуу токтотулганда протромбиндик убакыт же эл аралык нормалдаштырылган катышы кылдат текшерилиши керек. Мындан тышкары, пероралдык антикоагулянттардын дозасын жөнгө салуу керек болушу мүмкүн.
Метотрексат: Пенициллиндер метотрексаттын экскрециясын азайтып, анын потенциалдуу уулуулугун жогорулатат.
Пробенецид: Пробенецидди бир убакта колдонуу сунушталбайт. Пробенецид амоксициллиндин бөйрөк аркылуу каналчалуу секрециясын азайтат. Пробенецидди паралелдүү колдонуу кандагы амоксициллиндин деңгээлинин жогорулашына же узакка созулушуна алып келиши мүмкүн, бирок клавулан кислотасы эмес.
Микофенолат мофетил: микофенолат мофетилди кабыл алган бейтаптарда активдүү метаболит микофенол кислотасынын (МРА) дозага чейинки концентрациялары амоксициллин + клавулан кислотасын пероралдуу кабыл алгандан кийин болжол менен 50% га төмөндөгөн. Деңгээлдин дозага чейин өзгөрүшү жалпы MPA таасирденүүсүндѳ өзгөрүүлөрдү так чагылдырат. Мындан улам, айкалыштырылган дарылоону кабыл алууда же антибиотик менен дарылоо аяктагандан кийин бир нече убакытка чейин кылдат клиникалык мониторинг талап кылынат.

Ашыкча доза
Ашыкча дозанын белгилери жана симптомдору: АИЖ тарабынан симптомдору жана суюктук жана электролиттик баланстын бузулуусу пайда болушу мүмкүн. Амоксициллинди колдонуудан улам кристаллурия пайда болушу мүмкүн, ал кээ бир учурларда бөйрөк алсыздыгына алып келиши мүмкүн.
Карышуулар бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда же жогорку дозаларды кабыл алууда пайда болушу мүмкүн. Негизинен жогорку дозаларды кан тамыр ичине куюдан кийин амоксициллин табарсыктагы катетерде топтолот. Катетердин ачык абалын дайыма текшерип туруу зарыл.
Уулууланууну дарылоо: Ашказан-ичеги симптомдору суюктук жана электролит балансына көңүл буруу менен симптоматикалык түрдө дарыласа болот.
Амоксициллин/клавулан кислотасын гемодиализ аркылуу кан айлануудан чыгарууга болот.
Шарттары
Чыгаруу формасы
ДЖОЙКЛАВ-625.
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар. 10 таблеткадан Алю-Алю блистердик таңгакчада. 1 блистер нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.

Сактоо шарттары
Кургак, жарыктан корголгон жерде, 25ºС ашпаган аба табында сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактоо зарыл.

Жарактуулук мѳѳнѳтү
24 ай.

Дарыканалардан берүүнүн шарттары
Рецепт боюнча.

Каттоо күбѳлүгүнүн ээси
UNOSOURCE PHARMA LTD.
503/504, 5-кабат, Hubtown Solaris,
Н.С. Фадке Марг, Андхери Чыгыш,
Мумбай-400069, Индия.

Өндүрүүчү
MALIK LIFECINCES PVT. LTD
Уттаракханд, Харидвар-247667,
Вардхман өнөр жай аянты, Участок-16, Индия.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda