Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
ДЖОЙКЛАВ-1000

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Амоксициллин+клавулан кислотасы

Дарынын түрү
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар.

Курамы
Ар бир жука чел кабык менен капталган таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:
Активдүү заттар:
Амоксициллин трихидрат, 875 мг - амоксициллин ге туура келет.
Суюлтулган калий клавуланаты, 125 мг - клавулан кислотасына туура келет
Коллоиддик суусуз кремний, кросповидон, магний стеараты, тазаланган тальк, микрокристаллдык целлюлоза, гипромеллоза, этилцеллюлоза, диэтилфталат, титандын диоксиди, тазаланган тальк, изопропил спирти, метиленхлориди
Чел кабыкчасынын курамы:
Гипромеллоза, полиэтиленгликоль, титандын диоксиди, изопропил спирти, метиленхлорид.

Сүрѳттѳмѳсү
ДЖОЙКЛАВ-1000
Актан дээрлик ак түскө чейин, узунунан келген, эки бети томпок, жука чел кабык менен капталган, эки тарабы тегиз жылмакай таблеткалар.

Фармадарылык тобу
Системалык колдонуу үчүн микробко каршы препараттар. Системалык колдонуу үчүн бактерияга каршы препараттар. Бета-лактамдык антибиотиктер - пенициллиндер. Пенициллиндердин айкалышы (анын ичинде бета-лактамаза ингибиторлору менен айкалыштар). Ферменттердин ингибиторлору менен айкалышкан амоксициллин.
ATX коду J01CR02

Фармакологиялык касиеттери
Фармакокинетикасы
Абсорбция
Амоксициллин менен клавулан кислотасынын негизги фармакокинетикалык параметрлери окшош. Айкалышканда амоксициллин менен клавулан кислотасы бири-биринин фармакокинетикасына таасир этпейт. Эки курамдык бѳлүк тең ичип кабыл алынгандан кийин тез жана толугу менен сиңирилет, тамак-ашты кабыл алуу сиңирүү даражасына дээрлик эч кандай таасир этпейт, бирок тамактануунун башында таблетканы кабыл алууда клавулан кислотасы жакшы сиңет. Кан плазмасындагы максималдуу концентрацияга кабыл алынгандан кийин болжол менен 1 сааттан кийин жетет. Амоксициллиндин максималдуу концентрациясынын мааниси (дозасына жараша) 3-12 мкг/мл, клавулан кислотасы үчүн - болжол менен 2 мкг/мл.
Бөлүштүрүү
Эки курамдык бѳлүк тең бөлүштүрүүнүн чоң көлөмү менен мүнөздөлөт. Жалпы плазмадагы клавулан кислотасынын болжол менен 25% жана плазмадагы амоксициллиндин 18% протеиндер менен байланышат. Эки активдүү заттын тең дарылык концентрациясы организмдин ар кандай органдарында, ткандарында жана суюктуктарында аныкталат: өпкөдө, какырыкта, ичтин органдарында, жамбаш органдарында (жатын, энелик бездер, простата), ортоңку кулакта, териде, боордо, алкым бездеринде, мурундун кошумча кобуулдарында, өт баштыкчасында; майлуу, сөөк жана булчуң ткандарында; плевралык, синовиалдык жана перитонеалдык суюктуктарда; өттө, заарада, шилекейде, бронхиалдык секрецияда, ириңдүү агыштарда, интерстициалдык суюктукта.
Амоксициллин жана клавулан кислотасы мээнин кабыгы сезгенбеген учурда кан-мээ тосмосуна өтө албайт. Амоксициллин жана клавулан кислотасы бала тон тосмосу аркылуу өтөт (түйүлдүккө эч кандай терс таасири аныкталган эмес) жана эмчек сүтүнө ийиздүү концентрацияларда бөлүнүп чыгат.
Зат алмашуу жана бөлүп чыгаруу
Амоксициллин боордо активдүү эмес метаболиттерге чейин жарым-жартылай метаболизмге учурайт (берилген дозанын 10%), клавулан кислотасы боордо интенсивдүү метаболизмге дуушар болот (берилген дозанын 50-70%).
Амоксициллин организмден биринчи кезекте бөйрөк аркылуу каналчалуу секреция жана түйдѳкчѳлүү чыпкалоо аркылуу (7 сааттын ичинде өзгөрүлбөгөн дозанын 52±15%) жана азыраак бөлүгү өт менен бѳлүнүп чыгарылат. Амоксициллиндин баштапкы дозасынын болжол менен 10-25% бөйрөктөр аркылуу активдүү эмес пенициллин кислотасы түрүндө чыгарылат.
Клавулан кислотасы бөйрөк аркылуу түйдѳкчѳлүү чыпкалоо аркылуу (40-65%), жарым-жартылай метаболиттер түрүндө, ошондой эле ичеги аркылуу бѳлүнүп чыгарылат.
Амоксициллин менен клавулан кислотасынын жарым жартылай бѳлүнүп чыгуу мезгили (Т1/2) 1-1,5 саатты түзөт. Бөйрөк функциясынын оор бузулушу бар бейтаптарда (креатинин клиренси 10-30 мл/мин) жарым жартылай бѳлүнүп чыгуу мезгили амоксициллин үчүн 7,5 саатка, клавулан кислотасы үчүн 4,5 саатка чейин көбөйөт. Анурияда, эки активдүү заттардын тең T1/2 10 жана 15 саатка чейин өзгөрөт.
Эки курамдык бѳлүк тең гемодиализ аркылуу, ал эми аз өлчөмү перитонеалдык диализ менен бѳлүнүп чыгарылат.

Фармакодинамикасы
Джойклав – 625/1000 – жарым синтетикалык кенен чѳйрѳдѳ таасир берүүчү антибиотик, корголгон пенициллиндердин тобундагы ингибиторлор, көптөгөн патогендик микроорганизмдер тарабынан β- лактамдык антибиотиктер (пенициллиндер, цефалоспориндер, карбапенемдер) таасиринен коргоо (туруктуулукка) үчүн өндүрүлгөн β -лактамаза ферменттеринин таасирине туруктуу. Бактериялык β-лактамазалар антибиотикти активдүү эмес фрагменттерге (заттарга) жок кылат (гидролиздейт). β-лактамазаларды пайда кылуучу бактериялар пенициллиндерге жана цефалоспориндерге туруктуу (резистенттүү). Амоксициллин - жарым синтетикалык кенен кѳйчѳдѳ таасир берүүчү антибиотик, көптөгөн грамм-оң жана грамм-терс микроорганизмдерге карата активдүү. Амоксициллин β-лактамазалар тарабынан жок кылынат, ошондуктан анын бактерияга каршы активдүүлүгүнүн спектрине β-лактамазаларды өндүрүүчү микроорганизмдер кирбейт.
Клавулан кислотасы β-лактамдык кошулма болуп саналат, ал амоксициллиндин ферментативдик бузулушуна жол бербөөчү β-лактамазалардын кеңири спектрин активдештирүү жөндөмүнө ээ, алар менен туруктуу инактивдештирилген комплексти түзөт.
Клавулан кислотасы түзүлүшү боюнча β-лактамдык антибиотиктерге окшош, бирок өзүнүн бактерияга каршы активдүүлүгү дээрлик жок. Клавулан кислотасы β-лактамазалардын II, III, IV жана V типтерин (Ричмонд-Сайкс классификациясы боюнча) ингибирлейт, бирок Enterobacter spp., Pseudomonas spp., Serratia spp., Acinetobacter spp. тарабынан өндүрүлгөн I типтеги β-лактамазаларга каршы активдүү эмес. Препараттын курамында клавулан кислотасынын болушу амоксициллинди β-лактамазалардын бузулушунан коргойт жана анын бактерияга каршы активдүүлүгүнүн спектрин ага, адатта, ага жана башка пенициллиндерге жана цефалоспориндерге туруктуу (резистенттүү) микроорганизмдерди кошуу менен кеңейтет. Препарат бактерициддик бактерияга каршы таасир берүүнүн кеңири спектрине ээ.
Төмөнкү микроорганизмдерге карата активдүү:
- грам-оң аэробдор: Streptococcus pneumoniae, Streptococcus pyogenes, Streptococcus viridans, Streptococcus agalactiae, Streptococcus bovis; Staphylococcus spp. (метициллинорезистенттүү штаммдардар тышкары), Staphylococcus epidermidis (кроме метициллинорезистенттик штаммдардан тышкары), Staphylococcus saprophyticus жана башка коагулазо-негативдүү стафилококтор, Enterococcus spp. (ошондой эле Enterococcus faecalis), Bacillis anthracis, Corynobacterium spp., Listeria monocytogenes, Nocardia asteroides;
- грам-терс аэробдор: Escherichia coli, Haemophilus influenzae, Klebsiella spp., Moraxella catarrhalis, Bordetella pertussis, Brucella spp., Campilobacter jejuni, Eikenella corrodens, Enterobacter spp., Gardnerella vaginalis, Haemophilus ducreyi, Neisseria gonorrhoeae, Neisseria meningitidis, Pasterulla multodica, Proteus spp., Salmonella spp., Shigella spp., Vibrio cholerae, Yersinia enterocolitica;
- грам-оң жана грам – терс анаэробдор: Actinomyces israelii, Bacteroides spp. (ошондой эле Bacteroides fragilis), Clostridium spp. (кроме Clostridium difficile), Fusobacterium spp., Peptococcus spp., Peptostreptococcus spp., Prevotella spp.;
- башка микроорганизмдер: Borrelia burgdgoferi, Chlamydia spp., Helicobacter pylori, Leptospira icetrogeamorragiae, Treponema pallidum.
Колдонулушу
Колдонуу жолу жана дозалары
Ичип кабыл алуу үчүн.
Дозалоо режими оорулуунун жашына, дене салмагына, бөйрөктүн функциясына, ошондой эле инфекциянын оордугуна жараша жекече белгиленет. АИЖ тарабынан потенциалдуу бузулууларды азайтуу жана сиңирүүнү оптималдаштыруу үчүн, препаратты тамактануунун башында кабыл алуу керек. Дарылоону клиникалык абалды кароодон кийин, 14 күндөн ашык улантууга болбойт. Зарыл болгон учурда кадамдуу дарылоону жүргүзүүгө болот (башында кан тамыр ичине куюу үчүн эритмени даярдоого арналган порошок түрүндѳгү Джойклав препаратын кан тамыр ичине куюу, андан кийин пероралдуу кабыл алуу үчүн дарылык формадагы Джойклав препаратына өтүү).
Чоңдор жана 12 жаштан улуу же дене салмагы 40 кг же андан жогору балдар: 1 таблеткадан суткасына 2 жолу 875 мг/125 мг.
Таблеткаларды чайнабастан бүтүндөй жутуу керек. Зарыл болсо, таблетканы экиге бөлүп, чайнабастан жутууга болот.
Потенциалдуу ашказан-ичеги кѳтѳрүмсүздүгүн азайтуу үчүн, препаратты тамактануунун башында кабыл алынышы керек. Джойклав препаратын сиңирүү тамактын башында кабыл алынганда оптималдуу болот.
Дарылоонун созулуу узактыгы клиникалык абалды кайра баалоосуз 14 күндөн ашпоого тийиш.

Кыйыр таасирлери
Төмөндө келтирилген жагымсыз реакциялар органдардын жабыркоосуна жана органдардын системаларына жана пайда болуу жыштыгына жараша келтирилген. Пайда болуу жыштыгы төмөнкүчө аныкталат: өтө тез-тез (≥1/10), тез-тез (≥1/100, <1/10), кѳп эмес (≥1/1000, <1/100), сейрек (≥1/10,000), < 1/1000), өтө сейрек (<1/10 000, айрым учурларды кошо алганда).
Жыштык категориялары препаратты клиникалык изилдөөлөрдүн жана каттоодон кийинки көзөмөлдүн негизинде түзүлгѳн.
Жугуштуу жана мите курт оорулары: тез-тез - теринин жана былжыр челдин кандидозу.
Кан жаратуу системасы тарабынан: сейрек - кайтуучу лейкопения (анын ичинде нейтропения) жана кайра калыбына келүүчү тромбоцитопения; өтө сейрек - кайтарымдуу агранулоцитоз жана кайра гемолитикалык аз кандуулук, протромбиндик убакыттын жана кан кетүү убактысынын узартылышы, аз кандуулук, эозинофилия, тромбоцитоз.
Иммундук система тарабынан: өтө сейрек – ангионевротикалык шишимик, анафилактикалык реакциялар, сарысуулук оорусуна окшош синдром, аллергиялык васкулит.
Нерв системасы тарабынан: кѳп эмес - баш айлануу, баш оору; өтө сейрек - кайра калыбына келүүчү гиперактивдүүлүк, карышуулар (бөйрөк функциясынын бузулушу менен ооруган бейтаптарда, ошондой эле препараттын жогорку дозаларын кабыл алгандарда карышуу байкалышы мүмкүн), уйкусуздук, толкундануу, тынчсыздануу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү.
Тамак сиңирүү системасы тарабынан:
чоңдор: абдан тез-тез - диарея, тез-тез - жүрөк айлануу, кусуу;
балдар: тез-тез - диарея, жүрөк айлануу, кусуу;
бардык популяция: жүрөк айлануу көбүнчө препараттын жогорку дозасын кабыл алууда байкалат. Эгерде препаратты кабыл ала баштагандан кийин, ашказан-ичеги жолунан жагымсыз реакциялар байкалса, препаратты тамактануунун башында кабыл алуу менен аларды жок кылууга болот. Кѳп эмес: тамак сиңирүүнүн бузулушу; өтө сейрек – антибиотиктерди кабыл алуу менен шартталган антибиотиктер менен байланышкан колит (анын ичинде псевдомембраноздук колит жана геморрагиялык колит) («Ѳзгѳчѳ көрсөтмөлөр» бөлүмүн караңыз), кара «түктүү» тил, гастрит, стоматит.
Боор жана өт жолдору тарабынан: кѳп эмес - АСТ жана/же АЛТ активдүүлүгүнүн орточо жогорулашы (бета-лактамдык антибиотиктер менен дарылоо алган бейтаптарда байкалат, бирок анын клиникалык мааниси белгисиз); өтө сейрек - гепатит жана холестатикалык сарык (бул реакциялар башка пенициллиндер жана цефалоспориндер менен дарылоо учурунда байкалган), билирубиндин жана шакардык фосфатазанын концентрациясынын жогорулашы. Боор тарабынан пайда болгон жагымсыз реакциялары негизинен эркектерде жана улгайган курактагы бейтаптарда болгон жана узак мөөнөттүү дарылоо менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул жагымсыз реакциялар балдарда өтө сейрек байкалат.
Көрсөтүлгөн белгилер жана симптомдор, адатта, дарылоо аяктагандан кийин же дароо эле пайда болот, бирок кээ бир учурларда алар дарылоо аяктагандан кийин бир нече жума бою пайда болбой калышы мүмкүн. Жагымсыз реакциялар, эреже катары, кайтарымдуу болушат. Боор тарабынан пайда болгон жагымсыз реакциялары оор болушу мүмкүн, жана өтө сейрек учурларда өлүм жыйынтыгына алып келиши мүмкүн. Дээрлик бардык учурларда, бул олуттуу кошумча оорулары бар адамдар же бир эле учурда потенциалдуу гепатотоксиндүү препараттарды кабыл алган адамдар болгон.
Тери жана тери астындагы ткандар тарабынан: кѳп эмес - исиркектер, кычышуу, бѳрү жатыш; сейрек – кѳп формалуу эритема; өтө сейрек - Стивенс-Джонсон синдрому, уулуу эпидермалдык некролиз, буллездуу эксфолиативдик дерматит, курч жалпыланган экзантематоздук пустулоз.
Эгерде териде аллергиялык реакциялар пайда болсо, Джойклав препараты менен дарылоону токтотуу керек.
Заара бѳлүп чыгаруу системасы тарабынан: өтө сейрек - интерстициалдык нефрит, кристаллурия, гематурия.

Каршы көрсөтмөлөр
- активдүү ингредиенттерге, пенициллиндердин бирине жогорку сезгичтик;
- башка бета-лактамдык препараттарга (мисалы, цефалоспоринге, карбапенемге же монобактамга) дароо жогорку сезгичтиктин олуттуу реакцияларынын мурунку учурлары (мисалы, анафилаксия);
- амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуудан улам сарык/боордун функциясынын бузулушу.

Дарылардын өз ара таасирденүүсү
Пероралдык антикоагулянттар: пероралдык антикоагулянттар жана пенициллиндердин антибиотиктери тажрыйбада кеңири колдонулат жана дарылардын өз ара таасирденүүсү жөнүндө билдирүүлөр болгон эмес. Бирок, адабияттарда аценокумарол же варфарин кабыл алган жана амоксициллин курсу белгиленген бейтаптарда эл аралык нормалдаштырылган катышы жогорулаган учурлар белгиленген. Эгерде паралелдүү колдонуу зарыл болсо, амоксициллин кошулганда же аны колдонуу токтотулганда протромбиндик убакыт же эл аралык нормалдаштырылган катышы кылдат текшерилиши керек. Мындан тышкары, пероралдык антикоагулянттардын дозасын жөнгө салуу керек болушу мүмкүн.
Метотрексат: Пенициллиндер метотрексаттын экскрециясын азайтып, анын потенциалдуу уулуулугун жогорулатат.
Пробенецид: Пробенецидди бир убакта колдонуу сунушталбайт. Пробенецид амоксициллиндин бөйрөк аркылуу каналчалуу секрециясын азайтат. Пробенецидди паралелдүү колдонуу кандагы амоксициллиндин деңгээлинин жогорулашына же узакка созулушуна алып келиши мүмкүн, бирок клавулан кислотасы эмес.
Микофенолат мофетил: микофенолат мофетилди кабыл алган бейтаптарда активдүү метаболит микофенол кислотасынын (МРА) дозага чейинки концентрациялары амоксициллин + клавулан кислотасын пероралдуу кабыл алгандан кийин болжол менен 50% га төмөндөгөн. Деңгээлдин дозага чейин өзгөрүшү жалпы MPA таасирденүүсүндѳ өзгөрүүлөрдү так чагылдырат. Мындан улам, айкалыштырылган дарылоону кабыл алууда же антибиотик менен дарылоо аяктагандан кийин бир нече убакытка чейин кылдат клиникалык мониторинг талап кылынат.

Ѳзгѳчѳ көрсөтмөлөр
Джойклав препараты менен дарылоону баштоодон мурун, пенициллиндерге, цефалоспориндерге же бейтапта аллергиялык реакцияны пайда кылган башка заттарга мурунку жогорку сезгичтик реакцияларына карата деталдуу оору таржымалын алуу зарыл.
Пенициллиндерге олуттуу жана кээде өлүмгө алып келген жогорку сезгичтик реакциялары (анафилактикалык реакциялар) сүрөттөлгөн. Мындай реакциялардын пайда болуу коркунучу оору таржымалында пенициллиндерге жогорку сезгичтик реакциялары бар бейтаптарда эң жогору. Эгерде аллергиялык реакция пайда болгон учурда, Джойклав препараты менен дарылоону токтотуу жана тиешелүү альтернативдик дарылоону баштоо керек. Оор жогорку сезгичтик реакциялары учурларда эпинефринди дароо куюу керек. Оксигенотерапия, ГКС кан тамыр ичине куюу жана дем алуу жолдорунун ѳткѳрүмдүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде интубация дагы талап кылынышы мүмкүн.
Эгерде териде аллергиялык реакциялар пайда болсо, Джойклав препараты менен дарылоону токтотуу керек.
Эгерде жугуштуу мононуклеозго шек болсо, Джойклав препаратын колдонууга болбойт, анткени бул оору менен ооругандарда амоксициллин кызамык сымал териде исиркектерди пайда кылышы мүмкүн, бул ооруну аныктоону кыйындатат.
Джойклав препараты менен узак мөөнөттүү дарылоо кээде сезгич эмес микроорганизмдердин ашыкча көбөйүшүнө алып келет.
Антибиотиктерди кабыл алууда псевдомембраноздук колиттин учурлары сүрөттөлгөн, алардын оордугу жеңилден өмүргө коркунуч туудурганга чейин өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан антибиотикти колдонуу учурунда же андан кийин диарея менен ооруган бейтаптарда псевдомембраноздук колиттин пайда болуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу маанилүү. Эгерде диарея узакка созулса же катуу болсо же бейтаптын ичи карышуу менен ооруса, дарылоону дароо токтотуп, оорулууну текшерүү керек. Ичегилердин толкун сымал кыймылын токтотуучу препараттарды колдонууга каршы кѳрсѳтүлгѳн.
Жалпысынан алганда, Джойклав препараты жакшы кѳтѳрүмдүү жана бардык пенициллиндерге мүнөздүү төмөн уулуулугуна ээ.
Джойклав препараты менен узак мөөнөттүн аралыгында дарылоо учурунда мезгил-мезгили менен бөйрөктүн, боордун жана кан түзүүчү системанын функциясын баалоо сунушталат.
Амоксициллин менен клавулан кислотасын кыйыр (пероралдык) антикоагулянттар менен бирге кабыл алган бейтаптарда сейрек учурларда протромбиндик убакыттын көбөйүшү (ЭНК көбөйүшү) кабарланган. Кыйыр (пероралдык) антикоагулянттарды амоксициллин жана клавулан кислотасынын айкалышы менен бирге дайындоодо тиешелүү көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө зарыл. Пероралдуу антикоагулянттардын каалаган таасирин сактап калуу үчүн дозасын өзгөртүү талап кылынышы мүмкүн.
Диурезинин төмөндөшү бар бейтаптарда кристаллуриянын өнүгүшү өтө сейрек учурларда, негизинен препаратты парентералдык колдонууда байкалган. Амоксициллиндин жогорку дозаларын куюда амоксициллиндин кристаллынын пайда болуу ыктымалдыгын азайтуу үчүн жетиштүү ѳлчѳмдѳгү суюктукту алуу жана адекваттуу диурезди камсыздоо сунушталат.
Джойклав препаратын ичип оозеки кабыл алуу заарада амоксициллиндин жогорку деңгээлде камтылуусуна алып келет, бул заарадагы глюкозаны аныктоодо жалган оң натыйжаларга алып келиши мүмкүн (мисалы, Бенедикттин сынамы, Фелинг сынамы). Бул учурда, заарадагы глюкозанын концентрациясын аныктоо үчүн глюкозаоксиданттык ыкмасын колдонуу сунушталат.
Клавулан кислотасы иммуноглобулин G менен альбуминдин эритроцит мембраналары менен спецификалык эмес байланышына алып келиши мүмкүн, бул Кумбс тестинин жалган оң натыйжаларына алып келет.
Ламинацияланган алюминий фольга таңгагында ичүү үчүн арналбаган кургаткыч баштык бар. Джойклав препараты ламинатталган алюминий фольгадан жасалган таңгакчасын ачкандан кийин 30 күндүн ичинде колдонулушу керек.
Ашкере колдонуу жана дарылык көз карандылык
Джойклав препаратын колдонуу менен байланышкан дарылык кѳз караныдылык, кѳңүп калуу же эйфориялык реакциялар болгон эмес.
Транспорт каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Препарат баш айланууга алып келиши мүмкүн болгондуктан, бейтаптарга транспорт каражаттарын башкарууда же кыймылдуу механизмдер менен иштѳѳдѳ алдын алуучу сактык чараларын көрүү керектиги эскертилиши керек.
Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү
Кош бойлуулук: Жаныбарларга жасалган изилдөөлөр кош бойлуулукка, эмбриондук/ түйүлдүктүн өнүгүүсүнө же төрөттөн кийинки өнүгүүгө түз же кыйыр терс таасирин көрсөтпөйт. Адамдарда кош бойлуу кезде амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуу боюнча чектелген маалыматтар тубаса кемтиктердин пайда болуу коркунучун билдирбейт. Түйүлдүк чел кабыгынын мөөнөтүнөн мурда жарылган аялдарга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн биринде амоксициллин/клавулан кислотасы менен алдын алуучу дарылоо жаңы төрөлгөн ымыркайларда некротиздик энтероколиттик коркунучунун пайда болуусуну жогорулоосу менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Бала эмизүү: Эки зат тең эмчек сүтү менен бөлүнүп чыгат (клавулан кислотасынын ымыркайга тийгизген таасири жөнүндө маалымат жок). Андан ары эмчек эмип жаткан ымыркайларда диарея жана былжыр челдин мите козу карындык инфекциясы болушу мүмкүн, бул эмизүүнү токтотууну талап кылышы мүмкүн. Сенсибилизациялоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Дарыгер тарабынан тобокелдик жана пайда ара катышына баалоо жүргүзүлгѳндѳн кийин амоксициллин/клавулан кислотасы бала эмизүү учурунда колдонулушу мүмкүн.

Ашыкча доза
Ашыкча дозанын белгилери жана симптомдору: АИЖ тарабынан симптомдору жана суюктук жана электролиттик баланстын бузулуусу пайда болушу мүмкүн. Амоксициллинди колдонуудан улам кристаллурия пайда болушу мүмкүн, ал кээ бир учурларда бөйрөк алсыздыгына алып келиши мүмкүн.
Карышуулар бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда же жогорку дозаларды кабыл алууда пайда болушу мүмкүн. Негизинен жогорку дозаларды кан тамыр ичине куюдан кийин амоксициллин табарсыктагы катетерде топтолот. Катетердин ачык абалын дайыма текшерип туруу зарыл.
Уулууланууну дарылоо: Ашказан-ичеги симптомдору суюктук жана электролит балансына көңүл буруу менен симптоматикалык түрдө дарыласа болот.
Амоксициллин/клавулан кислотасын гемодиализ аркылуу кан айлануудан чыгарууга болот.
Шарттары
Чыгаруу формасы
ДЖОЙКЛАВ-1000.
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар. 10 таблеткадан фольгадан жасалган стрипте. 1 стрип нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар. 6 таблеткадан фольгадан жасалган стрипте. 1 стрип нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.

Сактоо шарттары
Кургак, жарыктан корголгон жерде, 25ºС ашпаган аба табында сактоо керек. Балдар жетпеген жерде сактоо зарыл.

Жарактуулук мѳѳнѳтү
24 ай.

Дарыканалардан берүүнүн шарттары
Рецепт боюнча.

Каттоо күбѳлүгүнүн ээси
UNOSOURCE PHARMA LTD.
503/504, 5-кабат, Hubtown Solaris,
Н.С. Фадке Марг, Андхери Чыгыш,
Мумбай-400069, Индия.

Өндүрүүчү
MALIK LIFECINCES PVT. LTD
Уттаракханд, Харидвар-247667,
Вардхман өнөр жай аянты, Участок-16, Индия.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda