Кан тамырга инъекция
Темир (III) сахароза гидроксиди комплексинин инъекциясы 1 мл суюлтулган эритменин ылдамдыгы менен кан тамырга жай инъекция түрүндө киргизилиши мүмкүн жана бир жолу инъекцияда темир (III) гидроксиди сахароза комплексинен(200 мг темир) ашпоого тийиш.
Диализ аппаратынын веноздук сызыгына инъекция
Инъекциялык темир (III) сахароза комплексинин гидроксиди диализ учурунда диализдик аппараттын веноздук сызыгына кан тамыр ичине инъекциялардагыдай эле шарттарда түздөн-түз киргизилиши мүмкүн.
Каршы көрсөтмөлөр
Темир (III) гидроксиди сахароза комплексин инъекциялоо төмөнкү учурларда каршы көрсөтүлөт:
- Активдүү субстанцияга же 6.1-пунктунда тизмеленген кандайдыр бир көмөкчү заттарга жогорку сезгичтүүлүк
- башка парентералдык темир препараттарына белгилүү олуттуу сезгичтүүлүк
- Темирдин жетишсиздигинен пайда болбогон аз кандуулук
- темирдин ашыкча жүктөлүшүн же темирди утилизациялоонун тукум куучулук бузулушун тастыктоо.
Этияттуулук менен: бронхиалдык астма, экзема, поливаленттүү аллергия, башка парентералдык темир препараттарына аллергиялык реакциялар, кандын сары суусун темир менен байланыштыруунун төмөн жөндөмдүүлүгү жана/же фолий кислотасынын жетишсиздиги; боордун жетишсиздиги, курч же өнөкөт жугуштуу оорулар (парентералдык темир бактериялык же вирустук инфекция болгон учурда жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн), ошондой эле ферритиндин кандын сары суусунун деңгээли жогорулаган адамдар.
Кыйыр таасирлери
Азыркы учурда, төмөнкү жагымсыз көрүнүштөр препаратты куюу үчүн убактылуу жана мүмкүн болуучу себеп байланышы менен белгилүү. Бардык симптомдор абдан сейрек байкалган (пайда болуу жыштыгы 0,01% дан аз жана 0,001%дан жогору же барабар).
Нерв системасы тарабынан: баш айлануу, баш оору, эсин жоготуу, парестезия.
ЖЖЖ тарабынан: жүрөктүн кагышы, тахикардия, кан басымынын төмөндөшү, коллаптоиддик абал, ысыктык сезими, бетке кандын шыкалуусу, перифериялык шишиктер.
Дем алуу органдары тарабынан: колко карышуусу, демигүү.
Ашказан-ичеги жолу тарабынан: ичтин таралган оорушу, эпигастралдык аймагындагы оору, ич өтүү, даамдын бузулушу, жүрөк айлануу, кусуу.
Тери катмарлары тарабынан: эритема, кычышуу, бөртмөлөр, пигментациянын бузулушу, тердөөнүн жогорулоосу.
Таяныч-кыймыл аппараты тарабынан: артралгия, белдин оорушу, муундардын шишиги, миалгия, бутунун оорушу.
Иммундук системасы тарабынан: аллергиялык, анафилактоиддик реакциялар, анын ичинде, беттин шишиги, кекиртектин шишиги.
Ийне сайган жердеги жалпы мүнөздөгү бузулуулар жана реакциялар: астения, көкүрөктүн оорушу, көкүрөктө оордук сезими, алсыздык, инъекция болгон жерде оору жана шишик (айрыкча, препаратты экстравазалдык колдонууда), өзүн жаман сезүү, кубаруу, дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу.
Башка дары препараттары менен өз ара аракеттенүү
Опцифер ичип кабыл алуу үчүн темирдин дарылоо формалары менен бир убакта дайындалбашы керек, анткени ашказан-ичеги жолунан темирдин сиңүүсүн азайтууга жардам берет. Оозеки темир препараттары менен дарылоону акыркы инъекциядан кийин 5 күндөн кеч эмес баштоого болот.
Опциферди бир шприцке стерилдүү физиологиялык эритме менен гана аралаштырса болот. Эч кандай башка к/га куюу үчүн эритмелерди жана терапиялык препараттарды кошууга болбойт, анткени преципитация жана/же башка фармацевтикалык өз ара аракеттенүү коркунучу бар. Айнек, ПЭ жана ПВХдан башка материалдардан жасалган контейнерлер менен шайкештиги изилденген эмес.
ϴзгөчө көрсөтмөлөр
Темир [III] гидроксидинин сахароза комплекси аз кандуулук диагнозу тийиштүү лабораториялык маалыматтар менен тастыкталган бейтаптарга гана дайындалышы керек (мисалы, ферритиндин же гемоглобиндин жана гематокриттин кандын сары суусунда аныктоо, эритроциттердин санын жана алардын параметрлерин аныктоонун натыйжалары - эритроциттердин орточо көлөмү, эритроциттеги гемоглобиндин орточо курамы же эритроциттеги гемоглобиндин орточо концентрациясы).
Кан тамырга темир препараттары аллергиялык же анафилактоиддик реакцияларды пайда кылышы мүмкүн, алар өмүргө потенциалдуу кооптуулукту туудурушу мүмкүн. Ошондуктан аллергияга каршы препараттарды куюга даяр болуу жана жүрөк-өпкө реанимациясынын жалпы кадимки ыкмаларын колдонуу зарыл. Жогорку сезгичтүүлүктик реакциялары парентералдык темир комплекстерин мурда татаалдаштырбаган куюдан кийин белгиленген. Препаратты куюу учурунда жана инъекциядан кийин 30 минутадан кем эмес убакыт бою бейтаптар дайыма медициналык көзөмөл астында болушу керек.
Бронхиалдык астмасы, экземасы, поливаленттик аллергиясы, башка парентералдык темир препараттарына аллергиялык реакциялары менен бейтаптарга аллергиялык реакциялардын пайда болуу кооптуулугу жогору болгондуктан, препаратты этияттуулук менен колдонуу керек.
Өтө этияттуулук менен, темир [III] сахароза гидроксиди комплексин боор функциясы бузулган бейтаптарга дайындоо керек (декомпенсацияланган боор циррозу; инфекциялык гепатит, анын ичинде ферритиндин деңгээлинин жогорулашынан келип чыккан, ошондой эле курч же өнөкөт инфекциясы менен бейтаптарга, Ослер- Рандю-Вебер синдрому; курч стадиясында бөйрөктүн жугуштуу оорулары менен; көзөмөлсүз гиперпаратиреоз менен жабыркагандарга.
Темирди парентералдык куюу бактериялык же вирустук инфекциянын жүрүшүнө жагымсыз таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондой эле, сары сууну темир менен байланыштыруу жөндөмү төмөн жана/же фолий кислотасынын жетишсиздиги менен адамдарга препаратты колдонууда этияттуулук керек.
Препаратты куюу ылдамдыгын катуу сактоо керек (препаратты тез колдонуу менен кан басымы төмөндөшү мүмкүн). Жагымсыз кыйыр көрүнүштөрдүн (айрыкча, кан басымынын төмөндөшү) жогору болушу, ошондой эле катуу болушу мүмкүн, дозанын көбөйүшү менен байланыштуу. Ошентип, «Колдонуу жолу жана дозалары» бөлүмүндө келтирилген препараттарды колдонуу убактысы, эгерде пейтаппрепаратты максималдуу көтөрүмдүү бир жолку дозада кабыл албаса да, катуу көзөмөлгө алынышы керек.
Кан тамырдын айланасындагы мейкиндикке препараттын киришине жол бербөө керек, анткени препараттын кан тамырдан тышкары чыгуусу ткандардын некрозуна жана теринин күрөң түскө боёлушуна алып келет. Препараттын кан тамырдын айланасындагы мейкиндикке байкабай кирип кеткен учурда дарылоо медициналык тажрыйбанын стандарттарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Контейнерди биринчи ачкандан кийинки жарактуулук мөөнөтү: микробиологиялык көз караштан алганда, препаратты дароо колдонулушу керек.
Физиологиялык эритмени суюлтулгандан кийин сактоо шарты: бөлмө табында суюлтуудан кийин химиялык жана физикалык туруктуулук 12 саатты түзөт. Микробиологиялык көз караштан алганда, препарат дароо колдонулушу керек.
Эгерде препарат суюлтулгандан кийин дароо колдонулбаса, колдонуучу сактоо шарттарына жана убактысына жооп берет, эгерде суюлтуу көзөмөлгө алынган жана кепилдик берилген асептикалык шарттарда жүргүзүлсө, бөлмө табында 3 сааттан ашпоого тийиш.
Педиатрияда колдонуу
Опцифер препаратын балдарда колдонуу жетиштүү деңгээлде изилденген эмес жана балдарда колдонуу үчүн сунушталбайт.
Кош бойлуулук же эмчек эмизүү мезгили
Кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында кош бойлуу аялдарга темир жана сахароза комплексин колдонуу боюнча маалыматтар жок. Колдонуу боюнча маалыматтары Опциферди кош бойлуулуктун экинчи жана үчүнчү үч айлыгында кош бойлуу аялдарда эненин же жаңы төрөлгөн ымыркайдын коопсуздугу боюнча эч кандай маселе жок.
Препаратты дайындоодон мурун кооптуулук/пайдага кылдат баалоо жүргүзүү керек. Oпцифер кош бойлуулук мезгилинде, так зарылчылык болгон учурларды кошпогондо.
Кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында темир жетишсиздик аз кандуулугун, көп учурларда, пероралдык темир препараттары менен дарылоо мүмкүн. Опцифер препараты менен дарылоо кош бойлуулуктун экинчи жана үчүнчү үч айлыгы менен гана чектелиши керек, эгерде потенциалдуу пайда эне жана түйүлдүк үчүн кооптуулуктан жогору болгон учурда.
Парентералдык темирди куюдан кийин түйүлдүктө брадикардия пайда болушу мүмкүн. Адатта, бул симптом тез жоголот жана эненин жогорку сезгичтүүлүктик реакциясынын натыйжасы болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга парентералдык темир препараттарын кан тамырга куюда түйүлдүккө кылдат байкоо жүргүзүү керек.
Темир жана сахароза комплексин кан тамырга куюдан кийин адамдын эмчек сүтүнө темирдин өтүшү жөнүндө чектелүү маалыматтар бар.
Бир клиникалык изилдөөдө темирдин жетишсиздиги менен 10 дени сак бала эмизген эне темир сахароза түрүндө 100 мг темирди кабыл алышкан. Дарылоодон төрт күн өткөндөн кийин, эмчек сүтүндө темир мазмуну көбөйгөн эмес жана контролдоо тобунан эч кандай айырмачылыктар болгон эмес (n = 5).
Эмчек сүтү аркылуу жаңы төрөлгөн балдарга/ымыркайларга Опцифер препаратынан темир таасиринин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга болбойт, ошондуктан кооптуулук/пайдага баа берүү зарыл.
Клиникага чейинки маалыматтар эмчек эмизүүчүлөргө түз же кыйыр зыяндуу таасирлерди аныктаган эмес. 59Fe менен белгиленген темир сахароза менен азыктанган эмизген келемиштерде темирдин сүткө аз бөлүнүп чыгышы жана темирдин тукумга өтүшү байкалган. Метаболизацияланбаган темир сахаратынын эмчек сүтүнө кирүү ыктымалдыгы аз.
Клиникага чейинки изилдөөлөр репродуктивдүү функцияга түз же кыйыр зыяндуу таасирин тапкан эмес.
Препараттын транспорт каражатын же потенциалдуу кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасиринин өзгөчөлүктөрү
Бул препарат авто унаа башкаруу жана механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө жагымсыз таасир этиши мүмкүн эмес. Бирок, баш айлануу, баш аламандык же эс-учун жоготуу сыяктуу симптомдордун өнүгүшү менен бейтаптар бул симптомдор жоюлмайынча транспорт каражаттарын же механизмдерди башкарууга болбойт.