Колдонууга көрсөтмөлөр
Цефтриаксонду сульбактам менен айкалыштырууга сезгич козгогучтар тарабынан козголгон инфекциялык жана сезгенүү оорулары: бөйрөк жана заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары; төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары (пневмонияны кошо алганда); ЛОР – органдарынын инфекциялары (курч отитти кошо алганда); бактериялык менингит; септицемия: сөөк, муун инфекциялары; теринин жана жумшак ткандардын инфекциялары (жараат инфекцияларын кошо алганда); жыныс органдарынын инфекциялары, анын ичинде татаалдашпаган гонорея; операциядан кийинки инфекцияларды алдын алуу.
Дозасы жана колдонуу жолу
Парентералдык түрдө колдонулат: булчуңга же кан тамырга куюлат. Дозасы, ыкмасы, колдонуу схемасы жана терапиянын узактыгы көрсөтмөгө, клиникалык абалга жана жаш куракка жараша жекече аныкталат.
Чоңдор жана 12 жаштан жогорку балдар үчүн стандарттуу доза суткасына бир жолу 1-2 г цефтриаксонду (0,5-1 г сульбактам) түзөт же 2 ал жолу куюга бөлүнөт (ар бир 12 саат сайын).
Оор учурларда же цефтриаксонго орточо гана сезгичтиги бар козгогучтар пайда кылган инфекцияларда суткалык дозаны 4 г чейин көбөйтүүгө болот. Сульбактамдын максималдуу суткалык дозасы 4 г түзөт.
12 жашка чейинки балдар үчүн дозасы жана колдонуу схемасы көрсөтмөлөргө жана дене салмагына жараша аныкталат.
Кыйыр таасирлери
Аллергиялык реакциялар: дене табынын көтөрүлүшү же чыйрыгуу, анафилактикалык же анафилактоиддик реакциялар (мисалы, бронхоспазм), бөртмө, кычышуу, аллергиялык дерматит, бөрү жатыш, шишимик, көп формалуу экссудативдүү эритема, Стивенс-Джонсон синдрому, Лайелл синдрому, аллергиялык пневмонит, сары суу оорусу.
Нерв системасы тарабынан: баш оору, баш айлануу, карышуулар, вертиго.
Тамак сиңирүү системасы тарабынан: ичтин оорушу, ич өтүү, жүрөк айлануу, кусуу, даам сезүүнүн бузулушу, диспепсия, ичтин көбүшү, стоматит, глоссит, панкреатит, псевдомембраноздук колит.
Боор жана өт жолдору тарабынан: холелитиаз, өт баштыкчасынын «сладж-феномени», сарык.
Кан жаратуу системасы тарабынан: аз кандуулук (анын ичинде гемолитикалык), лейкопения, лимфопения, лейкоцитоз, лимфоцитоз, моноцитоз, нейтропения, тромбоцитопения, тромбоцитоз, эозинофилия, гранулоцитопения, базофилия, протромбин убактысынын көбөйүшү (азайышы), тромбопластин убактысынын көбөйүшү, агранулоцитоз.
Заара бөлүп чыгаруу системасы тарабынан: жыныс органдарынын микоздору, олигурия, вагинит, нефролитиаз.
Жергиликтүү реакциялар: кан тамырга куюлганда - флебит, оору, кан тамыр боюндагы катуулануу; булчуң ичине куюлганда - оору, дары колдонулган жерде жылуулук сезими, кысылуу же катуулануу.
Лабораториялык параметрлер тарабынан: боор трансаминазаларынын жана шакардуу фосфатазанын активдүүлүгүнүн жогорулашы, гипербилирубинемия, гиперкреатининемия, мочевина концентрациясынын жогорулашы, заарада тунмалардын пайда болушу, глюкозурия, гематурия.
Башкалар: тердөөнүн көбөйүшү, «шыкалуулар», мурундан кан агуу, жүрөктүн кагышынын тездеши жана өпкөдө преципитаттардын пайда болушу.
Колдонууга каршы көрсөтмөлөр
Сульбактамга жана цефтриаксонго, ошондой эле башка цефалоспориндерге, пенициллиндерге, бета-лактам антибиотиктерине оору таржымалындагы жогорку сезгичтик; толук мөөнөттүү жаңы төрөлгөн балдардагы гипербилирубинемия же сарык; 41 жумалык "күтүлгөн" курактан жете элек (жатын ичиндеги өнүгүү мезгилин жана жашын эске алуу менен) мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн балдар; кальций камтыган эритмелерди кан тамырга куюу үчүн көрсөтүлгөн толук мөөнөттүү жаңы төрөлгөн балдар; толук мөөнөттүү жаңы төрөлгөн балдардагы ацидоз, гипоальбуминемия.
Этияттык менен
Бактерияга каршы препараттарды колдонуу менен байланышкан жаралуу колит, боор жана бөйрөктүн функциясынын бузулушу, энтерит жана колит үчүн.
Колдонуудагы өзгөчө эскертүүлөр жана алдын алуучу сактык чаралары
Дарылоону баштоодон мурун, β-лактамдык антибиотиктерге (пенициллиндер, цефалоспориндер, карбапенемдер) болгон жогорку сезгичтик реакциялары боюнча толук медициналык оору таржымалды чогултуу керек.
Эгерде оор жогорку сезгичтик реакциялары (анын ичинде анафилаксия) пайда болсо, препаратты колдонууну дароо токтотуу жана тиешелүү дарылоону баштоо керек. Цефтриаксонду кошо алганда, бактерияга каршы препараттарды колдонууда Clostridioides difficile менен байкалышкан ич өтүүнүн, жеңилден өмүргө коркунуч туудурган колитке чейинки учурлары катталган.
Эгерде бул абалга шек жаралса же тастыкталса, бактерияга каршы дарылоону токтотуу жана спецификалык дарылоону баштоону карап көрүү керек.
Цефтриаксондун өпкөдө жана бөйрөктө кальций тузунун чөкмөлөрү пайда болгон учурлары, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдардагы өлүмгө алып келген учурлар катталган. Цефтриаксон төмөнкү учурларда каршы көрсөтүлгөн:
• кальций камтыган эритмелерди куюну талап кылган жаңы төрөлгөн балдар (≤28 күн)
• бир эле инфузиялык жол аркылуу кальций камтыган эритмелер менен бир убакта колдонуу
Улгайган бейтаптарда препаратты кальций камтыган эритмелер менен аралаштырууга же бир убакта колдонууга болбойт.
Цефтриаксон билирубинди альбумин менен байланышуусунан сүрүп чыгарышы мүмкүн.
Төмөнкүлөрдө колдонууга каршы көрсөтүлөт:
• ара төрөлгөн ымыркайлар
• гипербилирубинемия менен төрөлгөн толук мөөнөттүү ымыркайлар
Иммундук гемолитикалык аз кандуулук, анын ичинде оор жана өлүмгө алып келген учурлар тууралуу билдирүүлөр болгон.
Эгерде белгисиз этиологиядагы аз кандуулук пайда болсо, гемолитикалык келип чыгышы мүмкүн экендигин карап чыгып, дарылоону токтотуу керек.
УДИ аркылуу аныкталган өт баштыгында чөкмөлөр (псевдохолелитиаз) цефтриаксонду колдонуу менен пайда болушу мүмкүн. Бул абал, адатта, дарылоону токтоткондон кийин калыбына келет. Эгерде симптомдор пайда болсо, дарылоону токтотууну карап көрүү керек. Өт жолдорунун бүтөлүшү менен байланышкан сейрек кездешүүчү панкреатит учурлары тууралуу кабарлоолор болгон.
Коркунуч факторлору: оор оору, парентералдык тамактануу.
Узак убакыт аралыгында колдонууда сезгич эмес микроорганизмдер менен козголгон суперинфекция пайда болушу мүмкүн. Клиникалык мониторинг жана дарылоо тууралоо талап кылынат.
Жалган оң Кумбс сынамы, галактоземияга жалган оң тесттери жана заарадагы глюкозаны аныктоодо жалган оң жыйынтыктары (ферменттик эмес ыкмалар) пайда болушу мүмкүн.
Боордун жана бөйрөктүн функциясыныны оор бузулууларында цефтриаксондун концентрациясын көзөмөлдөө талап кылынат жана дозасын тууралоо зарыл болушу мүмкүн.
Цефтриаксон К витамининин синтезине тийгизген таасиринен улам кан агуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн.
Антикоагулянттар менен бирге колдонулганда кандын уюшунун параметрлерин көзөмөлдөө сунушталат.
Препарат натрийди камтыйт, аны натрий менен чектелген мүнөздүү тамактануудагы бейтаптар эске алышы керек.
Сульбактам, β-лактамаза ингибитору катары, цефтриаксондун таасирин күчөтүшү мүмкүн, бирок ал олуттуу көз карандысыз бактерияга каршы активдүүлүккө ээ эмес (айрым штаммдарды кошпогондо), айкалыштыруунун клиникалык натыйжалуулугу боюнча маалыматтар чектелүү.
Кош бойлуулук жана бала эмизүү учурунда колдонуу
Цефтриаксон жана сульбактам бала тон тосмосу аркылуу өтөт. Кош бойлуу аялдарда колдонуу боюнча маалыматтар чектелүү. Клиникага чейинки изилдөөлөрдө репродуктивдүүлүк функциясына түз же кыйыр жагымсыз таасирлерин аныктаган эмес. Препарат кош бойлуулук учурунда эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн мүмкүн болгон кооптуулуктан жогору болгон учурда гана колдонулушу мүмкүн.
Цефтриаксон эмчек сүтүнө аз концентрацияда бөлүнүп чыгат. Сульбактам да эмчек сүтүнө бөлүнүп чыгышы мүмкүн.
Эне сүтүн эмип жаткан ымыркайларда ич өтүү, былжырлуу чел кабыктын кандидозу жана сенсибилизация пайда болушу мүмкүн. Эгерде препаратты колдонуу зарыл болсо, бала эмизүүнү токтотууну карап көрүү керек.
Клиникага чейинки изилдөөлөрдө цефтриаксондун же сульбактамдын фертилдүүлүккө тийгизген таасири аныкталган эмес. Адамдарда клиникалык маалыматтар жок.
Боордун функциясынын бузулушунда колдонулушу
Боордун оор алсыздыгы бар бейтаптарда этияттык менен колдонуу керек. Эгерде бөйрөк функциясы нормалдуу бойдон калса, дозасын тууралоо талап кылынбайт.
Бөйрөк жана боор алсыздыгы айкалышкан учурда, цефтриаксондун плазмадагы концентрациясын үзгүлтүксүз аныктап, зарыл болсо, анын дозасын тууралап туруу керек.
Бөйрөк функциясынын бузулушунда колдонуу
Бөйрөк алсыздыгы оор бейтаптарда этияттык менен колдонуу керек. Эгерде боордун функциясы нормалдуу бойдон калса, дозасын тууралоо талап кылынбайт.
Бөйрөк жана боор алсыздыгы айкалышкан учурда, цефтриаксондун плазмадагы концентрациясын үзгүлтүксүз аныктап, зарыл болсо, анын дозасын тууралап туруу керек.
Балдарда колдонуу
Толук мөөнөттүү жаңы төрөлгөн балдарда гипербилирубинемия же сарык учурларда колдонуу каршы көрсөтүлгөн; 41 жумалык "болжолдуу" мөөнөткө жете элек (жатын ичиндеги өнүгүү мезгилин жана жашын эске алуу менен); кальций камтыган эритмелерди кан тамырга куюу үчүн көрсөтмөсү бар толук мөөнөткө жетип төрөлгөн ымыркайларда колдонууга каршы көрсөтүлөт.
Улгайган бейтаптарда колдонуу
Улгайган бейтаптарда бул айкалыш жаш курагына жараша түзөтүүлөрсүз, кадимки чоңдор үчүн дозаларда колдонулат.
Дарылык өз ара таасирденүүлөр жана өз ара таасирденүүнүн башка түрлөрү
Цефтриаксонду кальций камтыган эритмелер (анын ичинде Рингер жана Хартман эритмелери) менен аралаштырууга же бир убакта куюга болбойт, анткени преципмтаттардын пайда болуу коркунучу бар.
Жаңы төрөлгөн балдарда өпкөдө жана бөйрөктө эрибеген комплекстердин пайда болуу коркунучу бар, анын ичинде өлүмгө алып келүүчү учурлар да.
28 күндөн ашкан бейтаптарда инфузиялык системаны жакшылап жууп салуудан кийин ыраттуу түрдө куюга уруксат берилет.
Антикоагулянттар менен бир убакта колдонулганда, антикоагулянттык таасирдин жогорулашы жана кан кетүү коркунучунун жогорулашы мүмкүн.
Коагулятция параметрлерин (анын ичинде INR) көзөмөлдөө сунушталат жана зарыл болгон учурда, антикоагулянттык дозаны тууралоо сунушталат.
Кээ бир грам-терс микроорганизмдерге карата синергизмдин болушу мүмкүн экендиги байкалган.
Бирок, бир убакта колдонулганда, бөйрөктүн функциясын көзөмөлдөө керек жана бир эле эритмеде аралаштырууга болбойт (фармацевтикалык шайкеш келбестик). Бактериостатикалык антибиотиктер (мисалы, тетрациклиндер, макролиддер, хлорамфеникол) цефтриаксондун бактерициддик таасирин төмөндөтүшү мүмкүн.
Цефтриаксон гормоналдык контрацептивдердин натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн.
Кошумча гормоналдык эмес контрацептивдик ыкмаларды колдонуу сунушталат.
Пробенецид цефтриаксондун бөлүнүп чыгарылышына клиникалык жактан маанилүү таасир этпейт.
Илмектүү диуретиктердин (мисалы, фуросемид) жогорку дозалары менен бир убакта колдонулганда, нефротоксиндүүлүктүн жогорулашы байкалган жок. Буга карабастан, бөйрөктүн функциясына клиникалык көзөмөл жүргүзүү сунушталат.
Цефтриаксонду колдонуу менен дисульфирам сыяктуу реакциялар белгиленген эмес.
Сульбактам β-лактамдык антибиотиктердин активдүүлүгүн күчөтүшү мүмкүн жана β-лактамдардан башка олуттуу көз карандысыз өз ара таасирденүүлөрдү көрсөтпөйт. Бул айкалыш менен белгилүү бир өз ара таасирденүүлөр боюнча клиникалык маалыматтар чектелүү.
Ашыкча доза жана аны дарылоо
Инъекция үчүн цефтриаксон + сульбактамдын курч уулуулугу жөнүндө маалымат чектелүү. Ашыкча дозаны дарылоо үчүн атайын антидот жок. Гемодиализ препараттты организмден натыйжалуу чыгарууну камсыздабайт. Ошондуктан, инъекция үчүн цефтриаксон жана сульбактам менен ашыкча дозаланууну дарылоо колдоочу жана симптоматикалык болуп саналат.