Колдонууга көрсөтмɵлɵр
Препаратка сезгич микроорганизмдер менен шартталган инфекциялык жана сезгенүү оорулары:
-фарингит, тонзиллит, синусит;
-курч жана өнөкөт бронхит;
-ортоңку отит;
-заара чыгаруу жолдорунун оорлошпогон инфекциялары;
-оорлошпогон гонорея;
-бактериялык гастроэнтерит
Каршы көрсөтмөлөр
-цефиксимге же препараттын кандайдыр бир курамдык бɵлүктɵрүнɵ жогорку сезгичтик;
-цефалоспориндерге же пенициллиндерге жогорку сезгичтик;
-Бул дары түрүндө өнөкөт бөйрөк алсыздыгы жана дене салмагы 25 кг аз балдар үчүн колдонуу сунушталбайт.
Этияттык менен
Улгайган курак, бөйрөк алсыздыгы, колит (оору таржымалда), кош бойлуулук.
Колдонуу жолу жана дозасы
Чоңдор жана салмагы 50 кг ашык балдар үчүн суткалык дозасы бир же эки жолу кабыл алууга 400 мг түзөт. Дене салмагы 25-50 кг балдар үчүн препарат бир жолу кабыл алууга суткасына 200 мг дозада дайындалат. Таблетканы түздɵн-түз кабыл алуунун алдында бир кашык (15 мл) кайнатылган жана муздатылган сууда эритүү керек. Дарылоонун узактыгы оорунун мүнөзүнө жана инфекциянын түрүнө жараша болот. Инфекциянын симптомдору жана/же калтырак басуу жоголгондон кийин, препаратты 48-72 сааттан кем эмес кабыл алууну улантуу сунушталат. Дем алуу жолдорунун инфекцияларын жана ЛОР органдарын дарылоо курсу 7-14 күндү түзɵт. Streptococcus pyogenes менен шартталган тонзиллофарингитте дарылоонун узактыгы 10 күндөн кем эмес болушу керек. Татаал эмес гонорея үчүн препарат 400 мг бир жолу дайындалат. Аялдардын төмөнкү заара чыгаруу жолдорунун оорлошпогон инфекциялары үчүн препаратты 3-7 күн ичинде, аялдардын жогорку заара чыгаруу жолдорунун оорлошпогон инфекциялары үчүн - 14 күн дайындоого болот. Эркектердеги жогорку жана төмөнкү заара чыгаруу жолдорунун оорлошпогон инфекцияларында дарылоонун узактыгы 7-14 күндү түзɵт.
Бөйрөк функциясынын бузулуусу болгон учурда доза кандын сарысуусундагы креатинин клиренсинин кɵрсɵткүчүнɵ жараша дайындалат. Креатинин клиренси 21-60 мл/мин болгондо же гемодиализден өтүп жаткан бейтаптарда суткалык дозасын 25% га азайтуу зарылчылыгынан улам, препараттын башка дары түрлɵрүн колдонуу сунушталат. Креатинин клиренси 20 мл/мин же андан аз болгондо же перитонеалдык диализден ɵтүп жаткан бейтаптарда суткалык дозасын 2 эсеге азайтуу керек.
Кыйыр таасирлери
Кыйыр таасирлери катталган учурлардын жыштыгы боюнча классификацияланат: абдан тез-тез: (> 10%); тез-тез (1-10%); кɵп эмес (0,1-1%); сейрек (0,01-0,1%); өтө сейрек (≤ 0,01%).
Кан системасы жана кан жаратуу органдары тарабынан:
Өтө сейрек: ɵтүп кетүүчү лейкопения, агранулоцитоз, панцитопения, тромбоцитопения же эозинофилия. Кандын уюгучтугунун бузулушунун айрым учурлары тууралуу билдирилген.
Жыштыгы белгисиз: гемолитикалык анемия.
Аллергиялык реакциялар:
Сейрек:аллергиялык реакциялар (мисалы: уртикария, исиркектер, эритема multiforme, кычышуу).
Өтө сейрек: Лайелл синдрому (уулуу эпидермалдык некролиз); сенсибилизация менен байланышкан башка аллергиялык реакциялар - дарылык калтырак басуу, сары суу оорусу сымал синдром, гемолитикалык анемия жана интерстициалдык нефрит, Стивенс-Джонсон синдрому, анафилактикалык шок. Кээ бир бейтаптарда эозинофилия жана системалуу көрүнүштөр менен дары бɵртмɵсүнүн синдрому учурларын белгиленген.
Нерв системасы тарабынан:
Көп эмес: баш оору, баш айлануу, дисфория, тынчсыздануу.
Дем алуу системасы тарабынан:
Жыштыгы белгисиз: диспноэ.
Тамак сиңирүү системасы тарабынан реакциялары:
Тез-тез: ичтин оорушу, тамак сиңирүүнүн бузулуусу, жүрөк айлануу, кусуу жана диарея.
Өтө сейрек:пбсевдомбраноздук колит.
Гепатобилиардык система тарабынан:
Сейрек: шакардык фосфатазанын жана "боор" трансаминазаларынын активдүүлүгүнүн жогорулашы, кандагы билирубиндин концентрациясынын жогорулашы.
Абдан сейрек: гепатит жана холестатикалык сарыктын айрым учурлары.
Заара-жыныс системасы тарабынан:
Өтө сейрек: кандагы креатинин жана мочевина концентрациясынын бир аз жогорулашы, гематурия жана тубулоинтерстициалдык нефрит менен коштолгон курч бөйрөк алсыздыгынын ɵнүгүшү мүмкүн.
Кан жаратуу органдар тарабынан: панцитопения, лейкопения, нейтропения, агранулоцитоз, тромбоцитопения, гемолитикалык анемия, апластикалык анемия, кан агуу.
Заара-жыныс системасы тарабынан: вагинит
Лабораториялык көрсөткүчтөр: "боор" трансаминазаларынын жана шакардык фосфатазанын активдүүлүгүнүн деӊгээлинин жогорулашы, гипербилирубинемия, мочевина азотунун көбөйүшү, гиперкреатининемия, протромбиндик убакыттын көбөйүшү.
Башкалар: кандидамикоз, сары суу оорусу сыяктуу реакциялар, карышуу.
Ɵзгɵчɵ көрсөтмөлөр
Пенициллиндер менен кайчылаш аллергиялык реакциялардын пайда болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу, бейтаптын медициналык оору таржымалын кылдаттык менен баалоо сунушталат. Эгерде аллергиялык реакция пайда болсо, препаратты колдонуу дароо токтотулушу керек. Эгерде уулуу эпидермалдык некролиз (Лайелл синдрому), Стивенс-Джонсон синдрому, эозинофилия менен дарылык бɵртмɵ жана системалык көрүнүштөр пайда болсо, цефиксимди колдонууну токтотуп, тийиштүү дарылоону жүргүзүү керек.
Эгерде анафилактикалык шок пайда болсо, препаратты колдонууну токтотуу жана эпинефрин (адреналин), системалуу глюкокортикостероиддерди жана антигистаминдик препараттарды куюу керек.
Препараттык узак убакыттын аралыгында кабыл алууда ичегинин нормалдуу микрофлорасы бузулушу мүмкүн, бул Clostridium difficile ашыкча көбөйүшүнө жана псевдомембраноздук колиттин өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Антибиотик менен байланышкан диареянын жеңил формалары пайда болсо, адатта, дарыны колдонууну токтотуу жетиштүү. Оор формаларында корректировкалоочу дарылоо сунушталат (мисалы, ванкомицинди 250 мг дан күнүнө 4 жолу ичип кабыл алуу). Псевдомембраноздук колиттин өнүгүшүндө АИЖ моторикасын тоскоол кылуучу ич ɵтүүгɵ каршы дарылар каршы көрсөтүлөт.
Башка цефалоспориндер сыяктуу эле, цефиксим тубулоинтерстициалдык нефрит менен коштолгон курч бөйрөк алысыздыгына алып келиши мүмкүн. Курч бөйрөк алсыздыгы пайда болгондо цефиксимди колдонууну токтотуу жана тиешелүү чараларды жана/же дарылоону баштоо керек.
Цефивел-200 ДТ препаратын аминогликозиддер, полимиксин В, натрий колистиметаты, "илмек" диуретиктери (фуросемид, этакрин кислотасы) менен бир убакта жогорку дозаларда колдонууда бөйрөктүн функциясына мониторинг жүргүзүү зарыл. Цефивел-200 ДТ препараты менен узак мөөнөттүү дарылоодон кийин гемопоэз функциясынын абалын текшерүү керек. Эрүүчү таблеткаларды сууда гана эритүү керек. Дарылоо учурунда, экспресс-диагностика үчүн кээ бир тесттик системаларды колдонууда, жалган-оң түз Кумбс реакциясы жана заарада глюкозаны аныктоодо жалган-оң реакциясы болушу мүмкүн.
Кош бойлуу жана эмчек эмизүү учурунда колдонуу
Кош бойлуулук учурунда Цефивел-200 ДТ препаратын колдонуу эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн потенциалдуу коркунучтан жогору болгон учурларда мүмкүн болот. Эгерде бала эмизүү мезгилинде препаратты колдонуу зарыл болсо, эмчек эмизүүнү токтотуу керек.
Транспорт каражаттарын адоо жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Цефивел-200 ДТ препаратынын транспорт каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмүнө тийгизген таасири боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Мүмкүн болгон жагымсыз таасирлерден (мисалы, баш айлануу) этияттуулукту сактоо керек.
Башка дары каражаттар менен өз ара таасирденүүсү
Каналчалуу секрециянын блокаторлору (пробенецид ж. б.) цефиксимдин бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгышын жайлатат, бул ашыкча дозалануу симптомдоруна алып келиши мүмкүн.
Цефиксим протромбин индексин төмөндөтөт жана кыйыр антикоагулянттардын таасирин күчөтөт.
Цефиксимди карбамазепин менен бир убакта колдонууда акыркынын плазмадагы концентрациясынын жогорулашы байкалган; Мындай учурларда, дарылык мониторинг жүргүзүү максатка ылайыктуу.
Ашыкча доза
Максималдуу суткалык дозадан ашкан дозаларда кабыл алынганда, жогоруда сүрөттөлгөн дозага көз каранды кыйыр таасирлердин жыштыгы көбөйүшү мүмкүн.
Дарылоо: ашказанды жуу; симптоматикалык жана колдоочу дарылоо жүргүзүлɵт. Гемодиализ жана перитонеалдык диализ натыйжалуу эмес.
Чыгаруу формасы
200 мг дан эрүүчү таблеткалар. 10 таблетка алюминий блистер таңгакчасында.
1 блистер нускамасы менен бирге картон кутучага салынган