Колдонууга көрсөтмө: Кызыл жүгүрүк оорулардагы оору синдромун кыска мөөнөттүү дарылоо (ревматоиддик артрит, остеоартроз). Невралгия, миалгия, люмбоишалгия, мертинүүдөн кийинки оору синдрому, сезгенүү, операциядан кийинки оору, баш оору, шакый, альгодизменорея, аднексит, проктит, тиш оорусу.
Айкын ооруу жана калтыроо синдрому менен кулак, тамак, мурундун жугуштуу жана сезгенүү ооруларын комплекстүү дарылоонун курамында (фарингит тонзиллит, отит).
Каршы көрсөтмөлөр: Жогорку сезгичтүүлүк (анын ичинде башка ССКП), ашказан-ичеги жолунун эрозия-жаралары (курч фазада), ашказан-ичеги жолунан кан кетүү, ацетилсалицил кислотасын же башка ССКП ичип алгандан кийинки бронхообструкция, ринит, бөрү жатыш тууралуу анамнестикалык маалыматтар (ацетилсалицил кислотасын - толук же толук эмес кетере албастык синдрому - риносинусит, бөрү жатыш, мурундун былжырлуу полиптери, бронхиалдык астма), аортокоронардык артерияны шунтоодон кийинки мезгил, курч фазада ашказан-ичеги сезгенүүсү, боордун айкын алсыздыгы же катуу активдүү оорусу, бөйрөктүн катуу оруусу (креатинин клиренсинен 30мл/мин га аз), прогрессивдүү бөйрөк оорулары, кан жаратуунун бузулушу, гемостаздын бузулушу (гемофилияны кошо алганда), кош бойлуулук, балдар курагы, бала эмизүү.
Этияттуулук менен: Жүрөктүн ишемиялык оорулары, цереброваскулярдык оору, аз кандуулук, бронхиалдык астма, жүрөктүн кыймылсыз жетишсиздиги, дислипидемия / гиперлипидемия, аргериялык гипертензия, шишик синдрому, боор же бөйрөк алсыздыгы, залалсыз гипербилирубинемия (Жильбер синдромун кошо алганда), алкоголизм, ашказан-ичеги жолунун күчөбөгөн эрозия жана жара оорулары, кант диабети, перифериялык артерия оорулары, кеңири операциядан кийинки абал, индукцияланган порфирия, улгайган курак, байланыштыруучу ткандын системалуу оорулары.
Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу: Каршы көрсөтүлгөн.
Колдонуу жолу жана дозасы: Ичип кабыл алуу үчүн, тамактануу учурунда же андан кийин, чайнабастан, көп өлчөмдөгү суу менен ичүү керек.
Чоңдор: 1 таблеткадан суткасына 2-3 жолу. Дарылоонун узактыгы 7 күнгө чейин.
12 жаштан жогорку балдар: дене салмагынын 2 мг/кг чейин суткалык дозасы, таблеткадагы диклофенактын курамына карата эсептелет.
Кыйыр таасирлери
Ашказан-ичеги жолу тарабынан: Тез-тез 1% - ич оору, ич көбүү сезими, диарея, көңүл айнуу, ич катуу, метеоризм, «боор» ферментгеринин деңгээлинин жогорулашы, мүмкүн болгон коштолгон оорулары бар пептикалык жара (кансыроо, перфорация), ашказап-ичегиден кан кетүү;
Сейрек 1% - кусуу, сарык, мелена, заңда кандын пайда болушу, кызыл өңгөчтүн бузулуусу, афтоздук стоматит, былжырлуу челдердин кургактыгы (анын ичинде ооздун), гепатит (тез жүрүүсү мүмкүн), боор некрозу, цирроз, гепаторнелдык синдром, табиттин өзгөрүшү, панкреатит, холецистопанкреатит, колит.
Борбордук нерв системасы тарабынан: Тез-тез 1% - баш оору, баш айлануу;
Сейрек 1% - уйкунун бузулушу, уйкусуроо, депрессия, кыжырдануу, асептикалык менингит (көбүнчө системалык кызыл канчоо жана башка бириктирүүчү ткандын системалык оорулары менен ооругандарда), карышуу, жалпы алсыздык, дезориентация, коркунучтуу түш көрүү сезими.
Сезүү органдары тарабынан: Тез-тез 1% - кулак чуулдоосу;
Сейрек 1% көрүүнүн так эместиги, диплопия, даамдын бузулуусу, кайтарылуучу же кайтарылбай турган угуунун начарлоосу, скотома.
Тери катмарлары тарабынан: Тез-тез 1% - теринин кычышуусу, тери бөртмөсү;
Сейрек 1% - алопеция, бөрү жатыш, экзема, токсикалык дерматит, көп формалуу экссудативдүү эритема (Стивенс-Джонсон синдромун кошо алганда), уулуу эпидермалдык некролиз (Леилла синдрому), фотосезгичтиктин жогорулашы, майда чекиттүү кан кетүүлөр.
Заара-жыныс системасы тарабынан: Тез-тез 1% - суюктуктун кармалышы;
Сейрек 1% - нефротикалык синдром, протеинурия, олигурия, гематурия, интерстициалдык нефрит, папиллярдык некроз, курч бөйрөк алсыздыгы, азотемия
Кан жаратуу органдар жана иммундук система тарабынан: Сейрек 1% - аз кандуулук (анын ичинде гемолитикалык жана апластикалык анемия), лейкопения, тромбоцитопения, эозинофилия, агранулоцитоз, тромбоцитопениялык пурпура, инфекциялык процесстердин жүрүшүнүн начарлашы (некротикалык фасциитта кошо алганда).
Дем алуу системасы тарабынан: Сейрек 1% - жөтөлүү, колко карышуусу, кекиртек шишиги, пневмонит.
Жүрок-кан тамыр системасы тарабынан: Сейрек 1% - артериалдык басымынын жогорулашы; кыймылсыз жүрөк жетишсиздиги, экстрасистолия, көкүрөк клеткасынын ооруусу.
Аллергиялык реакциялар: Сейрек 1% - анафилактоиддик реакциялар, анафилактикалык шок (көбүнчө тездик менен өнүгөт), ооздун жана тилдин шишимиги, аллергиялык васкулит.
Ашыкча дозалоо: Ашыкча дозалоонун оордугу, биринчи кезекте, препаратга парацетамолдун бар экендигине байланыштуу болот.
Симптомдору: колдонуудан кийинки биринчи 24 сааттын ичинде - теринин өңунүн кубарышы, жүрөк айлануу, кусуу анорексия, ич оору; глюкоза зат алмашуусунун бузулушу, метаболикалык ацидоз. Боор функциясынын бузулушунун симптомдору ашыкча дозалоодон 12-48 саат өткөндөн кийин байкалат. Ашыкча дозалоо оор болгон учурда - прогрессивдүү энцефалопатия, кома, өлүм менен байланышкан боордун алсыздыгы; түтүкчөлөрдүн некрозу менен бөйрөктүн курч алсыздыгы (анын ичинде боордун катуу жабыркашы болбогон учурда); аритмия, панкреатит. Чоңдордо гепатотоксикалык натыйжа 10 г же андан жогору дозаны ичкенде байкалат.
Дарылоо: SH тобундагы донаторлорду жана глутатион синтезине чейин турган метионинди ашыкча дозалангандан 8-9 сааттан кийин киргизүү жана ацетилцистеинди - 12 сааттан кийин берүү. Кошумча дарылоочу чараларды көрүү зарылдыгы (метионинди андан ары берүү, ацетилцистеиндин кан тамыр аркылуу куюу) парацетамолдун кандагы концентрациясына жараша, ошондой эле аны кабыл алгандан кийин өткөн мезгилге жараша аныкталаг.
Дарылардын өз ара таасири: Өз ара таасир препаратка кирген диклофенак жана парацетамол сыяктуу активдүү курам бөлүкгөр менен шартталган.
Диклофенак:
• Дигоксиндин, литий препараттарынын плазмадагы концентрациясын жогорулатат;
• Диуретиктердин натыйжасын азайтат, калий сактаган диуретиктердин фонунда гиперкалиемия өрчүү коркунучу жогорулайт; антикоагулянттар, антиагрегантгык жана тромболитикалык дары каражаттар (алкеплаз, стрептокиназа, урокиназа) фонунда кан кетүү коркунучу жогорулайт (көбүнчөАИЖ);
• Гипотензиялык жана уктатуучу дары каражаттардын таасирин төмөндөтөт;
• Башка ССКП глюкокортикостероиддердин терс натыйжалардын (тамак сиңирүү жолундагы кансыроо), метотрексаттын уулуулугунун жана циклоспоринин нефротоксикалык таасиринин пайда болуу мүмкүндүгүн жогорулатат (плазмада алардын концентрациясынын жогорулашына байланыштуу);
• Ацетилсалицил кислотасы кандагы диклофенактын концентрациясын төмөндөтөт;
• Гипогликемиялык дары каражаттар натыйжасын төмөндөтөт;
• Цефамандол, цефоперазон, цефотетан, вальпрой кислотасы жана пликамицин гипопротромбине-мияга чалдыгууну күчөтөт;
• Циклоспорин жана алтын препараттары диклофенактын бөйрөктөрдөтү простагландиндердин синтезине таасирин жогорулагат, бул нефротоксикалык өсүшү менен байкалат;
• Тандалма серотонинди кайтарымдуу курчоо ингибиторлору тамак сицирүү жолунан кан кетүү кооптуулугун жогорулатат;
• Этанол, колхицин, кортикотропин жана көзөнөкчөлүү сары чайчөп препараттары менен бир дайындоо тамак-аш сиңирүү жолундагы кан кетүү кооптуулугун жогорулатат;
• Фотосенсибилизацияга себеп болгон дары каражаттар диклофенактын ультрафиолет нурлануусуна сезгичтүү таасирин жогорулатат;
• Каналча секрециясын бөгөттөп турган дары каражаттар диклофенактын плазмалык копцентрациясын жогорулатат, натыйжада анын натыйжалуулугун жана токсиндүүлүгүн жогорулатат;
• Хинолон тобундагы бактерияга каршы препараттар талманын пайда болуу кооптуулугун жогорулат.
• Парацетамол:
• Урикозуриялык дары каражатардын натыйжалуулугун төмөндөтөт;
• Парацетамолду жогорку дозада бир эле жолу колдонуу антикоагулянт препараттарынын таасирин күчөтөт (боордогу прокоагулянт факгорлорунун синтезинин төмөндөшү);
• Боордогу микросомалдык кычкылдандыруунун индукторлору (фенитоин, этанол, барбитураттар, рифампицин, фенилбутазон, трициклдик антидепрессанттар), этанол жана гепатотоксикалык дары каражаттар гидроксилденген активдүү метаболитгердин өндүрүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, бул бир аз эле ашыкча дозаланганда да катуу интоксикацияны пайда кылат;
• Барбитураттарды узак мөөнеттүү колдонуу парацетамолдун натыйжалуулугун төмөндөтөт;
• Этанол курч пакреатиттин жана боордун бузулушун шартгайт;
• Микросомдук кычкылдануунун ингибиторлору (циметидинди кошо алганда) гепатотоксикалык таасирдин кооптуулугунтөмөндөтөт;
• Парацетамолдун жогорку дозасын жана салицилаттарды бир мезгилде узак колдонууга дайындоо бөйрөк же табарсык рагынын пайда болуу кооптуулугун жогорулатат;
• Дифлунисал парацетамолдун плазмалык концентрациясын 50% га жогорулатат - гепатотоксия өрчүү кооптуулугу;
• Миелотоксикалык дары каражаттар парацетамолдун гематоксиясынын пайда болуусун жогорулатат.
Өзгөчө көрсөтмөлөр: Препарат менен дарыланып жаткан мезгилде перифериялык кандын, боор функциясынын, бөйрөктүн абалын жана заңдын курамында кандын жок болушун текшерүү керек. Препаратты кабыл алган бейтаптар жогорку көңүл бурууну жана тез психикалык жана кыймыл реакцияларын, алкоголь колдонууну талап кылган ишмердүүлүк түрлөрүнөн баш тартуусу керек. Бир учурда кошумча ССКП кабыл алууга болбойт, себеби жагымсыз реакциялардын пайда болуу тобокелдиги жогорулайт.
Препаратты колдонгондо, глюкозаны жана плазмадагы заара кислотасын сандык аныктоодо лабораториялык көрсөткүчтөр бурмаланышы мүмкүн,