Колдонууга көрсөтмөлөрПрепаратка сезгичтүү козгогучтар менен шартталган инфекциялар менен татаалдашкан дерматоздор, же эгерде мындай инфекцияларга шектенүү болсо, анын ичинде:
- жөнөкөй жана аллергиялык дерматит;
- атопиялык дерматит (анын ичинде диффузиялык нейродермит);
- чектелген нейродермит;
- экзема;
- дерматомикоз (дерматофития, кандидоз, түстүү чакалай), өзгөчө локализацияланган учурда чурай жана теринин чоң бүктөмөлөрү
Жөнөкөй өнөкөт чакалай (чектелген нейродермит).
Каршы көрсөтмөлөр- теринин кургак учугу;
- сифилистин тери көрүнүштөрү;
- суу чечек;
- жөнөкөй учук;
- эмдөөдөн кийинки тери реакциялары;
- ачык жаралар;
- 2 жашка чейинки бала курак;
- препараттынкурам бөлүктөрүнө жогорку сезгичтүүлүк.
Этияттык менен препаратты кош бойлуулук мезгилинде (айрыкча Iүч айлыкта), 2 жаштан 18 жашка чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө колдонуу керек.
Колдонуу жолу жана дозасыПрепарат сыртынан колдонулат.
Күнүнө эки жолу, эртең менен жана кечинде теринин жабыркаган жана курчап турган жерлерине жетиштүү өлчөмдөгү кремди жумшак укалоо керек, 2 жума бою жука чурай трихофитоз жана жылмакай теринин трихофитозу жана 4 жума бою тамандын терисинин мите козу карын инфекциясында.
Кремди герметикалык таңгыч менен колдонууга болбойт.
Эгерде жакынкы убакытта клиникалык жакшыруу жок болсо, анда диагнозду тактоо же дарылоо режимин өзгөртүү зарыл.
Өзгөчө көрсөтмөлөрПрепараттын көзгө кирүүсүнөн алыс болуу керек.
Эгерде туруктуу бактериялык же мите козу карын микрофлора пайда болсо, препаратты токтотуу жана тиешелүү дарылоону дайындоо керек.
Педиатрияда колдонуу2 жашка чейинки курактагы балдарга препаратты колдонууга каршы көрсөтүлгөн.
Препаратты 2 жаштан 18 жашка чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн
этияттуулук менен колдонулушу керек.
Балдардын дене салмагына салыштырмалуу чоңдорго караганда терисинин аянты чоңураак болгондуктан, ошондой эле эпидермис да өнүкпөгөндүктөн, препараты сыртынан колдонулганда таасир берүүчү заттардын пропорционалдуу түрдө көбүрөөк көлөмү сиңип калышы мүмкүн, демек, системалык кыйыр таасирлердин пайда болуу кооптуулугу жогору. Препарат балдарга мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жана бардык этияттуулук чараларын көрүү менен колдонулушу керек.
Кош бойлуу жана эмчек эмизүү мезгилинде колдонууКош бойлуулук учурунда (өзгөчө Iүч айлыкта) препаратты колдонууга эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн мүмкүн болуучу кооптуулуктан жогору болгон учурларда гана жол берилет. Мындай учурларда, препаратты колдонуу кыска мөөнөттүү болушу керек жана теринин кичинекей аймактары менен чектелиши керек.
Препараттын курам бөлүктөрү эмчек сүтү менен бөлүнүп чыгабы же жокпу белгисиз. Ошондуктан, лактация мезгилинде Опадерм препаратын колдонуу зарыл болгон учурда эмчек эмизүүнү токтотуу керек.
Транспорт каражаттарын айдоо жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасириОпадерм препаратынынтранспорт каражаттарын башкаруу жана механизмдер менен иштөө жөндөмүнө эч кандай таасири аныкталган эмес.
Кыйыр таасирлериЖергиликтүү реакциялар: кычышуу, күйүү сезими, кыжырдануу, кургак тери, фолликулит, гипертрихоз, стероиддик безетки, гипопигментация, аллергиялык реакциялар. Окклюзивдүү таңгычтарды колдонууда - мацерация, инфекция, теринин атрофиясы, стриялар, тердөө.
Системалык реакциялар: узакка созулган дарылоо же теринин ири аймактарына колдонуу менен – дене салмагынын жогорулоосу, остеопороз, кан басымынын жогорулашы, шишик, АИЖ былжырлуу челинин жарасы, инфекциянын жашыруун очокторунун күчөшү, гипергликемия, толкундануу, уйкусуздук, дисменорея.
Ашыкча дозаСимптомдоруЖергиликтүү ГКСти жогорку дозаларда узак мөөнөттүү колдонууда бөйрөк үстүндөгү бездердин иштешин басуу бөйрөк үстүндөгү бездердин экинчилик жетишсиздигинин жана гиперкортицизмдин симптомдорун, анын ичинде Кушинг синдромун өнүктүрүү менен мүмкүн.
Жергиликтүү колдонууда клотримазолдун ашыкча дозасы эч кандай симптомдордун пайда болуусунаалып келбейт.
Гентамициндин бир жолу ашыкча дозасы да кандайдыр бир симптомдорду жаратышы күтүлбөйт. Жогорку дозаларда гентамицин менен узак мөөнөттүү дарылоо сезгичтүү эмес флоранын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
ДарылооСимптоматикалык дарылоо жүргүзүү. Гиперкортизолизмдин курч белгилери, адатта, кайра кайтарылат. Зарыл болгон учурда электролиттик дисбалансты оңдоп түзөтүугө алып келет. Өнөкөт ГКС уулуулугунда ГКС акырындык менен алып салуу сунушталат.