Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Сүрөттөмө
1.НЕЙРОВИТ препараты деген эмне жана ал эмне үчүн колдонулат

НЕЙРОВИТ препаратынын курамында таасир берүүчү заттар катары В1, В6 жана В12 витаминдеринин айкалышы бар.
НЕЙРОВИТ витаминдер деп аталган дары препараттардын тобуна кирет.
Дары препараты чоңдордо жана 12 жаштан ашкан балдарда В1, В6 жана В12 витаминдеринин тастыкталган жетишсиздигинен келип чыккан, диетаны коррекциялоо менен оңдоого мүмкүн болбогон неврологиялык ооруларды дарылоо үчүн колдонулат.

Эгерде эч кандай жакшыруу болбосо же өзүңүздү начар сезсеңиз, дарыгерге кайрылышыңыз керек.

2.НЕЙРОВИТ препаратын колдонуудан мурун эмнелерди билишиңиз керек

НЕЙРОВИТ препаратын төмөнкү учурларда колдонбоңуз:
-эгер сизде В1 витаминине (тиамин гидрохлориди), В6 (пиридоксин гидрохлориди), В12 витаминине аллергия болсо (цианокобаламин) же колдонуу боюнча кошумча баракчанын 6-бөлүмүндө көрсөтүлгөн дары каражатынын башка компоненттери;
-эгер сизде курч декомпенсацияланган жүрөк жетишсиздиги болсо (дем алуунун кысылышы, теринин цианозу, баш айлануу жана көздүн карарышы, бут-колдун шишимиги, пароксизмалдуу жөтөл, алсыздык жана чарчоо сыяктуу жүрөк жетишсиздигинин симптомдорунун күчөшү менен мүнөздөлгөн өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин мезгили);
-эгер сизде жүрөктүн өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу болсо (жүрөктүн өткөрүмдүүлүк системасы аркылуу импульстардын кечигиши же тездеши жана натыйжада жүрөк ритминин бузулушу);
-эгер сиз кош бойлуу болсоңуз же эмчек эмизип жатсаңыз;
-12 жашка чейинки балдарда.

Өзгөчө көрсөтмөлөр жана алдын алуу сактык чаралары
Бул препаратты колдонуудан мурун, дарыгериңиз же медайымыңыз менен кеңешиңиз.
Бул дары препаратын булчуңга гана куюп, эч качан кан тамырга сайбаңыз, анткени дарынын курамындагы лидокаин жүрөк аритмиясын пайда кылышы мүмкүн. Кокустан кан тамырга куюлган учурда, тезинен медициналык жардамга кайрылыңыз. Бейтап симптомдордун оордугуна жараша дарыгердин көзөмөлүндө болушу же ооруканага жаткырылышы керек.

Узак мөөнөттүү дарылоодо (6 айдан ашык) нейропатия пайда болушу мүмкүн (кол-буттун уюп калышы, оору жана карышуу менен коштолгон нервдин жабыркашы). Эгерде бул белгилер пайда болсо, дарыгериңизге кайрылыңыз.

Балдар жана өспүрүмдөр
Бул топ бейтаптарда колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча маалыматтардын жоктугунан улам, бул дары препаратын 12 жашка чейинки балдарга колдонууга болбойт.

Башка дары препараттар жана НЕЙРОВИТ дары препараты
Эгерде сиз башка дарыларды колдонуп жатсаңыз, жакында эле колдонгон болсоңуз же колдоно турган болсоңуз, дарыгериңизге же дарыкана кызматкерине айтыңыз.

НЕЙРОВИТ препараты менен төмөнкү дарыларды бирге колдонбоңуз:
- витаминдерди камтыган башка препараттар;
- леводопа (Паркинсон оорусун дарылоодо колдонулуучу препарат);
- изониазид жана циклосерин (кургак учукту дарылоо үчүн препараттар);
- D - пеницилламин (Вилсон оорусун дарылоодо колдонулат);
- адреналин, норадреналин (анафилаксия, жүрөктүн токтоп калышы, септикалык шок жана кан басымынын төмөндөшү үчүн колдонулуучу дары препараты);
- сульфонамиддер (бактериалдык инфекцияларды дарылоо үчүн колдонулган дары препараты).

Кош бойлуулук, эмчек эмизүү жана фертилдүүлүк
Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз же эмчек эмизип жатсаңыз, кош бойлуумун деп ойлосоңуз же кош бойлуулукту пландап жатсаңыз, бул дары препаратын колдонуудан мурун дарыгериңиз менен кеңешиңиз.

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү
Кош бойлуулук жана бала эмизүү учурунда НЕЙРОВИТ препаратын колдонууга каршы көрсөтүлөт.
Бул дары препаратын кош бойлуулук жана эмчек эмизүү учурунда колдонуу боюнча эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. В1, В6 жана В12 витаминдеринин жетишсиздигинин оор учурларында, бул дары препаратын кош бойлуулук жана эмчек эмизүү учурунда колдонуу чечимин дарыгер гана пайда-кооптуулукту кылдат баалоодон кийин кабыл алышы керек.

Фертилдүүлүк
Фертилдүүлүк боюнча маалыматтар жок.

Унаа каражаттарын айдоо жана механизмдер менен иштөө
Дары препараты унаа каражатын айдоо же механизмдер менен иштөө жөндөмүнө таасир этпейт. Өзгөчө алдын алуу сактык чаралары талап кылынбайт.

НЕЙРОВИТ 2 мл (1 ампула) ичинде 1 ммольдон (23 мг) аз натрийди камтыйт, б.а. анын курамында дээрлик натрий жок.

НЕЙРОВИТтин курамында бензил спирти бар (2 мл де 40,0 мг (1 ампулада).
Бензил спирти аллергиялык реакцияны жаратышы мүмкүн.
Көп өлчөмдөгү бензил спиртин этияттык менен, жана өтө зарыл болгон учурда гана колдонуу керек, айрыкча боор же бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда, ошондой эле кош бойлуулук жана эмчек эмизүү учурунда, анткени топтолуу жана уулануу (метаболикалык ацидоз) коркунучу бар.

НЕЙРОВИТ 2 мл де (1 ампулада) 1 ммоль (39 мг) калийди камтыйт, башкача айтканда, анын курамында калий дээрлик жок.
Колдонулушу
3. НЕЙРОВИТ препаратын колдонуу

Бул дары препаратын ар дайым кошумча баракчадагы көрсөтмөгө же дарыгериңиздин, дарыкана кызматкериңиздин же медайымдын сунушуна ылайык ичиңиз. Эгерде күмөн санасаңыз, дарыгериңизге, дарыкана кызматкериңизге же медайым кызматыңызга кайрылыңыз.

Дозалоо режими
Катуу жана курч оору учурларда, натыйжага тез жетүү үчүн:
5-10 күн бою суткасына 1 жолу булчуңга 1 жолу инъекция (2 мл).

Оору синдрому жоголгондон кийин жана оорунун жеңил формаларында:
2-3 жума бою жумасына 2-3 жолу 1 булчуңга инъекция (2 мл).
Медикаментоздук терапиясын жума сайын көзөмөлдөө сунушталат. Пероралдык колдонуу аркылуу кабыл алуучу терапияга өтүү мүмкүн болушунча эртерээк жүргүзүлүшү керек.

Бейтаптардын өзгөчө топтору
Улгайган курактагы бейтаптар
Колдо болгон маалыматтарга таянып, улгайган бейтаптарда сунушталган дозада препаратты колдонууга эч кандай чектөөлөр жок.
Боор функциясы бузулган бейтаптар
Боор функциясы бузулган бейтаптарда дары препаратын кадимки дозада колдонсо болот (2-бөлүмдү караңыз: “НЕЙРОВИТ бензил спиртин камтыйт”.
Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар
Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда дары препаратын кадимки дозада колдонсо болот (2-бөлүмдү караңыз: “НЕЙРОВИТ бензил спиртин камтыйт”.

Балдарда колдонуу
НЕЙРОВИТ препараты 12 жаштан жогорку балдарда колдонулат.
Бул топ бейтаптарда колдонуунун натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча маалыматтардын жоктугунан улам, бул препаратты 12 жашка чейинки балдарга колдонууга болбойт.

Колдонуу ыкмасы
Булчуң ичине куюу үчүн.
Инъекциялар булчуңга терең куюлат.

Кокустан кан тамырга куюу жөнүндө эскертүүлөр
Кан тамырга куюу каршы көрсөтүлгөн. Кокусунан кан тамырга куюлган учурда, тезинен медициналык жардамга кайрылыңыз.

Эгер сиз керектүүдөн көп НЕЙРОВИТ препаратын колдонуп жатсаңыз
Дары препараты дарыгер же медайым тарабынан дайындалып жана берилгендиктен, сиз өтө көп дозада алган болушуңуз күмөн. Бирок, эгер сиз НЕЙРОВИТ препаратын өтө көп кабыл алган болушуңуз мүмкүн деп тынчсызданып жатсаңыз, дароо дарыгериңизге же башка медициналык кызматкерге кайрылыңыз.
Эгерде препараттын чоңураак дозасы берилсе, төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн: баш айлануу, жүрөктүн кагышынын бузулушу, калтыроо.

Эгер сиз НЕЙРОВИТ препаратын колдонууну унутуп калсаңыз
Дарыгериңиз сиздин реакцияңызды жана абалыңызды көзөмөлдөп, кайсы НЕЙРОВИТ дарылоосу зарыл экенин аныктайт. Бирок, эгер сиз дозаны өткөрүп жибергениңизден кооптонуп жатсаңыз, дароо дарыгериңизге же башка медициналык кызматкерге кайрылыңыз.

Эгер сиз НЕЙРОВИТ препаратын колдонууну токтотсоңуз
Дарыгериңиз НЕЙРОВИТ менен дарылоонун узактыгын аныктоо үчүн сиздин реакцияңызды жана абалыңызды көзөмөлдөйт.
Препарат дарыгердин көрсөтмөсү боюнча катуу колдонулат.

Эгерде сизде дары препаратты колдонуу боюнча кошумча суроолор болсо, дарыгериңизге кайрылыңыз.

4. Мүмкүн болгон жагымсыз реакциялар

НЕЙРОВИТ дары препараты терс таасирлерди жаратышы мүмкүн, бирок аларды баары эле сезе бербейт.

Төмөнкү симптомдордун бири пайда болсо, сиз НЕЙРОВИТ препаратын колдонууну токтотуп, дароо дарыгерге кайрылышыңыз керек:
-беттин, тилдин жана/же тамактын шишип кетиши;
-жутуу кыйынчылыгы;
-дем алуу кыйынчылыгы;
-бөрү жатыш, кычышуу.

Башка жагымсыз реакциялар:

Өтө сейрек кездешет (10 000 адамдын 1ине чейин таасир этиши мүмкүн):
-гиперсезгичтик реакциялары (мисалы, бөртмө, дем алуунун кысылышы, шок, ангионевротикалык шишимик) (беттин, тилдин жана кекиртектин шишимиги);
-тахикардия (жүрөктүн тез согушу);
- тердөөнүн кармашы, безетки (бүдүрлөр менен коштолгон сезгенүүчү тери оорусу), кычышуу жана бөрү жатыш менен мүнөздөлгөн тери реакциялары.

Жыштыгы белгисиз (жеткиликтүү маалыматтардан жыштыгын аныктоого мүмкүн эмес):
-препараттын курамындагы бензил спиртине аллергиялык реакциялар;
- тез киргизүү жана топтолуу (кокустан кан тамырга инъекция кылуу, кан менен камсыз болгон ткандарга инъекция жасоо) же ашыкча дозада колдонуу менен системалуу реакциялар болушу мүмкүн. Бул учурда баш айлануу, кусуу, брадикардия, аритмия, баш аламандык жана талма пайда болушу мүмкүн.
-инъекция жасалган жерде ачышуу сезими.

Жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлоо
Эгерде сизде кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болсо, дарыгериңизге же дарыкана кызматкерине кайрылыңыз. Бул кеңеш ушул кошумча баракчада көрсөтүлбөгөндөрдү кошо алганда, бардык мүмкүн болгон жагымсыз реакцияларга тиешелүү.
Ошондой эле, сиз Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагында аныкталган дары каражаттарына болгон жагымсыз реакциялар (аракеттер) жөнүндө маалымат базасына түздөн-түз жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлай аласыз, анын ичинде дары каражаттарынын натыйжасыздыгы жөнүндө билдирүүлөр.
Жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлоо менен, сиз дарынын коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө жардам бересиз.
Шарттары
Беларусь Республикасы
220037, Минск, Товарищеский тар көчөсү, 2а
“Саламаттык сактоо жаатындагы экспертиза жана тестирлөө борбору” УИ
Телефон: +375 (17) 242-00-29
Факс: +375 (17) 242-00-29
Электрондук почта: rcpl@rceth.by
Сайт: https://www.rceth.by

Кыргыз Республикасы
“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти”
Дареги: Кыргыз Республикасы, 720044, Бишкек шаары, 3-линия көч., 25
Телефон: +996 312 21 05 09, (996) 312 21 92 86
Факс: +996 312 21 05 08
Электрондук почта: dlomt@pharm.kg; dd-me@elkat.kg
Сайт: http://pharm.kg

5. НЕЙРОВИТ препаратын сактоо
Жарыктан коргоо үчүн баштапкы таңгагында, 25°C дан ашпаган аба табында сактаңыз.
Муздаткычка салбаңыз.
Балдардын колу жетпеген жана көрбөгөн жерде сактаңыз.
Таңгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонбоңуз.
Жарактуулук мөөнөтү айдын акыркы күнү.
Бул препаратты агын сууга таштабаңыз. Дарыгериңизден бул дары препараты кереги жок болгондо кантип жок кылууну сураңыз. Бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоого жардам берет.

6. Таңгакчанын курамы жана башка маалыматтар

Ар бир ампулада (2 мл) төмөнкүлөр бар:
Таасир берүүчү зат: пиридоксин гидрохлориди (В6 витамини) – 100 мг, тиамин гидрохлориди (В1 витамини) – 100 мг, цианокобаламин (В12 витамини) – 1 мг;
көмөкчү заттар:лидокаин гидрохлориди моногидраты, бензил спирти, калий гексацианоферраты (III), натрий гексаметафосфаты, 10% натрий гидроксидинин эритмеси (рН оңдоо үчүн), 1 М хлордуу суутектүү кислотасынын эритмеси (рН оңдоо үчүн), инъекция үчүн суу.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda