Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Препараттын соодадагы аталышы
Операз

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Цефоперазон

Дарынын түрү
Инъекциялар үчүн эритмени даярдоого порошок.

Курамы
Ар бир флакон төмөнкүлөрдү камтыйт:
Активдүү зат: цефоперазон натрийи — 1,0 г.

Сүрөттөмөсү
Актан ачык күрөң түскө чейинки кристаллдуу порошок.

Фармадарылык тобу
Системалуу колдонуу үчүн микробго каршы препараттар. Системалуу колдонуу үчүн бактерияга каршы препараттар. Бета-лактамдык бактерияга каршы препараттар. Үчүнчү муундагы цефалоспориндер. Цефоперазон.
АТХ коду: J01DA12

Фармакологиялык касиеттериФармакодинамикасы
Парентералдык куюу үчүн III муундагы цефалоспориндүү антибиотик.
Микроорганизмдердин клеткаларынын капталынын синтезделишин бузуу менен бактерициддик таасир этет. Кеңири спектрдүү таасирге ээ.
Грам-оң микроорганизмдерге карата активдүү:
Staphylococcus aureus жана Staphylococcus epidermidis (пенициллиназаны иштеп чыгуучу жана иштеп чыкпаган штаммдар), Streptococcus pneumoniae, Streptococcus pyogenes (А тобундагы бета-гемолитикалык штамм), Streptococcus agalactiae (В тобундагы бета-гемолитикалык штамм), Enterococcus faecalis, Streptococcus spp. башка көптөгөн бета-гемолитикалык штаммдары.
Грам-терс микроорганизмдерге карата активдүү:
Escherichia coli, Klebsiella spp. (анын ичинде Klebsiella pneumoniae), Enterobacter spp., Citrobacter spp., Haemophilus influenzae (бета-лактамазаларды иштеп чыгуучу жана иштеп чыкпаган штаммдар), Proteus mirabilis, Proteus vulgaris, Morganella morganii, Providencia rettgeri (мурда Proteus rettgeri), Providencia spp., Serratia spp. (анын ичинде Serratia marcescens), Salmonella spp., Shigella spp., Pseudomonas aeruginosa көптөгөн штаммдарына жана Pseudomonas башка түрлөрүнө, Acinetobacter spp. айрым штаммдарына, Neisseria gonorrhoeae (бета-лактамазаларды иштеп чыгуучу жана иштеп чыкпаган штаммдар), Neisseria meningitidis, Bordetella pertussis, Yersinia enterocolitica.
Анаэробдук микроорганизмдерге карата активдүү:
Грам-оң жана грам-терс коккторго (анын ичинде Peptococcus, Peptostreptococcus жана Veillonella spp.), грам-оң спора түзүүчү жана спора түзбөөчү анаэробдорго (Clostridium spp., Eubacterium spp., Lactobacillus spp.) жана грам-терс анаэробдорго (Fusobacterium spp., Bacteroides fragilis spp., Prevotella spp. көптөгөн штаммдарына жана Bacteroides spp. башка өкүлдөрүнө) активдүү.
Фармакокинетикасы
Кан плазмасынын белоктору менен байланышуусу — 82–93%.
Булчуңга киргизгенден кийин максималдуу концентрацияга (Cmax) жетүү убактысы — 1–2 саат, кан тамырга киргизгенден кийин — инфузиянын аягында.
Булчуңга 1 г жана 2 г киргизгенден кийин максималдуу концентрациясы (Cmax) тиешелүүлүгүнө жараша 65–75 мкг/мл жана 97 мкг/мл түзөт.
Кан тамырга бир жолу 1, 2, 3 жана 4 г киргизгенден кийин Cmax тиешелүүлүгүнө жараша 153, 252, 340 жана 506 мкг/мл түзөт.
Булчуңга жана кан тамырга 2 г киргизгенден кийин заарадагы Cmax тиешелүүлүгүнө жараша 1000 жана 2200 мкг/млден ашат.
Организмдин ткандарында жана суюктуктарында: перитонеалдык, асциттик суюктукта жана жүлүн-мээ суюктугунда (менингитте), заарада, өттө, өт баштыкчасынын капталдарында, өпкөдө, какырыкта, алкым бездеринде жана синустардын былжыр челинде, жүрөк алдында, бөйрөктөрдө, заара аккычтарда, урук чыктагыч безде, энелик бездерде, жатында, фаллопий түтүктөрүндө, сөөктөрдө, киндик канында жана амниотикалык суюктукта дарылык концентрацияларга жетет.
Бөлүштүрүлүү көлөмү — 0,14–2 л/кг.
Жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили (T1/2) киргизүү ыкмасына карабастан 1,6–2,4 саатты, гемодиализде 2,8–4,2 саатты, жаңы төрөлгөн балдарда жана 2 айдан 11 жашка чейинки балдарда 2,2 саатты түзөт.
Өт аркылуу 70–80%, бөйрөк аркылуу 20–30% өзгөрүлбөгөн түрдө чыгарылат.
Боордун функциясы бузулган жана өт чыгаруу жолдорунун обструкциясы бар бейтаптарда T1/2 3–7 саатты түзөт, заара менен чыгарылышы 90% жана андан ашуун.
Боордун оор бузулуусунда деле өттө дарылык концентрацияларга жетет, ал эми T1/2 2–4 эсеге гана узарат.
Бөйрөк-боор жетишсиздиги бар бейтаптарда препараттын организмде топтолушу мүмкүн.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
  • Жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун бактериялык инфекциялары;
  • Заара чыгаруу жолдорунун бактериялык инфекциялары;
  • Абдоминалдык инфекциялар (перитонит, холецистит, холангит ж.б.);
  • Сепсис;
  • Менингит;
  • Тери жана жумшак ткандардын инфекциялары;
  • Сөөк жана муундардын инфекциялары;
  • Жамбаш органдарынын жугуштуу-сезгенүү оорулары (эндометрит, гонорея жана башка жыныс жолдорунун инфекциялары).
Абдоминалдык, гинекологиялык, кардиоваскулярдык жана ортопедиялык операциялардан кийин жугуштуу татаалдашуулардын алдын алуу.

Каршы көрсөтмөлөр
  • Цефалоспориндерге жана башка бета-лактамдык антибиотиктерге жогорку сезгичтик;
  • Лидокаинге же амиддер тибиндеги башка жергиликтүү анестетиктерге жогорку сезгичтик;
  • Кардиостимулятор коюлбаган жүрөк ичиндеги блокада.

Этияттык менен колдонуу:
Боор-бөйрөк жетишсиздигинде, кош бойлуулукта, эмчек эмизүү мезгилинде, оорунун таржымалында колит болгондо.

Колдонуу жолу жана дозалары
Чоң кишилерге:
Кан тамырга же булчуңга киргизилет.
Суткалык орточо дозасы — 2–4 г, суткасына 2 жолу.
Инфекциялар оор өткөн учурда дозаны суткасына 12 г чейин көбөйтүүгө болот:
  • Ар бир 8 саат сайын 2–4 г;
  • Же ар бир 12 саат сайын 3–6 г.
Дарылоону микроорганизмдердин сезгичтигин изилдөөнүн жыйынтыктарын алганга чейин баштоого болот.
Татаалдашпаган гонококктук уретритте:
Бир жолу булчуңга 500 мг киргизилет.
Операциядан кийинки инфекциялык татаалдашуулардын алдын алуу үчүн:
Кан тамырга 1 г же 2 г операция башталганга чейин 30–60 мүнөт мурда киргизилет, андан кийин ар бир 12 саат сайын кайталанат (көп учурда 24 сааттан ашпаган мезгил ичинде).
Жугуу коркунучу жогору болгон операцияларда (мисалы, колоректалдык операцияларда) же инфекциянын пайда болушу өтө чоң зыян алып келиши мүмкүн болгон учурларда (мисалы, ачык жүрөккө жасалган операцияларда же муундарды протездөөдө) препаратты алдын алуу максатында колдонуу операция аяктагандан кийин 72 саатка чейин улантылышы мүмкүн.
Боор-бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарга:
Суткасына 2 гдан ашык эмес.
Түйдөкчөлүк чыпкалоонун ылдамдыгы 18 мл/мүн төмөн болгон же креатинин деңгээли 3,5 мг/длден жогору болгон бейтаптарга — суткасына 4 гдан ашык эмес.
Эгерде бейтап максималдуу дозаны албаса, обочолонгон боор жетишсиздигинде дозаны азайтуу талап кылынбайт, анткени препараттын бөйрөк аркылуу чыгарылышы компенсациялык түрдө 90%га жана андан жогору көбөйөт.
Балдарга:
Суткалык доза дене салмагынын ар бир килограммына 50–200 мг түзөт.
Доза 2 жолу (ар бир 12 саат сайын) же зарыл болсо, андан көп жолу киргизилет.
Жаңы төрөлгөн балдарга (8 күнгө чейинки) — ар бир 12 саат сайын.
Суткалык доза 300 мг/кг чейин өтө жаш балдарга жана бактериялык менингит коштолгон оор инфекциялары бар балдарга татаалдашуусуз колдонулат.
Кыйыр таасирлери
Аллергиялык реакциялар:
Бөрү жатыш, макуло-папулёздук бөртмө, калтырак басуу, эозинофилия, көп формалуу эритема, залалдуу экссудативдик эритема (Стивенс–Джонсон синдрому), оң Кумбс реакциясы.
Тамак сиңирүү системасы тарабынан:
Көңүл айлануу, кусуу, ич өтүү, мембрана сымал колит.
Кан жаратуу органдары жана гемостаз системасы тарабынан:
Кан кетүүлөр (К витамининин жетишсиздиги).
Лабораториялык көрсөткүчтөр:
Гипопротромбинемия, протромбин убактысынын узарышы, боор трансаминазаларынын жана щелочтук фосфатазанын активдүүлүгүнүн жогорулашы, гиперкреатининемия, аз кандуулук, нейтропения.
Жергиликтүү реакциялар:
Кан тамырга киргизүүдө — флебит.
Булчуңга киргизүүдө — ийне сайылган жердин ооруксунуусу.
Ашыкча дозалоо
Симптомдору:
Кыйыр таасирлердин күчөшү, неврологиялык бузулуулар, өтө жогорку дозаларда тырышуулар менен коштолгон эпилепсиялык талмалар күчөшү мүмкүн.
Дарылоо:
Диазепамды колдонуу менен тынчтандыруучу дарылоо жүргүзүлөт.
Цефоперазон гемодиализ учурунда бөлүнүп чыгарылат.
Башка дары каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү
Фармацевтикалык жактан аминогликозиддер менен шайкеш келбейт.
Цефоперазон жана аминогликозид менен айкалыштырылган дарылоо жүргүзүү зарыл болгон учурда препараттар кан тамырга кезектештирилип, эки башка инфузиялык катетерди колдонуу менен киргизилет.
Этанол менен: дисульфирамга окшош реакциялар пайда болушу мүмкүн.
Кыйыр антикоагулянттар, гепарин жана тромболитиктер гипопротромбинемиянын жана кан кетүүнүн пайда болуу коркунучун жогорулатат.
Аминогликозиддер жана «илмек» диуретиктери нефротоксикалык таасирди күчөтөт, өзгөчө бөйрөк жетишсиздиги бар бейтаптарда.
Бөйрөк түтүкчөлөрүнүн секрециясын төмөндөтүүчү каражаттар кандагы препараттын концентрациясын жогорулатат жана анын организмден чыгарылышын жайлатат.
Өзгөчө көрсөтмөлөр
Препарат башка антибиотиктер менен айкалыштырылган дарылоодо колдонулушу мүмкүн.
Пенициллинге жогорку сезгичтиги бар бейтаптарга препаратты өтө этияттык менен дайындоо керек.
Өт жолдорунун обтурациясында, боордун оор ооруларында же бөйрөктүн функциясынын коштолгон бузулууларында дозалоо режимин өзгөртүү зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн («Колдонуу жолу жана дозалары» бөлүмүн караңыз).
Узак мөөнөттүү колдонуу оорунун козгогучтарынын препаратка туруктуулугунун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.
Препаратты колдонуу мезгилинде Бенедикт же Фелинг эритмелери менен заарадагы глюкозаны аныктоодо жалган оң реакция пайда болушу мүмкүн.
Дарылануу мезгилинде этанолду колдонуудан баш тартуу керек, анткени дисульфирамдын таасирине окшош реакциялар пайда болушу мүмкүн:
  • Бет терисинин кызарышы;
  • Ичте жана ашказан аймагында түйүлүү;
  • Көңүл айлануу;
  • Кусуу;
  • Баш оору;
  • Артериялык басымдын төмөндөшү;
  • Тахикардия;
  • Энтигүү.
Туура эмес же жетишсиз тамактанган, тамак сиңирүүсү бузулган (мисалы, муковисцидоз менен ооруган) бейтаптарда, ошондой эле узак убакыт бою парентералдык тамактандырууда болгон бейтаптарда К витамининин жетишсиздиги пайда болушу мүмкүн.
Мындай бейтаптарда протромбин убактысын көзөмөлдөө керек, зарыл болгон учурда экзогендик К витаминин дайындоо зарыл.
Даярдалган эритмелерди сактоо мөөнөтү:
Бөлмө температурасында — 24 сааттан ашпашы керек.
Муздаткычта 2–8°C температурада — 5 күн.
10–20°C температурада — 3 жума.
Эритмелер айнек жана пластмасса шприцтерде, парентералдык киргизүүгө арналган айнек же пластмасса флакондордо сакталышы керек.
Тоңдурулган препаратты бөлмө температурасында эритүү керек.
Эритмени кайра тоңдурууга болбойт.
Эритилгенден кийин пайдаланылбаган эритме жок кылынышы керек.
Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгилинде колдонуу
Эмчек эмизүү мезгилинде препарат дайындалганда эмчек эмизүүнү токтотуу керек.
Педиатрияда колдонуу
3 айга чейинки балдарга препаратты жашоо үчүн маанилүү көрсөтмөлөр боюнча дайындоо керек.
Препаратты дайындоодон мурун ара төрөлгөн жана жаңы төрөлгөн балдарда бул препарат менен дарылоонун мүмкүн болуучу пайдасын жана коркунучтарын кылдат баалоо зарыл.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлардагы физиологиялык сарык учурунда цефоперазон кан плазмасынын белоктору менен байланышкан билирубинди сүрүп чыгарбайт.
Автоунаа каражаттарын жана потенциалдуу кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Баш оору, көңүл айлануу сыяктуу мүмкүн болгон кыйыр реакцияларды эске алуу менен, автоунаа каражаттарын жана көңүл буруунун жогорку деңгээлин талап кылган башка механизмдерди башкарууда этияттыкты сактоо керек.
Шарттары
Чыгаруу формасы
Инъекция үчүн эритме даярдоого арналган порошок, 1,0 г.
Препарат резина тыгыны жана алынуучу шакеги бар алюминий капкагы менен жабылган флакондо чыгарылат.
Ар бир флакон колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутучага салынат.

Сактоо шарттары
Жарыктан жана нымдуулуктан корголгон, балдар жетпеген жерде, 25°Cден жогору эмес температурада сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл.
Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин препаратты колдонууга болбойт.

Дарыканалардан берүү шарттары
Дарыгердин рецепти боюнча.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси
ПРОТЕКХ БИОСИСТЕМС Пвт. Лтд.
Өндүрүүчү
ПРОТЕКХ БИОСИСТЕМС Пвт. Лтд.
145–146, Пайс Сити-1, Сектор-37, Гургаон, Харьяна штаты, Индия.
Кыргыз Республикасынын аймагында бул дары каражатынын сапаты боюнча керектөөчүлөрдүн арыз-доолорун кабыл алуучу уюм
«Стелло мед» ЖЧК
Бишкек шаары, Арча-Бешик турак жай конушу, Щербет көчөсү, 77.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda