Колдонууга көрсөтмөлөр
Жыл бою жүрүүчү (туруктуу) жана сезондук (үзгүлтүктүү) аллергиялык риниттин симптомдорун дарылоо.
Монтелукастка, левоцетиризинге (пиперазиндин туундуларын кошо алганда), ошондой эле препараттын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик;
Лактаза жетишсиздиги, лактозаны көтөрүмсүздүк, глюкоза-галактоза мальабсорбциясы;
Бөйрөк алсыздыгынын акыркы стадиясында (креатинин клиренси 10 мл/мин төмөн);
15 жашка чейинки балдар курагы (коопсуздук жана натыйжалуулук боюнча маалыматтардын чектелүүлүгүнөн улам);
Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили.
Этияттык менен
Өнөкөт бөйрөк алсыздыгы (дозалоо режимин тууралоо талап кылынат); улгайган курак (түйдөкчөлүү чыпкалоо төмөндөшү мүмкүн); жүлүн жаракаты, эрендик безинин гиперплазиясы менен бейтаптар, ошондой эле зааранын кармалышына башка ыктаган факторлору бар бейтаптар, анткени левоцетиризин зааранын кармалышына алып келүүчү коркунучту жогорулатышы мүмкүн; алкоголь менен бир убакта кабыл алынган учурда («Башка дары каражаттар менен өз ара таасирденүү» бөлүмүн караңыз).
Кош бойлуулук жана бала эмизүү
Кош бойлуулук учурунда препаратты колдонуунун коопсуздугу боюнча жетиштүү жана катуу көзөмөлгө алынган клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.
Кош бойлуулук учурунда препаратты колдонуу каршы көрсөтүлөт.
Монтелукасттын адамдарда эне сүтү менен бөлүнүп чыгышы жөнүндө маалыматтар жок.
Левоцетиризин эне сүтү менен бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, эгерде препаратты бала эмизүү учурунда колдонуу керек болсо, бала эмизүүнү токтотуу сунушталат.
Фертилдүүлүк
Маалымат жок
Колдонуу боюнча сунуштоолор
Тамактанууга карабастан, суу менен ичип кабыл алынат.
Чоңдор жана 15 жаштан улуу балдар: суткасына 1 жолу 1 таблеткадан кабыл алынат.
Боор алсыздыгы бар бейтаптар үчүн дозасын тууралоо талап кылынбайт.
Өнөкөт бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарда жана улгайган курактагы бейтаптарда доза бөйрөк алсыздыгынын даражасына жараша туураланышы керек.
Бөйрөк функциясынын жеңил даражадагы бузулуусу бар бейтаптарга (креатинин клиренси 50-79 мл/мин) дозаны тууралоо талап кылынбайт.
Бөйрөк алсыздыгы орточо болгон бейтаптарда (креатинин клиренси 30дан 49 мл/минге чейин) левоцетиризиндин сунушталган дозасы күн алыс 5 мг (1 таблетка) түзөт.
Бөйрөк алсыздыгы оор болгон бейтаптарда (креатинин клиренси 30 мл/минден аз) левоцетиризиндин сунушталган дозасы 3 күндө 1 жолу 5 мг (1 таблетка) түзөт.
Препаратты кабыл алуунун созулуу узактыгы
Сезондук (үзгүлтүктүү) ринитти дарылоодо (симптомдор жумасына 4 күндөн аз байкалса же 4 жумадан аз убакытка созулса), дарылоонун узактыгы симптомдордун узактыгына жараша болот; дарылоону симптомдор жоголгондо токтотууга жана симптомдор кайра пайда болгондо кайра баштоого болот.
Жыл бою созулган (туруктуу) аллергиялык ринитти дарылоодо (симптомдор жумасына 4 күндөн ашык байкалган жана жалпысынан 4 жумадан ашык созулса), дарылоо аллергендердин таасир берүүсүнүн бүткүл мезгилинде улантылышы мүмкүн.
Препараттын бир дозасын кабыл алууну өткөрүп жиберсеңиз, өткөрүп жиберген дозанын ордун толтуруу үчүн кошумча доза кабыл алууга болбойт; кийинки дозаны кадимки убакта кабыл алуу сунушталат.
Кыйыр таасирлери
Төмөндө келтирилген жагымсыз көрүнүштөр пайда болуу жыштыгы боюнча төмөнкү градацияга ылайык бөлүштүрүлгөн: абдан тез-тез (≥ 1/10), тез-тез (≥ 1/100дөн < 1/10го чейин), көп эмес (≥ 1/1000ден < 1/100гө чейин), сейрек (≥ 1/10000ден < 1/1000ге чейин), өтө сейрек (< 1/10000), жыштыгы белгисиз (жыштыгын бар болгон маалыматтардан улам эсептөө мүмкүн эмес).
Монтелукаст
Кан жана лимфа системасы тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - кан агууга жогорку жакындык, тромбоцитопения.
Иммундук система тарабынан бузулуулар: сейрек - анафилаксияны кошо алганда, жогорку сезгичтик реакциясы, абдан сейрек - боордун эозинофилдик инфильтрациясы.
Психикалык бузулуулар: жыштыгы белгисиз - ажитация, анын ичинде агрессивдүү жүрүм-турум же кастык, тынчсыздануу, депрессия, багытын жоготуу, адаттан тыш түш көрүүлөр, галлюцинациялар, уйкусуздук, кыжырдануу, тынчы жоктук, сомнамбулизм, суициддик ойлор жана жүрүм-турум (суициддик), тремор, көңүл буруунун жана эс тутумдун начарлашы.
Нерв системасы тарабынан бузулуулар: сейрек - баш оору, баш айлануу, уйкучулук; өтө сейрек - карышуулар; жыштыгы белгисиз - парестезия/гипестезия.
Жүрөк тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - жүрөктүн тез согушу.
Дем алуу системасы, көкүрөк клетка органдары жана орто көңдөй тарабынан бузулуулар: сейрек - мурундан кан агуу, жыштыгы белгисиз - жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары, фарингит, жөтөл, синусит, ринорея, Чардж-Стросс синдрому.
Ашказан-ичеги жолу тарабынан бузулуулар: сейрек - зарна, кекирүү, ичтин оорушу; жыштыгы белгисиз - ич өтүү, кусуу, диспепсия, жүрөк айлануу, ич катуу, панкреатит, ооздун кургашы.
Боор жана өт жолдору тарабынан бузулуулар: сейрек - кан сары суусундагы "боор" трансаминазаларынын активдүүлүгүнүн жогорулашы (аланинаминотрансфераза (АЛТ), аспартат аминотрансфераза (АСТ)), өтө сейрек - гепатит (анын ичинде холестатикалык, гепатоцеллюлярдык жана аралаш боор жабыркоолору).
Тери жана тери астындагы ткандар тарабынан бузулуулар: сейрек – териде бөртмө, бөрү жатыш; жыштыгы белгисиз - ангионевротикалык шишимик, экхимоздун пайда болуусу, түйүндүү эритема, көп формадагы эритема, теринин кычышуусу.
Скелет - булчуң жана байланыштуруучу ткандар тарабынан бузулуулар: сейрек - артралгия; жыштыгы белгисиз - миалгия, анын ичинде булчуң карышуулары.
Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдору тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - балдарда энурез.
Жалпы бузулуулар жана дары колдонулган жердин абалы: сейрек - астения (алсыздык)/чарчоо; жыштыгы белгисиз - шишимик, пирексия, суусоо.
Левоцетиризин
Иммундук система тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - анафилактикалык реакцияларды кошо алганда, жогорку сезгичтик реакциялары.
Зат алмашуу жана тамактануу тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - табиттин жогорулашы, дене салмагынын жогорулашы.
Психикалык бузулуулар: тез-тез - баш оору, уйкучулук, чарчоо; көп эмес - астения; жыштыгы белгисиз - тынчсыздануу, агрессия, толкундануу, уйкусуздук, галлюцинациялар, депрессия, суициддик ойлор.
Нерв системасы тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - карышуу, катуу мээ чел кабыгынын синусунуг тромбозу, парестезия, баш айлануу, эсин жоготуу, тремор, дисгевзия (даам сезүүнүн бузулушу).
Көрүүнүн органы тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - көрүүнүн бузулуусу, диплопия, сезгенүү, көрүү кабылдоосунун бүдөмүктөөсү.
Угуу органы тарабынан жана лабиринттик бузулуулар: жыштыгы белгисиз - вертиго.
Жүрөк тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - тахикардия, стенокардия, жүрөктүн кагышын сезүү.
Кан тамырлар тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - күрөө көк тамырдын тромбозу.
Дем алуу системасы, көкүрөк клетка органдары жана орто көңдөй тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - диспноэ, ринит симптомдорунун күчөшү.
Ашказан-ичеги жолу тарабынан бузулуулар: тез-тез - ооздун кургашы; көп эмес - ичтин оорушу; жыштыгы белгисиз - жүрөк айлануу, ич өтүү, кусуу.
Боор жана өт бөлүп чыгаруу жолдору тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - гепатит.
Теринин жана тери астындагы ткандар тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз – ангионевротикалык шишимик, туруктуу дары эритемасы, бөртмө, кычышуу, бөрү жатыш, гипотрихоз, жаракалар, фотосенсибилизация.
Скелет - булчуң жана байланыштуруучу ткандар тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - булчуң оорусу, артралгия.
Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдору тарабынан бузулуулар: жыштыгы белгисиз - дизурия, зааранын кармалышы, тез-тез заара кылуу.
Лабораториялык жана инструменталдык маалыматтар: жыштыгы белгисиз - боордун функцияналдык сынамдарындагы өзгөрүүлөр.
Башкалар: жыштыгы белгисиз - кайчылаш реактивдүүлүк, перифериялык шишимик.
Эгерде нускамада көрсөтүлгөн кандайдыр бир кыйыр таасирлер күчөсө же сиз нускамада көрсөтүлбөгөн башка кыйыр таасирлердин пайда болуусун байкасаңыз, ал тууралуу дарыгериңизге кабарлаңыз.
Ашыкча доза
Препараттын ашыкча дозасы жөнүндө билдирүүлөр болгон эмес. Бирок, препараттын айрым курамдык бөлүктөрүнүн ашыкча дозасы жөнүндө маалыматтар бар.
Монтелукаст
Симптомдору: Эң көп кездешкен жагымсыз көрүнүштөр суусоо сезими, уйкучулук, кусуу, психомотордук козголуу, баш оору жана ичтин оорушу болгон.
Дарылоо: дарылоо симптомдоруна жараша. Монтелукаст менен ашыкча дозаланууну дарылоонун спецификалык ыкмасы жөнүндө маалымат жок. Монтелукастты перитонеалдык диализ же гемодиализ аркылуу бөлүп чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар жок.
Левоцетиризин
Симптомдору: уйкучулук (чоңдордо), андан ары уйкучулукка өтүүчү тынчсыздануу жана толкундануу (балдарда).
Дарылоо: ашказанды жуу, активдештирилген көмүрдү кабыл алуу, симптомдоруна жараша дарылоо сунушталат. Атайын антидот жок. Гемодиализ натыйжалуу эмес.
Башка дары каражаттар менен өз ара таасирденүүсү
Фармакотерапиясынын тобокелдиктерин эсептөө
Монтелукаст
Монтелукастты колко астмасы жана/же аллергиялык риниттин алдын алуу жана узак мөөнөттүү дарылоо үчүн кеңири колдонулган башка дары каражаттар менен бирге дайындоого болот. Монтелукасттын сунушталган дарылоочу дозасы төмөнкү препараттардын фармакокинетикасына клиникалык жактан маанилүү таасир этпейт: теофиллин, преднизон, преднизолон, пероралдык контрацептивдер (этинилэстрадиол/норэтистерон 35/1), терфенадин, дигоксин жана варфарин.
Фенобарбитал менен бир убакта кабыл алууда AUC болжол менен 40% га төмөндөйт; бирок, монтелукасттын дозасын тууралоо талап кылынбайт. Монтелукаст CYP 3A4 изоферменти тарабынан метаболизденгендиктен, монтелукастты CYP 3A4 изоферментин индуцирлөөчү препараттар, мисалы, фенитоин, фенобарбитал жана рифампицин менен бирге дайындалса этияттыкты сактоо керек. Бирок, монтелукасттын дозасын тууралоо талап кылынбайт.
In vitro изилдөөлөрү монтелукаст CYP 2C8 изоферментинин потенциалдуу ингибитору экенин көрсөткөн, бирок монтелукаст менен розиглитазонду камтыган (негизинен CYP2C8 тарабынан метаболизденген медициналык препараттардын мурунку субстратынын өкүлү) препарат-препарат менен өз ара таасирденүүсү клиникалык изилдөөлөрүнүн маалыматтары монтелукасттын дозалары CYP2C8 изоферменттерин in vivo ингибирлебей турганын көрсөткөн. Мындан улам, монтелукаст бул фермент тарабынан метаболизденген препараттардын (мисалы, паклитаксел, розиглитазон жана репаглинид) метаболизмине олуттуу таасир этпейт.
Гемфиброзил (CYP 2C8 жана 2C9 ингибитору) монтелукасттын системалуу таасир этүүсүн 4,4 эсеге жогорулатат. Бирок, гемфиброзилдин монтелукасттын системалуу таасир этүүсүнө тийгизген таасирин 10 мг бекитилген дозадан ашкан дозаларда колдонууда монтелукасттын коопсуздук маалыматтарынын негизинде клиникалык жактан маанилүү деп эсептөөгө болбойт. Ошондуктан, гемфиброзил менен бирге колдонулганда монтелукасттын дозасын тууралоо талап кылынбайт.
CYP3A4 күчтүү ингибитору болгон итраконазолду гемфиброзил жана монтелукаст менен айкалыштырып кабыл алуу монтелукасттын системалуу таасиринин кошумча жогорулашына алып келген эмес.
Левоцетиризин
Рацемат цетиризиндин феназон, псевдоэфедрин, циметидин, кетоконазол, эритромицин, азитромицин, глипизид жана диазепам менен дарылык өз ара таасирденүүсүн изилдөөдө, клиникалык жактан маанилүү жагымсыз өз ара таасирденүүлөр аныкталган эмес.
Теофиллин (400 мг/суткасына) левоцетиризиндин жалпы клиренсин 16% га төмөндөтөт, мында теофиллиндин кинетикасы өзгөрбөйт.
Ритонавирди (суткасына эки жолу 600 мг) жана цетиризинди (суткасына 10 мг) бир убакытта колдонуу менен жүргүзүлгөн изилдөөдө цетиризиндин экспозициясы 40% га жогорулаган, ал эми ритонавирдин экспозициясы бир аз өзгөргөн (-11%).
Макролиддер же кетоконазол менен бир убакта колдонуу ЭКГда олуттуу өзгөрүүлөрдү пайда кылган эмес.
Левоцетиризинди спирт ичимдиктери же борбордук нерв системасына (БНС) басаңдатуучу таасир этүүчү препараттар менен бир убакта колдонгон айрым учурларда, алардын БНСке тийгизген таасири күчөшү мүмкүн, бирок цетиризинрацематы алкогольдун таасирин потенцирлөөсү далилденген эмес.
Өзгөчө көрсөтмөлөр
Монтелукаст
Сейрек учурларда, монтелукастты кошо алганда, колко астмасын дарылоо үчүн препараттарды кабыл алган бейтаптарда, кээде васкулиттин жана Чардж-Стросс синдромунун клиникалык көрүнүштөрү менен коштолгон, системалуу эозинофилия пайда болушу мүмкүн. Бул абал, адатта, системалуу глюкокортикостероиддер менен дарыланат. Мындай учурлар, адатта, бирок дайыма эмес, дозаны азайтуу же пероралдык глюкокортикостероиддерди токтотуу менен байланыштуу. Дарыгерлер бейтаптарда эозинофилия, васкулиттик бөртмө, өпкө симптомдорунун күчөшү, жүрөктүн тарабынан оорлошуулар жана/же нейропатиянын пайда болуу коркунучу жөнүндө билүүсү керек.
Ацетилсалицил кислотасына жана башка стероиддик эмес сезгенүүгө каршы препараттарга (ССКП) тастыкталган аллергиясы бар бейтаптар монтелукаст менен дарылоануу учурунда бул препараттарды кабыл албашы керек, анткени ал аллергиялык бронхиалдык астмасы бар бейтаптарда дем алуу функциясын жакшыртканы менен, ССКП улам пайда болгон бронхоконстрикцияны толугу менен алдын ала албайт.
Монтелукастты кабыл алган бейтаптарда нейропсихиатриялык бузулуулар белгиленген. Бул симптомдор башка факторлордон улам пайда болушу мүмкүн болгондуктан, алардын монтелукастты кабыл алуу менен байланыштуубу белгисиз. Дарыгерлер бул жагымсыз көрүнүштөрдү бейтаптар жана/же алардын ата-энелери/камкорчулары менен талкуулашы керек. Бейтаптарга жана/же алардын ата-энелерине/камкорчуларына мындай симптомдор пайда болгон учурларда, ал тууралуу дарылап жаткан дарыгерине билдирүүсү эскертилиши керек.
Левоцетиризин
Препарат менен дарылоо учурунда этанолду кабыл алуу сунушталбайт.
Унаа каражаттарын, механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири
Препараттын унаа каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Дарылоо мезгилинде автоунаа айдоодо жана көңүл бөлүүнүн жогорку концентрациясын жана психомотордук реакциялардын тездигин талап кылган башка потенциалдуу кооптуу иштер -менен алектенүүдө этият болуу керек, анткени препарат алсыздыкты, уйкучулукту жана баш айланууну пайда кылышы мүмкүн.
Чыгаруу формасы
10 таблеткадан поливинилхлорид пленкасынан жана алюминий фольгасынан жасалган контурлуу уячалуу таңгакчасына салынат.
1 контурлуу уячалуу таңгакча медицинада колдонуу боюнча орус жана мамлекеттик тилдердеги нускамасы менен бирге картон кутучага салынат.