Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Гинобацид

Эл аралык патенттелбеген же токтук аталышы
Метронидазол + Миконазол

Дарынын түрү
Жыныс кынга суппозиторийлер

Курамы
1 суппозиторий төмөнкүлөрдү камтыйт:
Активдүү заттар:
Метронидазол _________________500.00 мг / 750.00 мг
Миконазол нитраты ____________100.00 мг / 200.00 мг
Көмөкчү заттар: витепсол S55.

Сүрөттөмөсү
Чака формасындагы ак түстөгү жыныс кынга пессарийлер.

Фармадарылык тобу: Заара-жыныс системасы жана жыныстык гормондор. Гинекологияда колдонулуучу микробго каршы препараттар жана антисептиктер. Кортикостероиддер менен айкалыштардан сырткары микробго каршы препараттар жана антисептиктер. Имидазол туундулары. Имидазол туундуларынын айкалыштары.
ATX коду: G01AF20

Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы
Жыныс кын ичине колдонуу үчүн мите козу карынга каршы, протозойго каршы жана бактерияга каршы таасири бар айкалышкан препарат.
Миконазол нитраты – имидазолдон алынган мите козу карынга каршы каражат. Көптөгөн мите
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
Жергиликтүү дарылоо:
–кындын кандидозу;
–трихомонаддык вульвовагинит;
–бактериялык вагиноз (ошондой эле спецификалык эмес вагинит, анаэробдук вагиноз же гарднерелла вагинити деп аталат);
–аралаш жыныс кынынын инфекциясы.

Каршы көрсөтмөлөр
-боордун функциясынын оор бузулуусу (анын ичинде порфирия);
-перифериялык нерв системасынын жана БНС оорулары;
-гемопоэздин бузулушу;
-Кош бойлуулуктун I-үч айлыгы;
-14 жашка чейинки бейтаптар;
-Кыздыгы бүтүндүк;
-препараттын курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик.

Дозалоо режими
Препарат 7 күн бою түнкүсүн 1 жыныс кын суппозиторийинен жана эртең менен 1 кын суппозиторийинен дайындалат.
Кайталануучу вагинит же мурунку дарылоого туруктуу вагинит үчүн, 14 күн бою түнкүсүн 1 жыныс кын суппозиторийи жана эртең менен 1 жыныс кын суппозиторийи дайындалат.
Жыныс кын ичине колдонулуучу суппозиторийлерди бир жолу колдонулуучу манжа каптарын колдонуп, кындын ичине терең киргизүү керек.
Препаратты улгайган курактагы бейтаптарга (65 жаштан ашкан) дайындоодо дозалоо режимин өзгөртүү талап кылынбайт.

Кыйыр таасирлери
Жергиликтүү реакциялар: жыныс кындын былжыр челинин ачышуусу, кычышуусу жана дүүлүгүүсү (2-6%). Вагинит учурунда жыныс кындын былжыр челинин сезгенүүсүнөн улам, биринчи суппозиторийин киргизгенден кийин же дарылоонун үчүнчү күнү дүүлүгүү күчөшү мүмкүн. Бул кыйынчылыктар дарылоону токтоткондон кийин тез эле жоголот. Эгерде катуу дүүлүгүү пайда болсо, дарылоону токтотуу керек.
Тамак сиңирүү системасы тарабынан: ичтин толготуу сымал мүнөздөгү оорушу (3%), ооздо металл даамы (1,7%); айрым учурларда - ооздун кургашы, ич катуу, ич өтүү, табиттин жоголушу, жүрөк айлануу, кусуу.
БНС жана перифериялык нерв системасы тарабынан: айрым учурларда - баш оору, баш айлануу, атаксия, психоэмоционалдык бузулуулар, перифериялык нейропатия (препаратты узак мөөнөттүү колдонууда), карышуу.
Аллергиялык реакциялар: айрым учурларда - теридеги бөртмө, бөрү жатыш.
Кан жаратуу системасы тарабынан: айрым учурларда - лейкопения.

Өзгөчө көрсөтмөлөр
Метронидазол кандагы боор ферменттеринин активдүүлүгүнө, ошондой эле гексокиназа ыкмасын колдонуп кандагы глюкозанын курамын аныктоодо гликемия деңгээлине таасир этиши мүмкүн.
Трихомониаз учурунда жыныстык өнөктөштү бир убакта дарылоо сунушталат.
Препаратты контрацептивдик диафрагма же презерватив менен бир убакта колдонгондо, кындын суппозиторийинин негизи резина менен өз ара таасирдениши мүмкүн.

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү учурунда колдонуу
Препаратты кош бойлуулуктун I үч айлыгында дайындоо каршы көрсөтүлөт. Кош бойлуулуктун II жана III үч айлыгында эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн потенциалдуу коркунучтан жогору болгондо гана дайындоого уруксат берилет.
Эгерде препаратты бала эмизүү учурунда дайындоо зарыл болсо, анда метронидазол эне сүтү менен бөлүнүп чыккандыктан, бала эмизүүнү токтотуу керек. Дарылоо аяктагандан кийин 24-48 сааттан соң эмчек эмизүүнү улантууга болот.

Дарылардын өз ара таасирденүүсү
Метронидазолду этанол менен бир убакта колдонгондо, дисульфирам сыяктуу реакциялар пайда болот.
Метронидазолду дисульфирам менен бир убакта колдонгондо, БНС тарабынан бузулуулар (психикалык реакциялар) пайда болушу мүмкүн.
Бир эле учурда колдонулганда, метронидазол кыйыр антикоагулянттардын таасирин күчөтөт.
Литий препараттары менен бир убакта колдонулганда, литийдин уулуулугунун жогорулашы байкалышы мүмкүн.
Метронидазолду фенитоин менен бир убакта колдонгондо, кандагы фенитоиндин деңгээли жогорулайт, ал эми кандагы метронидазолдун деңгээли төмөндөйт.
Фенобарбитал менен бир убакта колдонулганда, метронидазолдун кандагы деңгээлин төмөндөтөт.
Циметидин менен бир убакта колдонулганда, метронидазолдун кандагы деңгээли жогорулашы мүмкүн жана натыйжада неврологиялык кыйыр таасирлердин пайда болуу коркунучу жогорулашы мүмкүн.
Метронидазол жана миконазол астемизол менен терфенадиндин метаболизмин басаңдатат, бул астемизол менен терфенадиндин кан плазмасындагы концентрациясынын жогорулашына алып келет.
Препарат менен бир убакта колдонулганда кан плазмасындагы теофиллиндин жана прокаинамиддин концентрациясы өзгөрүшү мүмкүн.

Ашыкча доза
Симптомдору: Метронидазолдун ашыкча дозасы болгон учурда жүрөк айлануу, кусуу, ичтин оорушу, ич өтүү, кычышуу, ооздо металл даамын пайда болушу, атаксия, баш айланууну, парестезия, карышуу, лейкопения жана зааранын кара түскө боёлушу өнүгүшү мүмкүн; миконазол нитратынын ашыкча дозасы жүрөк айланууну, кусууну, стоматитти, фарингитти, анорексияны, баш ооруну жана ич өтүүнү жаратышы мүмкүн.
Дарылоо: эгерде кокусунан көп өлчөмдөгү препарат ичип кабыл алынган болсо, ашказанды жуу жана симптомдоруна жараша дарылоо жүргүзүлөт.
Шарттары
Сактоо шарттары
Препаратты балдар жетпеген жерде, 25°C дан жогору эмес аба табында сактоо керек. Жарыктан коргоо зарыл.
Таңгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт.

Берүү шарттары
Рецепт боюнча.

Чыгаруу формасы жана таңгакчасы
7 жыныс кынга суппозиторий медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон таңгакчага салынган.

Өндүрүүчү
Meridian Enterprises Pvt. Ltd., Индия
Аймак 418, GDD С, Кабилпур, Навсари — 396424, Гуджарат, Индия.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси
Омникалс Фарма (ПВТ.) Лтд.
Андхери Вест, Мумбай-400053, Индия.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda