Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Велгра

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Силденафил

Дарынын түрү
Жука чел кабык менен капталган таблеткалар, 100 мг

Курамы
Ар бир жука чел кабык менен капталган таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:
Активдүү зат: силденафил цитраты 100 мг силденафилге барабар
Көмөкчү заттар: Дикальций фосфаты, жүгөрү крахмалы, натрий бензоаты, паста үчүн жүгөрү крахмалы, натрий ркахмал гликолаты (Тип А), суусуз коллоиддик кремний диоксиди, тазаланган тальк, магний стеараты

Сүрөттөмөсү
Бир бетинде "100" чегилген жазуусу бар күрөң түстөгү, эки бети томпогой, ромб формасындагы жука чел кабык менен капталган таблеткалар.

Фармадарылык тобу
Урологиялык ооруларды дарылоо үчүн препараттар. Урологиялык ооруларды дарылоо үчүн башка препараттар, анын ичинде спазмолитиктер. Эрекциянын бузулуусун дарылоо үчүн препараттар. Силденафил.
ATX коду: G04BE03

Фармакологиялык таасири
Фармакокинетикасы
Силденафилдин фармакокинетикасы сунушталган дозалар диапазонунда ичип кабыл алынганда дозага көз каранды мүнөзгө ээ.
Сиӊирилүүсү
Ичип кабыл алынгандан кийин силденафил ашказан-ичеги жолунан тез сиңет. Силденафилдин абсолюттук биожеткиликтүүлүгү орто эсеп менен 41%га жакынды (25-63%) түзөт. Ач карынга ичип кабыл алынганда кан плазмасындагы максималдуу концентрацияга (Cmax) 30-120 минуттун ичинде (орто эсеп менен 60 минут) жетет. Майлуу тамактар ​​менен бирге кабыл алынганда сиңирүү ылдамдыгы төмөндөйт; Cmax орточо 29% төмөндөйт, ал эми максималдуу концентрацияга (Tmax) жетүү убактысы 60 минутка узартылат.
Бөлүштүрүү
Теӊ салмактуу абалда силденафилдин таралуу көлөмү орточо эсеп менен 105 л түзөт. Силденафилдин жана анын негизги циркуляциядагы N-деметилденген метаболитинин плазма белоктору менен байланышуусу болжол менен 96% түзөт жана препараттын жалпы концентрациясынан көз каранды эмес. Дозанын 0,0002% дан азы (орточо 188 мг) спермада кабыл алуудан 90 минуттан кийин аныкталган.
Метаболизм
Силденафил негизинен боордо микросомдук P450 цитохромунун CYP3A4 (негизги жолу) жана CYP2C9 изоферменттеринин таасири астында метаболизмге учурайт. Силденафилдин N-деметилденүүсүнүн натыйжасында пайда болгон негизги циркуляциялык активдүү метаболит андан ары метаболизмге какбылат. Кан плазмасындагы метаболиттин концентрациясы силденафилдин концентрациясынын болжол менен 40% түзөт.
Бөлүп чыгаруу
Силденафилдин жалпы организмде клиренси саатына 41 л түзөт, ал эми жарым жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили 3-5 саатты түзөт. Ичип кабыл алынгандан кийин сиденафил метаболиттер түрүндө негизинен заң менен (болжол менен дозанын 80%ы) жана азыраак өлчөмдө заара менен (дозасынын болжол менен 13%) бөлүнүп чыгарылат.
Улгайган бейтаптар
Улгайган бейтаптарда (65 жаш жана андан улуу) силденафилдин клиренси азаят жана плазмада силденафилдин бош концентрациясы жаш бейтаптарга (18-45 жаш) караганда болжол менен 40% жогору.
Бөйрөк алсыздыгы
Жеңил (креатинин клиренси 50-80 мл/мин) жана орточо (креатинин клиренси 30-49 мл/мин) даражадагы бөйрөк алсыздыгынын бузулушунда 50 мг бир жолу ичип кабыл алуудан кийин силденафилдин фармакокинетикасы өзгөрбөйт. Бөйрөктүн оор алсыздыгында (креатинин клиренси £30 мл/мин) креатинин клиренси төмөндөйт, бул фармакокинетикалык ийри сызык астындагы аянттык (AUC) жана Cmax (88%) болжол менен эки эсеге көбөйүшүнө алып келет.
Боор алсыздыгы
Боордун циррозу (Чайлд-Пью А жана В) менен ооруган бейтаптарда силденафилдин клиренси азаят, бул AUC 84%га жана Cmax 47%га жогорулоосуна алып келет.
Фармакодинамикасы
Препараттын активдүү заты - силденафил циклогуанозинмонофосфатынын (цГМФ) - 5-типтеги (ФДЭ-5) өзгөчө фосфодиэстеразанын күчтүү селективдүү ингибитору болуп саналат. Силденафил каверноздук денеге түз релаксациялоочу таасирин тийгизбейт. Силденафил кавероноз денеде цГМФ бузулушу үчүн жооптуу ФДЭ-5 бөгөт коюу менен азот кислотасынын (NO) жөнгө салуучу таасирин күчөтөт. Натыйжада, жылмакай булчуңдардын бошоӊдоосу жана каверноздук денеде кандын агымы көбөйөт.
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
- канаттандырарлык жыныстык катнаш үчүн жетиштүү жыныс мүчөсүнүн эрекциясына жетишүү жана кармап туруу мүмкүн эместиги менен мүнөздөлгөн эркектердин эректильдик дисфункциясын дарылоо.

Колдонуу жолу жана дозасы
Дарыгердин дайындоосу боюнча гана!
Пероралдык колдонуу үчүн. Сунушталган доза 50 мг, зарыл болгон учурда жыныстык катнаштан бир саат мурун кабыл алынат. Натыйжалуулугуна жана көтөрүмдүүлүгүнө жараша, доза 100 мг чейин көбөйтүлүшү же 25 мг чейин азайтылышы мүмкүн. Сунушталган максималдуу дозасы 100 мг. Кабыл алуунун максималдуу сунушталган жыштыгы күнүнө бир жолу болуп саналат. Эгерде силденафил тамак-аш менен кабыл алынса, ач карынга кабыл алуу менен салыштырмалуу активдүүлүктүн башталышы кечеӊдеши мүмкүн.
Улгайган адамдарда колдонуу
Улгайган бейтаптарда дозасын өзгөртүү талап кылынбайт.

Кыйыр таасирлери
Тез-тез
- баш оору, баш айлануу
- хроматопсия (жеӊил жана убактылуу, негизинен түстүү түстөрдү кабыл алуунун өзгөрүшү), көрүүнүн начарлашы
- мурундун бүтүшү
- диспепсия
- кандын шыкалуусу
Сейрек
- миокард инфаркты, дүлөйчөлөрдүн фибрилляциясы
- катуу кармаган мээ кан айлануусунун бузулушу, эсин жоготуу
- дүлөйлүк
- мурундан кан агуу
- гипертония, гипотония
- жогорку сезгичтик реакциялары
- карышуулар, карышуулардын кайталанышы
Абдан сейрек
- тахикардия
- уйкучулук, сезгичтиктин төмөндөшү
- конъюнктиванын бузулушу жана башка көз оорулары
- кулакда шуулдоо
- жүрөк айлануу, кусуу, ооз кургоо
- тери бөртмөсү
- булчуңдардын оорушу
- көкүрөк оорусу, чарчоо
Белгисиз
- карынчалык аритмия, туруксуз стенокардия, капыстан өлүм
- мээ кан айлануусунун убактылуу ишемиялык кармалышы, пароксизм, пароксизмдин кайталанышы
- көрүү нервинин алдыңкы артериялык эмес ишемиялык невропатия, кан тамырлардын кан тамырларынын окклюзиясы
- приапизм, узакка созулган эрекция.

Каршы көрсөтмөлөр
- препараттын активдүү затына же курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик
- жыныстык активдүүлүк сунушталбаган бейтаптар (мисалы, туруксуз стенокардия же оор жүрөк жетишсиздиги учурда)
- бир көзүнүн артериалдык эмес алдыңкы ишемиялык оптикалык нейропатиядан улам көрүүсү начарлаган бейтаптар
- оор боор алсыздыгы
- тукум куума сейрек кездешүүчү галактозаны көтөрө албастык, Лапп лактазасынын жетишсиздиги же глюкоза-галактоза мальабсорбциясы бар бейтаптар
- нитраттар же азот кислотасынын донаторлору менен бирге колдонуу
- аялдарда колдонуу үчүн арналган эмес
- балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр

Этияттык менен:
- жыныс органынын анатомиялык деформациясы (анын ичинде бурчтук, каверноздук фиброз же Пейрони оорусу)
- приапизмдин өнүгүшүнө шарт түзгөн оорулар (мисалы, орок клеткалуу анемия, көп миелома, лейкоз, тромбоцитопения)
- кан агуу менен коштолгон оорулар
- ашказан жара оорусунун күчөшү
- тукум куума пигменттик ретинит
- жүрөк жетишсиздиги
- акыркы 6 айда туруксуз стенокардия, миокард инфаркты, инсульт же өмүргө коркунуч туудурган аритмия
- артериялык гипертензия (артериялык кан басымы (АБ) ˃170/100 мм.рт.ст.) же гипотензия (АБ ˂90/мм.с.б.)

Дарылардын өз ара аракеттенүүсү
Силденафилдин метаболизми негизинен P450 цитохромунун (CYP) 3A4 (негизги жол) жана 2С9 (кичи жол) изоформалары аркылуу ишке ашырылат. Демек, бул изоферменттердин ингибиторлору силденафилдин бөлүнүп чыгуусун төмөндөтүшү мүмкүн.
Силденафил нитраттардын гипотензиялык таасирин акыркыны узак мөөнөттүү колдонууда да, ошондой эле курч көрсөткүчтөр үчүн дайындоодо да күчөтөт. Бул жагынан алганда, силденафилди нитраттар же азот кислотасынын донаторлорлоу менен айкалыштырууга каршы көрсөтүлөт.
Силденафилди CYP3A4 ингибиторлору (мисалы, кетоконазол, эритромицин, циметидин сыяктуу) менен бирге колдонууда силденафилдин бөлүнүп чыгышынын төмөндөшү байкалат. Мындай бейтаптарда жагымсыз реакциялардын өсүшү байкалган эмес. Ошондуктан, силденафилди CYP3A4 ингибиторлору менен бирге колдонууда силденафилдин 25 мг баштапкы дозасы дайындалышы керек.
АИВ протеазасынын ингибитору ритонавирди, жогорку активдүү P450 ингибиторун (күнүнө эки жолу 500 мг) силденафил (100 мг бир жолку доза) менен бирге колдонуу Cmax 300% (4 эсе) жана силденафилдин AUC 1000% (11 эсе) жогорулашына алып келген. Силденафил ритонавирдин фармакокинетикасына таасирин тийгизген эмес. Бул фармакокинетикалык натыйжалардын негизинде, силденафилди ритонавир менен бирге колдонуу сунушталбайт жана кандай болгон күндө да силденафилдин максималдуу дозасы эч кандай шартта 48 саатта 25 мг ашпоого тийиш.
АИВ протеаза ингибитору саквинавирди, CYP3A4 ингибиторун (күнүнө үч жолу 1200 мг) силденафил менен (100 мг бир жолку доза) бирге колдонуу силденафилдин Cmax 140% жана AUC 210% жогорулашына алып келген. Силденафил саквинавирдин фармакокинетикасына таасирин тийгизген эмес. Кетоконазол жана итриконазол сыяктуу күчтүү CYP3A4 ингибиторлору көбүрөөк таасир этет деп күтүлөт.
Силденафилдин бир жолку 100 мг дозасын эритромицин, спецификалык CYP3A4 ингибитору (5 күн бою күнүнө 2 жолу 500 мг) менен бирге колдонгондо, силденафилдин AUC 182% га жогорулаган. Кадимки дени сак эркек ыктыярчыларда азитромициндин (3 күн бою күнүнө 500 мг) силденафилдин же анын айлануудагы негизги метаболитинин AUC, Cmax, Tmax, бөлүп чыгаруу ылдамдыгы константасына же жарым жартылай бөлүп чыгаруу мезгилине тийгизген таасиринин далилдери болгон эмес.
Силденафилди (50 мг) дени сак ыктыярчыларга, цитохром 3450 ингибитору жана спецификалык эмес CYP3A4 ингибитору циметидин (800 мг) менен бирге кабыл алуу, плазмадагы силденафилдин концентрациясынын 56% жогорулоосуна алып келген.
Грейпфрут ширеси CYP3A4 метаболизминин алсыз ингибитору болуп саналат жана силденафилдин плазмадагы концентрациясын бир аз жогорулашы мүмкүн.
Антациддердин бир жолку дозасы (магний гидроксиди/алюминий гидроксиди) силденафилдин биожеткиликтүүлүгүнө таасирин тийгизбейт.
Бардык медициналык препараттар менен өз ара аракеттенүүнүн спецификалык изилдөөлөрү жүргүзүлбөсө да, бириктирилген фармакокинетикалык талдоо силденафилдин фармакокинетикасы конткоминанттык препараттын, башкача айтканда, CYP2C9 ингибиторлору (мисалы, толбутамид, варфарин, фенитоин), CYP2D6 ингибиторлору (серотининдин кайтарымдуу кармоочу селективдүү ингибиторлору, үч циклдүү антидепресанттар), тиазидди байланыштыруучу диуретиктер, илмектүү диуретиктер жана калий сактагыч заара айдоочу диуретиктер, ангиотензин I-конверттөөчү фермент ингибиторлору, кальций каналдарынын блокаторлору, бета-адреноцептордук антагонисттер же метаболизмдин CYP450 факторлорунун индукторлору менен айкалыштырып колдонууда эч кандай өз ара аракеттенүүсүн аныктаган эмес.
Никорандил калий каналынын активатору менен нитраттын гибриди болуп саналат. Алсыз нитрат компоненти болгондуктан, силденафилдин функциясына таасир этет.

Силденафилдин башка дары препараттарга таасири.
Силденафил цитохром P450 - 1A2, 2C9, 2C19, 2D6, 2E1 жана 3A4 (ИК50˃ 150 мкмоль) изоферменттеринин алсыз ингибитору болуп саналат. Силденафилди сунушталган дозаларда кабыл алууда анын Cmax болжол менен 1 мкмольду түзөт, ошондуктан силденафилдин бул изоферменттердин субстраттарынын клиренсине таасир этиши күмөн.
Силденафилдин жана теофиллин же дипиридамол сыяктуу спецификалык эмес фосфодиэстераза ингибиторлорунун өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалыматтар жок.
Силденафилди альфа-блокаторлор менен бир убакта колдонуу кээ бир сезгич бейтаптарда симптоматикалык гипотензияга алып келиши мүмкүн. Бул силденафил кабыл алуу 4 сааттан кийин пайда болушу мүмкүн.
Силденафилди (50 мг) CYP2C9 менен зат алмашкан толбутамид (250 мг) же варфарин (40 мг) менен бирге колдонуу олуттуу өз ара аракеттенүүгө алып келген эмес.
Силденафил (50 мг) кандагы спирттин орточо максималдуу деңгээли 80 мг/дл болгон дени сак ыктыярчыларда алкоголдун гипотензиялык таасирин күчөтпөйт.
Диуретиктер, бета-блокаторлор, AКФ ингибиторлору, ангиотензин II антагонисттери, башка антигипертензиялык дары препараттар (борбордук таасир берүүчү кан тамырды кеӊейтүүчү), адреноблокаторлор, кальций каналдарынын блокаторлору жана альфа-адренергиялык блокаторлор сыяктуу гипертонияга каршы препараттардын топтору менен бирге кабыл алууда, силденафилди кабыл алган бейтаптарда плацебо менен дарылоо алып жаткан бейтаптар менен салыштырмалуу кыйыр таасир профилинде эч кандай айырма байкалган эмес.

Өзгөчө көрсөтмөлөр
Эрекциянын бузулуусун диагностикалоо үчүн, анын мүмкүн болгон себептерин аныктоо жана адекваттуу дарылоону тандоодо, толук медициналык таржымалды чогултуу жана кылдат физикалык текшерүү жүргүзүү зарыл.
Эрекциянын бузулуусун дарылоо үчүн арналган препараттарды жыныстык активдүүлүк жагымсыз болгон эркектерге дайындоого болбойт. Жыныстык активдүүлүк жүрөк оорулары болгон учурда белгилүү бир коркунучту жаратат, ошондуктан эрекциянын бузулуусу үчүн ар кандай терапияны баштоодон мурун жүрөк-кан тамыр системасын текшерүүдөн өтүү керек. Жүрөк жетишсиздиги, туруксуз стенокардия, акыркы 6 айда миокард инфаркты же инсульт, өмүргө коркунуч туудурган аритмия, артериялык гипертензия (АБ>170 мм.рт.ст.) же гипотензия (АБ>90/50 мм.рт.ст.) менен ооруган бейтаптарга жыныстык активдүүлүк жагымсыз болуп саналат.
Силденафил кан басымынын убактылуу төмөндөшүнө алып келген системалуу вазодилатордук таасирге ээ, бул клиникалык жактан маанилүү көрүнүш эмес жана бейтаптардин көпчүлүгүндө эч кандай кесепеттерге алып келбейт. Бирок, силденафилди дайындоо алдында, өзгөчө сексуалдык активдүүлүктүн фонунда тиешелүү оорулары бар бейтаптарда вазодилататордук таасирдин мүмкүн болуучу терс таасиринин тобокелдигин кылдаттык менен баалоо керек. Вазодилататорлорго сезгичтиктин жогорулашы сол карынчанын агып чыгуу жолдорунун тоскоолдугу (анын ичинде аорта стенозу, гипертрофиялык обструктивдүү кардиомиопатия), ошондой эле вегетативдик нерв системасы тарабынан кан басымын жөнгө салуунун оор бузулушу менен көрүнгөн сейрек кездешүүчү көп системалуу атрофиялык синдрому бар бейтаптарда байкалат.
Клиникалык изилдөөлөрдө плацебо алган бейтаптарга салыштырмалуу силденафилди кабыл алган бейтаптарда миокард инфарктысынын (жылына 100 адамга 1,1) же жүрөк-кан тамыр системасынан улам өлүмүнүн (100 кишиге-жылына 0,3) инфаркты боюнча эч кандай айырма аныкталган эмес.
Тукум куучулук ретинит пигментозу менен ооругандардын аз санында торчонун фосфодиэстераза бузулуусу бар. Бул бейтаптарда силденафилди колдонуунун коопсуздугу жөнүндө маалымат жок, ошондуктан бул бейтаптарда силденафил этияттык менен колдонулушу керек.
Бардык ФДЭ5 ингибиторлорун, анын ичинде силденафилди колдонуу менен көрүүнүн начарлашына жана сокурдукка алып келүүчү артериалдык эмес алдыңкы ишемиялык оптикалык нейропатия жөнүндө сейрек билдирүүлөр бар. Бул бейтаптардын көпчүлүгүндө 50 жаштан жогорку курак, кант диабети, гипертония, коронардык артерия оорусу, гиперлипидемия жана тамеки чегүү сыяктуу тобокелдик факторлору болгон. ФДЭ5 колдонуу менен артериалдык эмес алдыңкы ишемиялык оптикалык нейропатиянын өнүгүшүнүн ортосунда себеп-натыйжалык байланышы аныкталган эмес. Дарыгерлер артериалдык эмес алдыңкы ишемиялык оптикалык нейропатия оору таржымалында бар бейтаптарга бул оорунун пайда болуу коркунучу жөнүндө маалымат бериши керек. Көрүү күтүлбөстөн начарлап же жоголуп кетсе, препаратты колдонууну токтотуп, дароо дарыгерге кайрылуу керек.
Силденафилдин эрекциянын бузулуусун дарылоо үчүн арналган башка препараттар менен айкалышта колдонуунун коопсуздугу жана натыйжалуулугу изилденген эмес, ошондуктан мындай айкалыштарды колдонуу сунушталбайт.

Дары каражатынын транспорт каражатын же потенциалдуу кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасиринин өзгөчөлүктөрү
Силденафил препаратын кабыл алуунун фонунда автомобилди же башка техникалык каражаттарды башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген терс таасири байкалган эмес, бирок препаратты кабыл алууда АБ төмөндөшү, хромапсиянын өнүгүшү жана көрүүнүн начарлашынын пайда болушу мүмкүн болгондуктан, бул жагдайларда, айрыкча, дарылоонун башында жана дозалоо режимин өзгөртүүдө, препараттын жеке таасирин кылдаттык менен карап чыгуу керек.

Ашыкча доза
Симптомдору: баш оору, кандын шыкалуусу, баш айлануу, тамак сиңирүүнүн бузулуусу, мурундун бүтүшү, көрүүнүн өзгөрүшү
Дарылоо: симптомдоруна жараша дарылоо. Гемодиализ натыйжалуу эмес.

Чыгаруу формасы жана таңгакчасы
10 таблеткадан поливинилхлориддүү пленкадан жана алюминий фольгадан жасалган контурлуу уячалуу таӊгакчага салынган.
Бир контурлуу уячалуу таӊгакча медицинада колдонуу боюнча мамлекеттик жана орус тилдериндеги нускама менен бирге картон кутуга салынган.
Шарттары
Сактоо шарттары
Кургак, жарыктан корголгон жерде 250С ашпаган аба табында сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактоо зарыл!

Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл
Жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт!

Дарыканадан чыгаруу шарттары:
Рецепт боюнча

Өндүрүүчү:
Akums Drugs & Pharmaceuticals Ltd.
19, 20, 21, Sector-6A, I.O.E., Sidcul, Rainpur,
Haridwar 249403, Индия
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Жок
Айболит
Бар
Лекарь
Жок
Эрай
Жок
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda