Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Рецепт боюнча
Сүрөттөмө
Соодадагы аталышы
Джойклав 228.5

Эл аралык патенттелбеген аталышы
Амоксициллин + клавулон кислотасы

Дарынын түрү
Ичип кабыл алуу үчүн суспензияны даярдоого порошок

Курамы
5 мл суспензия төмөнкүлөрдү камтыйт
Активдүү заттар:
Амоксициллин тригидраты амоксициллинге эквиваленттүү – 200 мг,
Суюлтулган калий клавуланаты клавулан кислотасына эквиваленттүү – 28,5 мг
Көмөкчү заттар: кремний диоксиди (силоид AL-1FP), ксантан чайыры, коллоиддик кремний диоксиди, натрий моноцитраты (суусуз), кургак ваниль (даамын күчөтүүчү), кургак мандарин (даамын күчөтүүчү), аспартам.

Сүрөттөмөсү
Суу менен кайра калыбына келтирүүдө ак же дээрлик ак түстөгү суспензияны бере турган ак же дээрлик ак түстөгү порошок.

Фармадарылык тобу
Системалык колдонуу үчүн бактерияг каршы препараттар. Бета-лактамдык бактерияга каршы препараттар - Пенициллиндер. Пенициллиндер бета-лактамаза ингибиторлору менен айкалышкан. Клавулон кислотасы + амоксициллин.
ATX коду: J01CR02

Фармакологиялык касиеттери
Фармакокинетикасы
Амоксициллин жана клавулан кислотасы организмдин рН чөйрөсүндө суудагы эритмеде толугу менен эрийт. Эки курам бөлүк тең ичип кабыл алынгандан кийин жакшы сиңирилет. Амоксициллин/клавулан кислотасын тамактануу учурунда же тамактануунун башында оптималдуу кабыл алынат. Ичип кабыл алынгандан кийин амоксициллин менен клавулан кислотасынын биожеткиликтүүлүгү болжол менен 70% түзөт. Эки компоненттин плазмадагы препараттын концентрациясынын динамикасы окшош. Сарысуудагы максималдуу концентрацияга кабыл алынгандан 1 сааттан кийин жетет.
Амоксициллин менен клавулан кислотасынын концентрациясы амоксициллин препараттары/клавулан кислотасын айкалыштырып кабыл алууда кандын сары суусундагы деңгээли амоксициллин менен клавулан кислотасынын эквиваленттүү дозасын өз-өзүнчө пероралдык кабыл алууда байкалган деңгээлге окшош.
Болжол менен 25% клавулан кислотасынын жалпы санынын жана амоксициллиндин 18 % кандын плазмасындагы белоктор менен байланышат. Препаратты пероралдык кабыл алуу үчүн таралуу көлөмү болжол менен 0,3-0,4 л/кг амоксициллин жана 0,2 л/кг клавулан кислотасын түзөт.
Кан тамырга киргизүүдөн кийин, амоксициллин да, клавулан кислотасы да өт баштыкчасында, ич көңдөйүнүн клетсаткаларында, териде, майда, булчуң тканында, синовиалдык жана перитонеалдык суюктугунда, өт менен ириңде табылган. Амоксициллин жүлүн суюктугуна начар кирет.
Амоксициллин жана клавулан кислотасы плацента бөгөттөөсү аркылуу өтөт. Эки курам бөлүк тең эмчек сүтүн аркылуу өтөт.
Амоксициллин заара менен жарым-жартылай активдүү эмес пенициллин кислотасы түрүндө баштапкы дозанын 10-25% эквиваленттүү өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Клавулан кислотасы организмде метаболизмге айланат жана заара жана заң менен, ошондой эле дем чыгарган абада көмүр кычкыл газы түрүндө бөлүнүп чыгат.
Амоксициллин/клавулан кислотасынын орточо жарым жартылай бөлүнүү мезгили болжол менен 1 саатты түзөт, ал эми орточо жалпы клиренси болжол менен 25 л/саатты түзөт. Амоксициллин/клавулан кислотасынын таблеткаларын бир жолку дозасын кабыл алгандан кийин алгачкы 6 сааттын ичинде болжол менен 60-70% амоксициллин жана 40-65% клавулан кислотасы өзгөрүүсүз түрдө заара менен бөлүнүп чыгарылат. Ар кандай изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 24 сааттын ичинде амоксициллиндин 50-85% жана клавулан кислотасынын 27-60% заара менен бөлүнүп чыга тургандыгы аныкталган. Клавулан кислотасынын эң көп өлчөмү кабыл алынгандан кийин алгачкы 2 сааттын ичинде бөлүнүп чыгат.
Пробенецидди чогуу бир убакта колдонуу амоксициллиндин бөлүнүп чыгышын жайлатат, бирок бул препарат клавулан кислотасынын бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгышына таасирин тийгизбейт.
Амоксициллиндин жарым жартылай бөлүнүү мезгили 3 айдан 2 жашка чейинки балдарда, ошондой эле улуураак балдарда жана чоңдордо окшош. Улгайган курактагы бейтаптарда бөйрөк функциясынын бузулушуна көбүрөөк дуушар болгондугуна байланыштуу, оорулуулардын бул тобуна препаратты дайындоодо этият болуу керек, бирок, эгерде бул зарыл болсо, бөйрөктүн функциясына мониторинг жүргүзүү керек.
Амоксициллин/клавулан кислотасынын жалпы плазмадагы клиренси бөйрөк функциясынын төмөндөшүнө түз пропорционалдуу төмөндөйт. Амоксициллиндин клиренсинин төмөндөшү клавулан кислотасына караганда көбүрөөк байкалат, анткени амоксициллин көп санда бөйрөк аркылуу бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, бөйрөк алсыздыгы менен ооруган бейтаптарга препаратты дайындоодо амоксициллиндин ашыкча топтолушуна жол бербөө жана клавулан кислотасынын керектүү деңгээлин кармап туруу үчүн дозасын оңдоп тууралоо зарыл.
Боор алсыздыгы менен бейтаптарга препаратты дайындоодо дозаны тандоодо этият болуу жана боордун иштешине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү керек.
Фармакодинамикасы
Амоксициллин – пенициллин тобундагы жарым синтетикалык антибиотик (бета-лактамдык антибиотик), бактериялык клетка дубалынын маанилүү структуралык компоненти болуп саналган пептидогликан биосинтезине катышкан бир же бир нече ферментти (көбүнчө пенициллинди бириктирүүчү белоктор деп аташат) басаңдатат. Пептидогликан синтезинин басаңдатуу клетка капталынын алсызданышына алып келет, ал көбүнчө клетка лизиси жана өлүмү менен коштолот.
Амоксициллин туруктуу бактериялар тарабынан өндүрүлгөн бета-лактамазалар тарабынан жок кылынат, ошондуктан амоксициллиндин активдүүлүк спектрине бул энзимдерди өндүрүүчү микроорганизмдерди камтыбайт.
Клавулан кислотасы пенициллиндер менен түзүмдүк байланыштуу бета-лактам болуп саналат. Кээ бир бета-лактамазаларды басаңдатат, ошону менен амоксициллиндин инактивациясын алдын алат жана анын активдүүлүк спектрин кеңейтет. Клавулан кислотасынын өзү клиникалык жактан маанилүү бактерияга каршы таасирге ээ эмес.
Минималдуу басаңдатуучу концентрациядан (T > MБК) ашууга кеткен убакыт амоксициллиндин натыйжалуулугун аныктоочу негизги детерминант болуп эсептелет.
Амоксициллинге жана клавулан кислотасына туруктуулуктун эки негизги механизми болуп саналат:
-B, C жана D класстарын камтыган клавулан кислотасы менен ингибирленбеген бактериялык бета-лактамазалар менен инактивациялоо.
-пенициллинди байланыштырган протеиндердин өзгөрүшү, бул антибактериалдык каражаттын максаттуу козгогучка жакындыгын азайтат.
Өткөрүлбөгөн бактериялар же эффлюкстук насостун механизмдери (транспорттук системалар) бактериялык туруктуулукту, өзгөчө граммтерс бактерияларды пайда кылат же колдой алат.

Амоксициллин/клавулан кислотасы үчүн Mбк чектөө маанилери микробго каршы сезгичтүүлүктү сыноо боюнча Европа комитети (EUCAST) тарабынан аныкталган.

Штамдар

Сезгичтүүлүк чектери (мкг/мл)

 

Сезичтүү

Орточо туруктуу

Туруктуу

Haemophilus influenzae1

≤ 1

-

>1

Moraxella catarrhalis1

≤ 1

-

>1

Staphylococcus aureus2

≤ 2

-

>2

Коагулаза-терс стафилококктар2

≤ 0.25

 

>0,25

Энтерококк 1

≤ 4

8

>8

Streptococcus A, B, C, G5

≤ 0.25

-

>0,25

Streptococcus pneumoniae3

≤ 0.5

1-2

>2

Enterobacteriaceae5

-

-

>8

Грам-терс анаэробдор1

≤ 4

8

>8

Грам-оң анаэробтар1

≤ 4

8

>8

Конкреттүү байланышсыз чектүү мааниси1

≤ 2

4-8

>8

1Жарыяланган баалуулуктар – амоксициллин концентрациясы үчүн. Сезгичтүүлүктү аныктоо үчүн
клавулан кислотасынын концентрациясы 2 мг/л белгиленген.
2Жарыяланган мааниси оксациллин концентрациясы болуп саналат.
3Таблицадагы контролдук чекиттин маанилери ампициллиндин контролдук чекиттерине негизделген.
4R > 8 мг/л туруктуулуктун текшерүү чекити бардык штаммдар менен туруктуулук механизмдери боюнча туруктуу болушун камсыздайт.
5Таблицадагы контролдук чекиттин маанилери бензилпенициллиндин контролдук чекиттерине негизделген.
Туруктуулуктун таралышы географиялык жана убактылуу тандалган түрлөр үчүн ар кандай болушу мүмкүн жана туруктуулук жөнүндө жергиликтүү маалымат, өзгөчө оор инфекцияларды дарылоодо зарыл.
Сезгичтүү штаммдар
Аэробдук грам-оң микроорганизмдер
Enterococcus faecalis
Gardnerella vaginalis
Staphylococcus aureus (метициллинге сезгичтүү)
Streptococcus agalacticae
Streptococcus pneumoniae
Streptococcus pyogenesжана башка бета-гемолитикалык стрептококктар
Streptococcus viridans тобу
Аэробдук грамм-терс микроорганизмдер
Capnocyptophaga spp.
Eikenella corrodens
Haemophilus influenzae
Moraxella catarrhalis
Pasteurella multocida
Анаэробдук микроорганизмдер
Bacteroides fragilis
Fusobacterium nucleatum
Prevotella spp.
Кабыл алынган туруктуулук көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн болгон штаммдар
Аэробдук грам-оң микроорганизмдер
Enterococcus faecium
Аэробдук грамм-оң микроорганизмдер
Escherichia coli
Klebsiella oxytoca
Klebsiella pneumoniae
Proteus mirabilis
Proteus vulgaris
Туруктуу штаммдар
Аэробдук грамм-терс микроорганизмдер
Acinetobactersp.
Citrobacter freundii
Enterobactersp.
Legionella pneumophila
Morganella morganii
Providencia spp.
Pseudomonas sp.
Serratia sp.
Stenotrophomonas maltophilia
Башка штаммдар
Chlamydophila pneumoniae
Chlamydophila psitacci
Coxiella Buretti
Mycoplasma pneumoniae
Колдонулушу
Колдонууга көрсөтмөлөр
-Препаратка сезгичтүү микроорганизмдерден келип чыккан бактериялык инфекциялар:
-көбүнчө Streptococcus pneumoniae, Haemophilus influenzae*, Moraxella catarrhalis*, Streptococcus pyogenes менен шартталган жогорку дем алуу жолдорунун жана ЛОР органдарынын инфекциялары (мисалы, кайталануучу тонзиллит, синусит, ортоңку отит);
-төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун инфекциялары: көбүнчө Streptococcus pneumoniae, Haemophilus influenzae* жана Moraxella catarrhalis* менен шартталган өнөкөт бронхиттин, үлүштүү пневмониянын жана бронхопневмониянын күчөшү;
-заара жыныс жолдорунун инфекциялары: цистит, уретрит, пиелонефрит, аялдардын жыныс органдарынын инфекциялары, көбүнчө Enterobacteriaceae тукумунун түрлөрү (негизинен Escherichia coli*), Staphylococcus saprophyticus жана Enterococcus тукумунун түрлөрү менен шартталган;
-Neisseria gonorrhoeae* менен шартталган гонорея;
-теринин жана жумшак ткандардын инфекциялары, көбүнчө Staphylococcus aureus*, Streptococcus pyogenes жана Bacteroides* тукумунун түрлөрү менен шартталган;
-сөөктөрдүн жана муундардын инфекциялары (мисалы, остеомиелит, адатта Staphylococcus aureus* менен шартталган); узак мөөнөттүү терапия зарыл болгон учурда.
-* Микроорганизмдердин бул түрүнүн кээ бир өкүлдөрү β-лактамазаны өндүрүп чыгарышат, бул аларды амоксициллинге сезгичтүү эмес кылат.
-Амоксициллинге сезгичтүү микроорганизмдерден келип чыккан инфекцияларды Джойклав 228.5 препараты менен дарыласа болот, анткени амоксициллин анын активдүү ингредиенттеринин бири болуп саналат.
-Джойклав 228.5 препараты ошондой эле амоксициллинге сезгичтүү микроорганизмдер, ошондой эле амоксициллиндин клавулан кислотасы менен айкалышына сезгичтүү β-лактамазаларды өндүргөн микроорганизмдер менен шартталган аралаш инфекцияларды дарылоо үчүн көрсөтүлгөн.
-Бактериялардын амоксициллин менен клавулан кислотасынын айкалышуусунасезгичтүүлүгү аймактык жана убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Мүмкүн болгон учурда жергиликтүү сезгичтүүлүктүн маалыматтарын эске алуу керек. Зарыл болгон учурда микробиологиялык үлгүлөрдү алуу жана бактериологиялык сезгичтүүлүкө анализ жүргүзүү керек.

Колдонуу жолу жана дозалары
Препарат ичип кабыл алынат.
Дозалоо режими бейтаптын жашына, дене салмагына, бөйрөктүн функциясына, ошондой эле инфекциянын оордугуна жараша жекече белгиленет.
Оптималдуу сиңирүү жана мүмкүн болгон тамак сиңирүү систпмасы тарабынан кыйыр натыйжаларын азайтуу үчүн Джойклав 228,5 тамактануунун башында кабыл алуу сунуш кылынат.
Бактерияга каршы дарылоонун минималдуу курсу - 5 күндү түзөт.
Дарылоо клиникалык абалды карап туруп, 14 күндөн ашык улантууга болбойт.
3 айдан 12 жашка чейинки балдар, дене салмагы 40 кг аз
Доза жашына жана дене салмагына жараша эсептелет, суткасына/дене салмагына мг/кг (амоксициллиндин негизинде эсептөө) же суспензия мл менен көрсөтүлөт.
Суспензияны кабыл алуу жыштыгы 200 мг/28.5 мг 5 мл – суткасына/ 2 жолу ар бир 12 саат сайын.
Сунушталган дозалоо режими жана кабыл алуу жыштыгы төмөнкү таблицада келтирилген

Джойклав 228.5 препаратынын дозалоо режиминин таблицасы (амоксициллиндин негизинде дозаны эсептөө)

Дозалоо түрү

Кабыл алуу жыштыгы - 2 жолу/сут

Джойклав 228.5

Төмөнкү дозалар

20 мг/кг/сут

Жогорку дозалар

40 мг/кг/сут

Джойклав 228.5 препаратынын төмөнкү дозалары, адатта, Staphylococcus aureus, Streptococcus pyogenes жана Bacteroides түрлөрү менен шартталган теринин жана жумшак ткандардын инфекцияларын, ошондой эле кайталануучу тонзиллитти дарылоо үчүн колдонулат.
Джойклав 228.5 препаратынын жогорку дозалары ортоңку отит, синусит, төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун жана заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары, сөөк жана муундардын инфекциялары сыяктуу ооруларды дарылоо үчүн колдонулат.
Джойклав 228.5 2 жашка чейинки балдарга 45 мг/кг/суткадан ашык дозада 2 кабыл алууга бөлүнгөн дозада (7:1 суспензия) колдонууну сунуш кылуу үчүн клиникалык маалыматтар жетишсиз.

Төрөлгөндөн баштап 3 айга чейинки балдар
Бөйрөктөрдүн бөлүп чыгаруу функциясы жетиле электигине байланыштуу Джойклав 228.5 препаратынын сунушталган дозасы 7:1 (200 мг/28,5 мг 5 мл) бул популяцияда каршы көрсөтүлгөн.
Убактысынан эрте төрөлгөн балдар
Дозалоо режими боюнча эч кандай сунуштар жок.
Улгайган курактагы бейтаптар
Препараттын дозасын оңдоп тууралоо талап кылынбайт. Бөйрөк функциясынын бузулушу бар улгайган курактагы бейтаптарда бөйрөк функциясынын бузулушу бар чоңдор үчүн дозаны төмөндө көрсөтүлгөндөй кылып оңдоп тууралоо керек.
Бөйрөк функциясы бузулуусу менен бейтаптар
7:1 суспензиясы (200 мг/28,5 мг 5 мл) КК >30 мл/мин бейтаптарда гана колдонулушу керек жана дозасын оңдоп тууралоо талап кылынбайт.
Көпчүлүк учурларда, мүмкүн болушунча, парентералдык дарылоого артыкчылык берүү керек.
Боордун функциясынын бузулушу менен бейтаптар
Дарылоо этияттык менен жүргүзүлөт; боордун функциясына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү. Бейтаптардын бул категориясында дозалоо режимин оңдоп тууралоо үчүн маалыматтар жетишсиз.

Суспензияны даярдоо эрежелери
Суспензия биринчи колдонуунун алдында түздөн түз даярдалат.
Порошок менен флаконду жакшылап чайкоо керек, порошокту жумшартуу үчүн сууну (адегенде 2/3, анан белгиге чейин) эки кабыл алууга кошуп, ар бир жолу жакшылап чайкап туруу керек.

Ар бир колдонуудан мурун флаконду жакшылап чайкалышы керек. Препаратты так дозалоо үчүн өлчөө капкагын колдонуу керек, аны ар бир колдонуудан кийин суу менен жакшылап чайкоо керек. Суюлтулгандан кийин суспензия муздаткычта 7 күндөн ашык эмес сакталышы керек, бирок тоңдурууга болбойт.

Кыйыр таасирлери
Ар кандай кыйыр реакциялардын пайда болуу жыштыгын баалоодо төмөнкү градациялар колдонулган: “абдан тез-тез” –≥1/10, “тез-тез” – ≥ 1/100дөн ≥ 1/10го чейин, “көп эмес” – ≥ 1/ 1000 ден 1/100гө чейин, “сейрек” – ≥ 1/10000ден < 1/1000ге чейин, “абдан сейрек” – < 1/10000, белгисиз (баалоо үчүн колдо болгон маалыматтар жетишсиз).
Абдан тез-тез:
-диарея
Тез-тез:
-кандидоз (тери жана былжырлуу чел)
-жүрөк айлануу3
-кусуу
Көп эмес:
-баш айлануу, баш оору
-тамак сиңирүү
-AСТ жана/же AЛT5 деңгээлин жогорулатуу
-тери бөртмөлөрү7, кычышуу7, бөрү жатыш7
Сейрек:
-убактылуу лейкопения (анын ичинде нейтропения), тромбоцитопения
-мультиформалуу эритема7
Белгисиз:
-сезгичтүү эмес организмдердин өсүшү
-убактылуу агранулоцитоз, гемолитикалык аз кандуулук, кан агуу убактысынын жана протромбиндик убакыттын жогорулоосу1
-ангионевротикалык шишимик10, анафилаксия10, сары суу сыяктуу синдром10, аллергиялык васкулит10
-убактылуу гиперактивдүүлүк, калтырак басуу 2
-антибиотик менен байланышкан колит4, кара “быдырлуу” тил, тиштин түсүнүн өзгөрүшү11
-гепатит6, холестатикалык сарык6
-Стивенс-Джонсон синдрому7, токсикалык эпидермалдык некролиз7, буллездуу эксфолиативдик дерматит7, курч генерализацияланган экзантематоздук пустулоз (AGEP)9
-интерстициалдык нефрит
-кристаллурия8
1Өзгөчө көрсөтмөлөр бөлүмүн караңыз.
2Өзгөчө көрсөтмөлөр бөлүмүн караңыз.
3Жүрөк айнуу чоң дозалардыичип кабыл алууда көбүрөөк кездешет. Тамактануунун башталышында
амоксициллин/клавулан кислотасын кабыл алуу менен ичеги-карын реакцияларыназайтуу мүмкүн.
4Анын ичинде псевдомембраноздук колит жана геморрагиялык колит (Өзгөчө көрсөтмөлөрбөлүмдү караңыз).
5 бета-лактам антибиотиктерди кабыл алган бейтаптарда AСT жана/же AЛT деңгээлинин орточо жогорулоо деңгээли байкалган, бирок бул натыйжалардын мааниси белгисиз.
6Бул татаалдыктар препаратты башка пенициллиндер жана цефалоспориндер менен айкалыштырып колдонууда белгиленген
(Өзгөчө көрсөтмөлөрдү караңыз).
7Эгерде кандайдыр бир жогорку сезгичтүүлүк тери реакциясы пайда болгон учурда, дарылоону токтотуу керек (Өзгөчө көрсөтмөлөрдү караңыз).
Өзгөчө көрсөтмөлөр бөлүмүн караңыз.
9Каршы көрсөтмөлөр бөлүмүн караңыз.
10Өзгөчө көрсөтмөлөр бөлүмүн караңыз.
11Балдардын тиштеринин бетинин түсүнүн өзгөрүшүнүн абдан сейрек учурлары катталган. Ооздун гигиенасын жакшы сактоо мунун алдын алууга жардам берет. Тиштерди тазалоо ооз көңдөйүнөн препаратты жок кылыт.
Каршы көрсөтмөлөр
- пенициллин тобундагы препараттын активдүү курам бөлүктөүнө жогорку сезгичтүүлүк
же дарынын кандайдыр бир жардамчы компоненти
- оору таржымалында башка бета-лактамдык препараттарга жогорку сезгичтүүлүк реакциялары
(мисалы, цефалоспориндер, карбапенемдер же
монобактамдарга)
- оору таржымалында холестатикалык сарык же боор алсыздыгынын башка учурлары (амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуудан улам)
- 3 айга чейинки бала курак
Дарылардын өз ара аракеттенүүсү
Пероралдык антикоагулянттар
Пероралдык антикоагулянттар жана пенициллин тобундагы антибиотиктер өз ара аракеттенүүлөрү жөнүндө маалыматсыз тажрыйбада кеңири колдонулат. Бирок, адабият булактарында амоксициллин менен бирге аценокумарол же варфаринди кабыл алган бейтаптарда эл аралык нормалдаштырылган катыштын жогорулашы белгиленген. Эгерде препаратты чогуу бир эле учурда колдонуу зарыл болсо, амоксициллинди кабыл алууда жана токтотууда протромбиндик убакытка же эл аралык нормалдаштырылган катышка кылдаттык менен мониторинг жүргүзүү керек. Мындан тышкары, пероралдык антикоагулянттардын дозасын өзгөртүү талап кылынышы мүмкүн.
Метотрексат
Пенициллин тобунун препараттар метотрексаттын бөлүнүп чыгышын азайтышы мүмкүн, бул уулуулуктун потенциалдуу жогорулоосуно алып келет.
Пробенецид
Пробенецидди чогуу бир убакта колдонуу сунушталбайт. Пробенецид амоксициллиндин бөйрөк түтүкчөлөрүнүн секрециясын азайтат. Джойклав 228.5 препараты менен чогуу бир убакта колдонуу кандагы амоксициллиндин деңгээлин жогорулатат, бирок клавулан кислотасы эмес.
Аллопуринол жана Джойклав 228.5 препараты менен чогуу бир эле учурда колдонуу аллергиялык реакциялардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Азыркы учурда аллопуринол менен Джойклав 228,5 препараты менен чогуу бир убакта колдонуу боюнча маалыматтар жок.
Микофенолат мофетилди кабыл алган бейтаптарда, препарат менен чогуу бирге колдонулганда Джойклав 228.5 препаратынын баштапкы дозасын дайындоодо микофенол кислотасынын активдүү метаболитинин концентрациясы болжол менен 50% га төмөндөйт. Баштапкы дозанын концентрациясынын деңгээлинин өзгөрүшү микофенол кислотасынын жалпы концентрациясынын өзгөрүшүнө дал келбеши мүмкүн.
Өзгөчө көрсөтмөлөр
Амоксициллин/клавулан кислотасы менен дарылоону баштоодон мурун, бейтаптын пенициллиндерге, цефалоспориндерге же башка бета-лактамдык заттарга жогорку сезгичтүүлүк реакциялары бар-жогун кылдаттык менен баалоо керек.
Пенициллин менен дарыланган бейтаптарда абдан жогорку сезгичтүүлүктүн олуттуу жана кээде өлүмгө алып келген (анафилактикалык) реакциялары кабарланган. Бул реакциялар пенициллинге ашыкча сезгичтүү реакциясы жана оору таржымалында атопия менен адамдарда көбүрөөк кездешет. Эгерде амоксициллинге/клавулан кислотасына аллергиялык реакция пайда болсо, бул препарат менен дарылоону токтотуу керек жана башка альтернативалуу дарылоого өтүңүз.
Инфекция болгон учурда амоксициллинге туруктуу деп табылса, амоксициллиндин ордуна амоксициллин/клавулан кислотасын колдонууну караш керек.
Бета-лактамдык антибиотиктерге туруктуу козгогучтардын жогорку кооптуулугу бар болсо, Джойклав 228.5 колдонууга болбойт. Препаратты пенициллинге туруктуу S. pneumoniae дарылоо үчүн сунушталбайт.
Бөйрөк функциясынын бузулушу жана препараттын жогорку дозасын кабыл алган бейтаптарда калтырак басуу пайда болушу мүмкүн.
Амоксициллин/клавулан кислотасын жугуштуу мононуклеоздо дайындоо мүмкүн эмес, анткени кызамык сыяктуу бөртмөлөр пайда болушу мүмкүн (амоксициллин боюнча).
Амоксициллин менен дарылоо учурунда аллопуринолду чогуу бир убакта колдонуу териде аллергиялык реакциялардын пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатат. Азыркы учурда аллопуринол менен Джойклав 228,5 чогуу бир убакта колдонуу боюнча маалыматтар жок.
Препаратты узак мөөнөттүү колдонуу сезгичтүү эмес микроорганизмдердин ашыкча өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Пустулярдык бөртмөлөр жана калтырак басуу менен жалпыланган эритеманы дарылоонун башталышында пайда болушу курч жалпыланган экзантематоздук пустулоздун өнүгүшүнүн белгиси болушу мүмкүн. Бул реакция пайда болсо, сиз Джойклав 228.5 препаратын колдонууну токтотуу керек жана келечекте амоксициллинди колдонбоңуз.
Препаратты боор алсыздыгы бар бейтаптарга этияттуулук менен дайындоо керек.
Боордун функциясынын бузулушу пайда болгон учурда негизинен эркектерде жана улгайган бейтаптарда катталган жана препаратты узак убакыт бою кабыл алган балдарда өтө сейрек кездешкен. Белгилер жана симптомдор, адатта, дарылоо учурунда же дароо дарылоону баштагандан кийин пайда болот, бирок кээ бир учурларда дарылоону токтоткондон кийин бир нече жумага чейин пайда болушу мүмкүн. Бул симптомдор, адатта, кайра кайтарымдуу болот. Боор тарабынан өрчүүлөр оор жана абдан сейрек учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн. Алар дээрлик ар дайым олуттуу коштоп жүргөн оорулар менен бейтаптарда же боорго таасир этүүчү башка препараттарды кабыл алган бейтаптарда пайда болот.
Антибиотиктер менен байланышкан колитти өнүктүрүү, анын ичинде ар кандай бактерияга каршы препарат үчүн мүнөздүү амоксициллин жана орточо оордуктан өмүргө коркунуч туудурганга чейин өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, кандайдыр бир антибиотиктерди колдонуу учурунда же андан кийин ич өткөк менен ооруган бейтаптарга препаратты дайындоодо бул диагнозду эске алуу маанилүү. Эгерде антибиотиктер менен байланышкан колит пайда болсо, дароо Джойклав 228.5 препаратын колдонууну токтотуу керек. Дарыгер менен кеңешкенден кийин, тиешелүү дарылоо дайындалышы керек. Бул кырдаалда перистальтиканы азайтуучу препараттар менен колдонуу каршы көрсөтүлгөн.
Узак мөөнөттүү дарылоо учурунда орган системаларынын функциясын үзгүлтүксүз баалоо сунушталат, анын ичинде бөйрөк, боор жана гемопоэтикалык функцияларды камтыган, кандын уюшунун керектүү деңгээлин сактоо үчүн пероралдык антикоагулянттардын дозасын оңдоп тууралоо зарыл.
бөйрөк функциясынын бузулушу менен ооруган бейтаптарда, бузулуунун айкындуу деңгээлине жараша дозасын тууралоо талап кылынат.
Төмөндөтүлгөн диурез менен бейтаптарда, кристаллурия абдан сейрек байкалган, негизинен парентералдык дарылоо учурунда. Дарылоо мезгилинде бейтапка кристаллуриянын мүмкүн болушунча өнүгүшүнө жол бербөө үчүн көп суюктук ичүү сунушталат. Алынган маалыматтарга ылайык, амоксициллин табарсык катетеринде (чоң дозаларды кан тамырга түздөн түз киргизүүдө) жайгашат, негизинен бул учурда катетердин ачыктыгына көз салуу керек;
Дарылоо учурунда амоксициллинди кабыл алуу менен заарада глюкозанын бар-жоктугуна анализ жүргүзүүдө ферменттик глюкоза оксидаза ыкмаларын колдонуу керек, анткени ферменттик эмес ыкмаларды колдонууда жалган оң натыйжалар болушу мүмкүн.
Препаратта клавулан кислотасынын болушу иммуноглобулин G менен альбуминдин эритроцит мембраналары менен спецификалык эмес байланышына жана Кумбс сынагынын жалган-оң натыйжаларына алып келиши мүмкүн.
Амоксициллин/клавулан кислотасы менен дарыланган бейтаптарда Bio-Rad Laboratories Platelia Aspergillus EIA оң натыйжалары жөнүндө маалыматтар бар, алар кийинчерээк Aspergillus инфекциясы жок экени аныкталган, бирок non-Aspergillus полисахариддер жана полифураноздорды колдонуу менен кайчылаш реакциялардын далилдери жок. Ошондуктан, амоксициллин/клавулан кислотасын кабыл алган бейтаптарда анализдин оң натыйжалары этияттык менен чечмелениши жана башка диагностикалык ыкмалар менен тастыкталышы керек.
Кош бойлуулук
Жаныбарлар боюнча изилдөөлөр кош бойлуулукка, эмбриондун/ түйүлдүктүн өнүгүүсүнө, төрөткө же төрөттөн кийинки өнүгүүгө түздөн-түз же кыйыр зыяндуу таасирин көрсөтпөйт.
Учурда адамдарда кош бойлуулук учурунда амоксициллин/клавулан кислотасын колдонуу боюнча чектелген маалыматтар бар, бул тубаса кемтиктин пайда болуу коркунучун көрсөтпөйт. Түйүлдүк чел кабыгынын мөөнөтүнөн мурда жарылган аялдарда жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөдө амоксициллин/клавулан кислотасы менен алдын ала дарылоонун жана жаңы төрөлгөн ымыркайда некротикалык энтероколиттин коркунучунун жогорулашынын ортосунда себеп-негиздүү байланыш бар экендиги билдирилген. Кош бойлуулук учурунда препаратты колдонуу сунуш кылынбайт, дарыгер тарабынан белгиленген өзгөчө кырдаалдарда гана мүмкүн;Лактация
Эки активдүү заттар эмчек сүтү менен бөлүнүп чыгат (клавулан кислотасынын эмчек эмизүүгө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар жок). Ошондуктан эмчек эмизүү учурунда диарея жана былжырлуу челдин мите козу карын инфекциясы сыяктуу симптомдор пайда болушу мүмкүн, мындай учурларда эмчек эмизүүнү токтотуу керек. Амоксициллин/клавулан кислотасы эмчек эмизүү учурунда пайда/тобокелдикти дарыгериңиз баалагандан кийин гана колдонулушу керек.
Дары каражатын транспорт каражатын же потенциалдуу кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасиринин өзгөчөлүктөрү
Авто унаа айдоо же техникаларды колдонуу жөндөмүнө таасир этүүчү таасирлерди аныктоо үчүн эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бирок, Джойклав 228.5 аллергиялык реакциялар, калтырак басуу сыяктуу жагымсыз реакцияларды пайда кылышы мүмкүн, бул авто унаа айдоо жана кыймылдуу механизмдерди башкаруу жөндөмүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ашыкча доза
Симптомдору: Ашказан-ичеги симптомдору жана суу-электролит балансынын бузулушу мүмкүн. Амоксициллин кристаллуриясы кээ бир учурларда бөйрөктүн алсыздыгына алып келиши мүмкүн. Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда же препараттын жогорку дозасын кабыл алган бейтаптарда калтырак басуу болушу мүмкүн.
Дарылоо: суу/электролит балансын эске алуу менен симптоматикалык дарылоо.
Амоксициллин/клавулан кислотасын организмден гемодиализ жардамы аркылуу чыгарылышы мүмкүн.
Чыгаруу формасы жана таңгак
Ар бир картон кутуда 60 мл суспензияны даярдоо үчүн кургак порошок жана медицинада колдонуу боюнча нускама бар ченөөчү чөйчөк менен биринчи жолу ачылуусу көзөмөлдөнүү менен полиэтилен капкактары менен жабылган 1 HDPE флакон бар.
Шарттары
Сактоо шарттары
Кургак, жарыктан корголгон жерде, 25°С дан ашпаган аба табында сактоо керек.
Даярдалган суспензияны 2ден 8°Сге чейинки аба табында бекем жабылган флакондо 7 күндөн ашык эмес сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактаңыз!

Жарактуулук мөөнөтү
2 жыл. Даяр болгон суспензияны муздаткычта 7 күндөн ашык эмес сактаңыз.
Таңгагында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонбоңуз.

Дарыканалардан берүүнүн шарттары
Рецепт боюнча

ӨНДҮРҮҮЧҮ:
MALIK LIFESCIENCES PVT. LTD.
PLOT NO.-16 VARDHMAN INDUSTRIAL ESTATE, VILLAGE- BAHADARPUR SAINI N.H.-58, HARIDWAR,
UTTARAKHAN-247667, ИНДИЯ

КАТТОО КҮБӨЛҮГҮНҮН ЭЭСИ:
UNOSOURCE PHARMA LTD
ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕК: UNIT: 503-504, 5TH FLOOR HUBTOWN SOLARIS N.S. PHADKE MARG, ANDHERI
(EAST) MUMBAI – 400 069, ИНДИЯ.
Дарыкана тармактарында бар:
ОШ, Жалалабад, Баткен
Бишкек, Чуй, Талас, Нарын, Ыссык Кол, Ош, Жалалабад
Неман
Бар
Фармамир
Бар
Айболит
Бар
Лекарь
Бар
Эрай
Бар
Медлайф
Бар
Бимед
Бар
Алкор
Бар
Медлайф
Бар
Плазма
Бар
Сонунфармация
Бар
Фармленд
Бар
Фармшоп
Бар
Русфарм
Бар
Дармек
Бар
Аптека Кейджи
Бар
Русай
Бар
Здоровый мир
Бар
Эконур
Бар
Мээр чоп
Бар
Окшош товарлар
ОсОО «Санбиофарм»
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2018-жылдын 31-декабрында берилген фармацевтикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө № 5249 лицензия.
Жарактуулук мөөнөтү — мөөнөтсүз.
Электрондук почта:
Телефон:
Made on
Tilda