Колдонууга көрсөтмөлөр
-Стандарттуу дарылоого кошумча катары туруксуз стенокардияны симптомдоруна жараша дарылоо, вазоспастикалык стенокардия үчүн узак мөөнөттүү дарылоо (Принцметал стенокардиясы);
-ар кандай этиологиядагы катуу кармаган сол карынча жүрөк жетишсиздиги (сол карынчанын функциясынын бузулуусу менен жүрөк булчуңунун алсыздыгы);
- курч миокард инфаркты.
Карты көрсөтмөлөр
-изосорбид динитратына, башка нитрат кошулмаларына же препараттын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик;
-курч кан айлануу жетишсиздиги (шок, коллапс);
-кардиогендик шок (тиешелүү чаралардын натыйжасында сол карынчанын акыркы диастоликалык басымы жетиштүү деңгээлде сакталбаса);
-гипертрофиялык обструктивдүү кардиомиопатия;
-конструктивдүү перикардит;
-жүрөк тампонадасы;
-оор артериялык гипотензия (систоликалык артериялык басымы 90 мм рт.ст. томен);
-оор гиповолемия;
-оор аз кандуулук;
-препарат фосфодиэстераза-5 ингибиторлору (мисалы, силденафил, варденафил, тадалафил) менен дарылоо учурунда колдонулбашы керек. «Колдонуунун өзгөчөлүктөрү» жана «Башка дары каражаттары менен оз ара таасири жана оз ара таасирдин башка түрлөрү» бөлүмдөрүн караңыз;
-нитраттар менен дарылоо учурунда эрүүчү гуанилатциклаза стимулятору, риоцигуат колдонулбашы керек («Башка дары каражаттары менен ез ара таасири жана ез ара таасирдин башка түрлөрү» бөлүмүн караңыз);
-геморрагиялык инсульт;
-баш тертинүүсү;
-баш соек ички басымдын жогорулашы менен коштолгон оорулар (бирок, ушул убакка чейин, глицерин тринитратын жогорку дозасын куюгандан кийин гана баш соек ички басымдын кошумча жогорулашы байкалган);
-аорта жана/же митралдык стеноз;
-глаукома;
-гипотермия.
Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана өз ара таасирдин башка түрлөрү Артериялык басымын төмөндөтүүчү башка дары каражаттар менен, мисалы, вазодилаторлор, гипертензияга карты препараттар (бета-блокаторлор, диуретиктер, кальций каналдарынын бөгөттөгүчтөрү, аденозинди айландыруучу ферменттин (АСЕ) ингибиторлору), нейролептиктер же үчциклдүү антидепрессанттар жана этанол, гипотензиялык натыйжа менен бир убакта колдонууда препаратты көлөмү көбөйүшү мүмкүн. АПФ ингибиторлору, фенотиазиндер, башка нитраттар/нитриттер, хинидин, новокаинамид, моноаминоксид аза (МАО) ингибиторлору, наркотикалык анальгетиктер - изосорбид динитратынын гипотензиялык таасирин күчөтөт, ортостатикалык коллапс пайда болушу мүмкүн.
Фосфодиэстераза ингибиторлору (мисалы, силденафил, варденафил, тадалафил менен) менен бир убакта коштоп колдонулганда препараттын гипотензиялык таасири күчөйт («Карты керсетмелер» жана «Колдонуунун өзгөчөлүктөрү» бөлүмдөрүн карацыз). Бул өмүргө коркунуч туудурган жүрөк-кан тамыр ооруларына алый келиши мүмкүн. Изосорбид динитрат менен дарылоо алган бейтаптар фосфодиэстераза ингибиторлорун (мисалы, силденафил, варденафил, тадалафил) колдонбошу керек.
ИЗО-МИКти гуанилатциклазанын эрүүчү жөнгө салгычы болгон риоцигуатор менен бирге колдонууга каршы көрсөтүлөт («Каршы көрсөтмөлөр» бөлүмүн караңыз), анткени бул кеаражаттарды бир убакта коштоп колдонуу артериялык гипотензияга алып келиши мүмкүн. Жакында фосфодиэстераза ингибиторлору (мисалы, силденафил, варденафил, тадалафил) менен дарылоо алган бейтаптар курч абалды дарылоо үчүн изосорбид динитратты колдонбошу керек. Кандагы дигидроэрготаминдин концентрациясынын жогорулашын жана аны препарат менен бирге кабыл алууда анын таасиринин жогорулашын көрсөткөн кабарлар бар.
Сапроптерин (тетрагидробиоптерин, ВН4) азот оксидинин синтетазасынын кофактору болуп саналат. Сапроптеринди камтыган препараттар ар кандай вазодилаторлор менен бир убакта этияттуулукту сактап колдонулат, алардын таасир берүү механизми азот оксидинин зат алмашуусуна таасир берүүсү менен байланышкан же алар ошондой эле, азот кислотасынын классикалык донорлору (анын ичинде нитроглицерин, изосорбид динитрат, изосорбид мононитрат жана башкалар) болуп саналат.
Норадреналиндин, ацетилхолиндин, гистаминдин таасири нитраттар менен бирге колдонулганда начарлайт, анткени изосорбид динитрат алардын физиологиялык антагонисти боло алат.
Колдонуунун өзгөчөлүктөрү
Препарат төмөнкү учурларда ото этияттык менен жана дайыма медициналык козомол астында дайындалышы керек:
-томен толтуруу басымы, атап айтканда, курч миокард инфарктында, сол карынчанын функциясынын бузулуусунда (сол карынчанын жетишсиздиги). систоликалык артериялык басымынын 90 мм рт. ст. темен төмөндөшүнө жол бербее керек;
-ортостатикалык дисфункция;
-туура эмес тамактануу;
-гипотиреоз;
-боордун, бөйрөктүн жана жүрөктүн функциясынын куракка байланыштуу өзгөрүүлөр, коштолгон оорулар жана улгайган бейтаптар башка препараттарды кабыл алган учурда;
-епке оорусу же жүрөктүн ишемиялык оорусу менен байланышкан гипоксемия жана желдетүү- перфузиялык дисбаланс.
Препароатты инфузиялоо үчүн полиэтиленден, полипропиленден же политетрафторэтиленден жасалган системалар колдонулушу мүмкүн. Поливинилхлоридден же полиуретандан жасалган инфузиялык системаларды колдонуу адсорбция аркылуу активдүү заттын жоголушуна алып келет. Аларды колдонуу зарыл болсо, препараттын дозасын көбөйтүү керек.
Препарат изосорбид динитратынын ашыкча каныккан эритмеси болгондуктан, кээде суюлтулбаган препаратты колдонууда кристаллдык чөкмө пайда болушу мүмкүн. Кристаллдар болгон учурда, анын натыйжалуулугу өзгөрбөсө да, эритмени колдонбоо коопсузураак.
Толеранттуулуктун өнүгүшү (натыйжалуулукту төмөндөтүү), ошондой эле нитрат классынын башка препараттарына кайчылаш толеранттуулуктун (нитраттарга тиешелүү башка дары каражаттар менен алдын ала дарылоодо натыйжанын төмөндөшү) сүрөттөлгөн. Натыйжанын төмөндөшүн же жок болушунун алдын алуу үчүн, препаратты жогорку дозаларда узак мөөнөттүү колдонуудан алые болуу керек.
Изосорбид динитрат менен колдоо көрсөтүүчү дарылоону алып жаткан бейтаптар фосфодиэстераза ингибиторлорун камтыган препараттарды (мисалы, силденафил, тадалафил, варденафил) колдонбошу керектиги жөнүндө маалымдалышы керек. Фосфодиэстераза ингибиторлорун камтыган препараттарды (мисалы, силденафил, тадалафил, варденафил) кабыл алуу үчүн изосорбид динитрат менен дарылоону үзгүлтүккө учуратпоо керек, анткени бул стенокардия оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат («Карты корсотмолор» жана «Башка дары каражаттар менен оз ара таасирденүүсү жана оз ара таасирденүүнүн башка түрлөрү» бөлүмдөрүн караңыз).
Жакында эле фосфодиэстераза ингибиторлорун (мисалы, силденафил, тадалафил, варденафил) кабыл алган бейтаптарга изосорбид динитрат менен шашылыш дарылоо алууга болбойт.
Изосорбид динитратын шашылыш дарылоо катары кабыл алый жаткан бейтаптарга фосфодиэстераза ингибиторлорун камтыган препараттарды (мисалы, силденафил, тадалафил, варденафил) колдонуунун коркунучу жөнүндө эскертүү керек («Карты корсотмолор» жана «Башка дары каражаттары менен оз ара таасири жана оз ара таасирдин башка түрлөрү» бөлүмдөрүн караңыз).
Бейтаптар изосорбид динитраттын ангинага карты таасири анын дозалоо режимы менен тыгыз байланышта экенин эскертиш керек, ошондуктан сунушталган дозалоо графигин кылдаттык менен сактоо керек. Артериялык гипотензияны жана "нитраттык" баш ооруну алдын алуу үчүн дарылоону минималдуу дозадан баштоо керек. Препарат менен дарылоо ортостатикалык реакциялардын өнүгүшүнө алый келиши мүмкүн, алар коп учурда спирт ичимдиктерин же вазодилаторлорду бир убакта колдонуу менен пайда болот. Глюкоза-6-фосфатдегидрогеназанын жетишсиздиги менен ооругандар изосорбид динитратын колдонууда курч гемолиз (фавизм) пайда болушу мүмкүн. Изосорбид динитраттын кабыл алынышы холестеролду колориметрдик аныктоонун натыйжаларына таасир этиши мүмкүн. Препаратты дозасын акырындык менен азайтуу менен токтотуу керек.
ИЗО-МИК 1 мл де 0,15 ммоль (3,54 мг) натрийди камтыйт, ошондуктан изосорбид динитратын колдонгон бейтаптар тамак-аштагы натрийдин камтылуусун көзөмөлдөшү керек.
Инфузиялык түтүктү перфузордун ийнеси алмаштырылган бардык убакта алмаштыруу керек.
Кош боилуулук же бала эмизүү мезгилинде колдонуу.
Карты көрсөтүлгөн.
Фертилдуулук,
ИЗО-МИК препаратынын адамдын фертилдүүлүгүнө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар жок.
Авто унаа же башка механизмдерди башкарууда реакциянын ылдамдыгына таасир этүү жөндөмдүүлүгү.
Дарылоо мезгилинде унаа каражаттарын айдоо жана башка потенциалдуу кооптуу иштер менен алектенүү сунушталбайт, анткени изосорбид динитратын үзгүлтүксүз колдонуу концентрацияны жана психомотордук реакциялардын ылдамдыгын томондотот. Бул таасир алкоголь менен күчөтүлөт.
Колдонуу жолу жана дозалар
Препарат интенсивдүү дарылоо үчүн кок кан тамыр ичине чоцдордо стационар шартында ооруканада гана колдонулат!
Доза клиникалык жана гемодинамикалык параметрлерге туруктуу мониторинг жүргүзүү менен клиникалык көрүнүштү жана бейтаптын абалын эске алуу менен жекече аныкталат.
Кок кан тамыр ичине тамчылатып, Дарылоо 1-2 мг/саат дозасынан башталат, акырындык менен аны оптималдуу дарылык таасирди камсыз кылуу үчүн зарыл болгон децгээлге жеткирет. Максималдуу дозасы, адатта, 8-10 мг / сааттан ашпайт, бирок жүрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн, бул доза 10-50 мг / саатка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Мурда изосорбид динитрат же изосорбид-5-мононитрат сыяктуу органикалык нитрат кошулмалары менен дарылоо алган бейтаптар үчүн керектүү гемодинамикалык натыйжага жетүү үчүн препараттын жогорку дозалары талап кылынышы мүмкүн.
Улгайган курактагы бейтаптар.
Улгайган курактагы бейтаптарда дозасын тууралоо зарылдыгы жөнүндө маалыматтар жок.
Педиатриялык популяция.
Балдарда изосорбид динитраттын коопсуздугу жана натыйжалуулугу азырынча аныктала элек. Колдонуу жолу.
0,1% препараттын эритмеси:
-мурда суюлтулган, автоматтык инфузиялык системаларды колдонуу менен үзгүлтүксүз инфузия түрүндө;
-суюлтулган эмес жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрүн туруктуу мониторинг жүргүзүү менен ооруканада, шприц-помпасынын жардамы менен. Ооруга жана анын оордугуна жараша кадимки текшерүүгө кошумча катары (симптомдору: артериялык басымы, жүрөктүн жыйрылуусунун жыштыгы, диурез) гемодинамиканы аныктоо үчүн инвазивдик ыкмаларды колдонушат. Ампулаларды түздөн түз колдонуунун алдында асептикалык шарттарда ачуу керек. Суюлтулган эритмени дароо колдонуу керек.
-Суюлтулган эритмелерди колдонуу
Ар кандай концентрациядагы эритмелерди даярдоо:
0,1 мг/мл (0,01%): 50 мл препараттан (10 мл 5 ампула) 500 мл коломго чейин төмөндөгү эритмелердин бирин.
0,2 мг/мл (0,02%) 100 мл препараттан (10 мл 10 ампула) 500 мл коломго чейин төмөндөгү эритмелердин бирин алуу үчүн.
Эритуу үчүн эритмелер: физиологиялык эритме, 5-30% глюкоза эритмеси, Рингер эритмеси, альбумин камтыган эритмелер.
Суюлтулган эритмелердин дозалары (1 мл эритме 20 тамчыга барабар):